Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясындагы урунттуу өзгөртүүлөр

Кыргыз бийлиги кийинки шайлоо циклине жаңы мыйзамдар менен барууга камданууда Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO
Image caption Кыргыз бийлиги кийинки шайлоо циклине жаңы мыйзамдар менен барууга камданууда

Кыргыз бийлиги кийинки шайлоо циклине жаңы мыйзамдар менен барууга камданууда. 2020-жылы өтө турган парламенттик жана 2023-жылы өтө турган президенттик шайлоолор жаңы эрежелер менен өтөт. Шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүлчү урунттуу учурлар менен тааныштырабыз.

Долбоор жакында Жогорку Кеңешке талкууга коюлуп, дагы өзгөртүүлөргө дуушар болушу мүмкүн.

Президенттин сайтында жайгашкан Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы өзүнө башкы беш максатты камтыйт:

Шайлоого аялдардын, жаштардын, этникалык азчылык өкүлдөрүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын толук катышуусун камсыздоо; таза жана атаандаштык шайлоолорду камсыздоочу механизмдерди өркүндөтүү; парламенттик үлгүдөгү саясий партияларды өнүктүрүү; шайлоо мыйзамдарындагы бузууларды алдын алуучу механизмдерди эффективдештирүү жана шайлоо өткөрүүнү жакшыртуу.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн баш-аягы жети шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип жатат:

  • "КР президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу";
  • "КРде референдум өткөрүү тууралуу" конституциялык мыйзамы;
  • "КРдеги шайлоо комиссиялары жана референдум өткөрүү тууралуу";
  • "Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу";
  • "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу тууралуу";
  • "Борбор калаа макамы тууралуу";
  • Ош шаарынын макамы тууралуу";

"Реформа эмес, жакшыртуу"

Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкө башчысы катары алгачкы демилгелеринин бири - шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы болду.

Башында бул демилге менен шайлоо мыйзамдары толук реформаланат деп кабыл алынган. Бирок долбоорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ "бул реформа эмес, азыр иштеп жаткан мыйзамдарды жакшыртуу гана максатын" көздөрүн ишендирген.

"Шайлоо усулдары өзгөрбөйт, кардиналдуу өзгөрүү болбойт. Бирок шайлоо процессинде болуп жаткан кемчиликтерди жоюу гана максатын коюп атабыз", - дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Чынында ошондойбу? Стратегияга көз чаптырып көрсөк.

Шайлоочулар тизмеси такталат

Шайлоочулардын айрым категориялары шайлоодон сырт калып жаткандыгы стратегияда эң башкы маселе катары каралып жатат. Айталы, 2017-жылы өткөн шайлоодо өлкөлдөгү добуш берүүчүлөрдүн саны 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодон дээрлик 10%га өскөн.

Эки шайлоо аралыгында добуш берүүчүлөрдүн саны 264 миң 473кө өскөнү такталды.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова

Шайлоочулар тизмесин тактоо, аны түзүү милдети Каттоо кызматынан БШКга өткөрүү сунушталып жатат.

Ошондой эле жумушчу топ өлкөдөгү шайлоо участкаларынын үчтөн биринде гана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге пандустар орнотулуп, анын болгону 10% гана талапка жооп берерин аныктаган.

Шайлоого майып эле эмес, жаштарды, аялдарды активдүү тартуу боюнча чаралар каралып жатат.

Талапкерлерге талап күчөйт

Долбоордо президенттикке, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңеш кандидаттарга жаңы талаптар коюлду. Эми жергиликтүү кеңешке шайлоого катыша турган адамдын орто же орто кесиптик билими, ал эми парламент жана президенттикке талапкер адамдардын жогорку билими болушу шарт.

Кайсы деңгээлде талапкер болбосун кош жарандуулугун жашырганы аныкталса, ал үчүн тийиштүү административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Буга чейин парламентте эки-үч депутаттын кош жарандуулук маселеси талашка түшкөн. Анын ичинде Асылбек уулу Дамирбек,Өмурбек Бабанов, Жыргалбек Саматов, Клара Кабиловала сыяктуу саясатчылардын аты аталган.

Сүрөттүн автордук укугу TABYLDY KADYRBEKOV
Image caption "Кыргызстан" фракциясынын мурунку депутат Асылбек уулу Дамирбек

Оор кылмыштар боюнча абакка кесилген талапкерлер соттуулугу жоюлгандан кийин дагы 10 жыл, өтө оор кылмыштар үчүн жазасын алгандар 15 жылга чейин шайлоого катыша албайт.

Айтылган жаңы чектөө учурда камакта жаткан, мурда-кийин соттолгон айрым саясатчылардын кийинки саясий карьерасына суроо жаратышы мүмкүн.

Каржылык чектөөлөр

Талапкерлер ичинде жана партиялар арасында тең укуктулуулукту, таза атаандаштыкты камсыздоо үчүн шайлоолордо финансылык чектөөлөр киргени жатат.

