ЖАМК: Текебаев 2020-жылдын февралында жатак абагына чыгат

Өмүрбек Текебаев учурда №47 абакта жазаа өтөө мөөнөтүн өтөп жатат Сүрөттүн автордук укугу PHOTO BY NEZIR ALIYEV/ANADOLU AGENCY/GETTY IMAGES
Image caption Өмүрбек Текебаев учурда №47 абакта жазаа өтөө мөөнөтүн өтөп жатат

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев 2020-жылдын февраль айында жатак абагына чыгат деп Би-Би-Сиге билдирди. Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери быйыл 20-мартта жатак абакка которуларын декабрда жарыя кылган.

Бүгүн өткөн басма сөз жыйынында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшенбиев Өмүрбек Текебаевдин жатак абакка которулуу мөөнөтүн журналисттерге тактады:

"Ал кишинин (ред. Текебаевдин) ишин жаңы кодекс менен караганда деле жатак абакка чыгуу мөөнөтү эмдиги жылга туура келет. 2020-жылы 10-февралда чыгат. Жатак абакка чыкканда мыйзам боюнча карантинде болот. Андан кийин жатак абагынын администрациясынын чечимине ылайык, ал иши келишим менен үйүнө чыгарылат. Бирок жумасына бир жолу тийиштүү маалда келип, катталып турушу керек".

Ал эми ЖАМКтын өкүмдөрдү аткаруу жана атайы эсеп бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Термечиков эски Жазык кодекси менен Текебаевге коюлган айыптын жаза өтөө мөөнөтү сегиз жылдан 15 жылга чейин деп чегерилип келген болсо, жаңы кодекс боюнча 10-12 жыл деп белгиленгенин билдирди.

Сотко сунуш

Термечиков Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 350 адамдын ишин кайра карап чыгуу боюнча сотко сунуштама келтирип жатканын, анын ичинде абактагы "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебавдин иши да бар экенин ачыктады:

"Эски жана жаңы Жазык кодексинин ортосунда айырмачылыктар бар. ЖАМК жаңы кирген мыйзамдарды колдонууга киргизүү боюнча эркиндигинен ажыратылып, соттолгондордун өздүк иштерин сотко сунуштап жатабыз. Алардын кылмыш иштери соттордун чечими менен кайра каралып чыгышы керек. Анын ичинде Текебаевдин иши да каралышы керек".

Ошентип "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев качан жатак абакка которулары талаш жаратууда. Анын жактоочулары саясатчынын тергөө абагында өткөргөн күндөрүн эске алып, Текебаев быйыл 20-мартта жатак абакка чыгышы керектигин айтып жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев коррупция үчүн айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган

Өмүрбек Текебаев декабрда 60 жашка толгонун куттуктаганы келген саясатчылар алдына чыгып сүйлөп, эки айдан кийин жатак абакка чыгарын айткан:

"Мен беш жыл, эки ай отурдум. Ал жерде эсептөөнүн өзгөчө ыкмасы бар. Ошону менен эсептеп отурабыз. Мен эки айдан кийин жатак абакка чыгам. Дагы бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыгам. Мен кармалгандан баштап убактылуу кармоочу жайда болдум, бардык баскычты өтүп келатам. Эртеби-кечпи чыгам".

Эсептин эби келбей

"Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү буга чейин Жаза аткаруу кызматынан Текебаевге байланыштуу маалыматын күтүп, эгер эсептөөлөрү дал келбей калса, өз эсептөөлөрүн юридикалык жактан негиздеп берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Саясий уюмдун юристтери ЖАМКтын бүгүнкү билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере албашын, бирок жакында жооп болорун айтышты.

Ал эми парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин жатак абакка чыгуу мөөнөтү эмнеге талашка түшүп жатканын деп түшүндүрдү:

"Мисалы, сегиз жыл дейли. 1,5 жылы СИЗОдо өттү. Бир жыл түрмөдө отурду. Тергөө абагында отурганда бир күн эки күн болуп эсептелет деген жагдайлар бар. Анан мунапыс колдонулат деген эсеп бар. Мунапысты ошол сегиз жылдан эсептейби же калган беш жылдан эсептейби? Биз мунапысты сегиз жылдан эсептеп атабыз, булар беш жылдан эсептеп атышат ".

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов

Юристтер жаңы Жазык кодекси менен жазанын санкциялары кыскарганда жаза мөөнөтү сөзсүз түрдө кайрадан эсептелинип чыгарын, соттолгон адамдын акыбалы жаңы мыйзамдар менен жеңилдеп атса, анда жазанын артка кетүүчү күчү бар деп жатышат.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаев "Альфа-Телеком" компаниясынын акцияларын алып берүүнү убада кылып, орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, 2017-жылдын февраль айынын аягында камакка алынган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир миллион доллар пара алуу иши боюнча Текебаевди күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган.

Соттук жараяндын жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, аны жалаа жана саясий куугунтук деп билдирген.

Текебаевдин иши кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда, андан соң Жогорку сотто да каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган.

Тема боюнча башка макалалар