Сауд Арабиясы коррупцияга каршы өнөктүгүн жыйынтыктады

Riyal banknotes, file Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Сауд Арабиясы 2017-жылы башталган коррупцияга каршы өнөктүк жыйынтыкталганын билдирди. Бул мезгил ичинде көптөгөн ханзаадалар, чириген байлар жана ишкерлер кармалды.

Сауд Арабиянын расмийлери өнөктүк башталгандан бери 100 миллиард доллардан ашуун мүлк жана накталай акча топтолгонун айтууда.

Өкмөттүн билдиришинче, 87 адам коррупцияга малынганын мойнуна алган. Дагы сегиз киши мындай дооматтарды четке кагып, аларга каршы сот иши башталуу алдында турат. Андан тышкары 56 сот иши боюнча териштирүү жүрүүдө.

Коррупцияга каршы өнөктүктү тактынын мураскери ханзаада Мухаммед бин Салман 2017-жылдын ноябрында баштаган. Өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин көрсөтмөсү менен эки жүздөн ашуун ханзада, министрлер жана бизнес өкүлдөрү кармалган. Бирок алар түрмөдө эмес, баш калаа Рияддагы беш жылдыздуу Ritz-Carlton мейманканасында кармалууда. Бул мейманкана "алтын тор артындагы түрмө" деген атка конгону белгилүү.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty
Image caption Ritz-Carlton мейманканасы "алтын тор артындагы түрмө" деген атка конгону белгилүү

Адистердин пикиринде, Сауд Арабия элитасына каршы "тазалоо"- өлкөнүн системасын дүрбөлөңгө салды. Буга чет өлкөлүк инвесторлор да тынчсыздануусун билдирген.

Экономикалык рефорларды ишке ашырууда деп айтылган ханзаада эми чет өлкөлүк инвесторлорду кайра ынандырышы керек.

Сауд Арабия бийлигин сындаган журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнүн артында такты мураскери Мухаммед бин Салман турат деген дооматтар ханзаданын ишин оорлотту.

Буга чейин өлкө бийлиги ханзааданы коргоп, Хашогжинин өлүмү боюнча анын кабары болбогонун айткан эле.

Жаш реформатор

Ханзаада Мухаммед 2009-жылы чоң саясатка аралаша баштаган. Анда атасы Эр-Риядда губернатор болуп иштеп турган эле. Мухаммед анын кеңешчиси кызматына дайындалган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption The blitz was launched by Crown Prince Mohammed bin Salman

Анын саясий карьерасындагы эң чоң секирик 2015-жылы апрелде болгон. Падыша Абдал көз жумгандан кийин Мухаммед Коргоо министри (ошол учурдагы дүйнөдөгү эң жаш министр) жана падышалык сотко башкы катчы кызматына келген.

Ханзаада 2016-жылы апрелде экономикалык реформалар боюнча өзүнүн амбициялуу концепциясын сунуштап, дүйнөлүк медианын көңүлүн бурду.

Бул концепцияда Сауд Арабиясын мунай кирешелеринен көз карандысыз кылуу тууралуу иштер камтылган.

"Көрөгөчтүк - 2030" планын ишке ашыруу менен өлкө 2020-жылга чейин "мунайсыз" жашап кете алат деген эле ханзаада.

Эл аралык валюта кору бул планды өтө эле амбициялуу деп мүнөздөп, аны ишке ашыруу оңойго турбасын билдирген. (AT)

Тектеш темалар