Себеби соңку президенттик шайлоодо айрым талапкерлердин ачык чыгашасы эле 240 миллион сомду чапчып, көмүскөсүн эсепке алганда 1 миллион долардан кем эмес болгону айтылган.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Өткөн президенттик шайлоодо эң көп каражатты "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жумшаган

Президенттикке талапкер адамдар мындан кийин өзүнүн эле эмес, жакын туугандарынын да киреше булагын ачыкташы шарт. Дагы бир маанилүү талап - президенттикке талапкер адамдын чет мамлекеттерде банктык эсеби жана компанияларда үлүшү болбошу керек.

Каржы маселесинде Жергиликтүү кеңеш депутаттарына да талаптар бар:

"Буга чейин Жергиликтүү кеңеш талапкерлерине шайлоо күрөөсүн киргизүү керек деген сунуштар аймакта айтылган. Биз дагы кичине болсо да күрөө киргизилсин деп макул болуп жатабыз. Эки-үч миң сом болсо да, бул жоопкерчиликти арттырат. Себеби, айрым учурларда беш-алты мандатка 60-80ге чейин талапкер болуп жатат", -деди Шайлдабекова.

Шайлоочунун жоопкерчилиги

Буга чейинки шайлоо мыйзамдарында добуш берүүчүлөргө жоопкерчилиги тууралуу чаралар болгон эмес. Бирок эми жаңы стратегия менен шайлоочунун административдик жоопкерчилиги каралат:

"Шайлоочулар тизмесине кирүү үчүн жалган маалымат берген жарандарга чара көрүлөт. Себеби өткөн шайлоолордо добуш берүүчүлөрдөн алардын укугу бузулганы тууралуу көп маалыматтар түшүп. Текшере келгенде, алар чындыкка дал келген эмес. Бирок бул коомдук резонанс жаратып, шайлоочулар тизмесинде мыйзам бузуулар бар турбайбы деген ойлорду жаратты", -деди Шайлдабекова.

Сүрөттүн автордук укугу TABYLDY KADYRBEKOV
Image caption Шайлоочулар тизмесине кирүү үчүн жалган маалымат берген жарандарга чара көрүлөт

Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча добуш берүүчулөр үчүн БШКнын сайтында "шайлоочулар кабинети" иштей баштайт. Добуш берүүдөгү кемчиликтерди ошол баракчага кирип, арыз жазса мүмкүн.

Ошондой эле добуш берүүнүн купуялыгын бузгандарга да чара болот. Мындай талап мурда деле бар эле, бирок эми ал күчөтүлөт. Шайлоочу кантип добуш бергенин, кимге добуш бергенин мурдагыдай сүрөткө тартып, жайылтууга укугу болбойт.

Парламенттик үлгүдөгү партиялар

Парламенттик үлгүдөгү партияларды колдоо максатында жаңы шайлоо мыйзамын иштеп чыгуу да каралган.

"Саясий партиялар тууралуу мыйзам 1999-жылы эле кабыл алынып, бүгүнкү өнүгүүгө такыр дал келбейт. Бүгүнкү күнү башкаруу системасы парламенттик болгондон кийин, парламентаризмди өнүктүрүү үчүн күчтүү парламенттик үлгүдөгү партиялар керек. Мыйзамдагы негизги нерсе саясий партияларды каржылоонун жана саясий партиялардын чечимдеринин ачык айкындыгы", -деди Шайлдабекова.

Партиялар тууралуу жаңы мыйзам боюнча парламентке жана президенттике талапкерлерди жылдырууда, партиялардын чечимдеринин ачыктыгы камсыздалат. Жумушчу топ партия алкагындагы мындай маанилүү чечимдер жабык эшик артында кабыл алынбашы керек деген чара киргизип жатат.

Шайлоо модели

Стратегияда камтылган дагы бир, балким эң негизги маанилүү маселе - шайлоолордун модели канчалык өзгөрөт деген суроо.

Жумушчу топ кийинки шайлоону азыр иштеп жаткан пропорционалдык система менен өткөрүп алып, андан кийин преференциалдык үлгү менен өткөрүү туура болорун айтып жатышат:

Сүрөттүн автордук укугу Vyacheslav OSELEDKO/ GETTY IMAGES
Image caption Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясында шайлоону өткөрүү, уюштуруу боюнча да сунуштар камтылат

"Ачык тизме менен шайлоо деген бул шайлоонун тибин преференциалдык деп да айтсак болот. Биз аны кийинки бир этапка киргизсек болот деп ойлойбуз. 2020-жылга чейин бул мөөнөтүнөн мурда көтөрүлүп жаткан маселе деп эсептейбиз. Бирок бул тууралуу парламентте да дискуссияны карап көрөлү дедик. 2020-жылы биз эмнеге пропорционалдык системаны киргизгенбиз. Анткени ошол убакта ушундай тобокелчилик бар болчу. Биримдикти сактоо үчүн кандайдыр бир механизмдер киргизилиши керек болчу. Пропорционалдык система ошол тобокелчиликке жооп болгон", -деди БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Партияларды парламентаризмдин бир институту катары бекемдөө үчүн пропорционалдык система менен шайлоону дагы бир циклге калтыруу, аларды өнүктүрөт деген сөздөр айтылууда.

Стратегиядагы калган өзгөртүүлөр шайлоону уюштурууну жакшыртуу, шайлоо мыйзамдарддагы бузууларды алдын алууга багытталган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар