Памперсти кантип туура колдонуу керек?

pampers Сүрөттүн автордук укугу JOEL SAGET/AFP/Getty Images
Image caption Балдардын памперсин эки саат сайын которуп туруу керек

Франциянын "Ансес" улуттук саламаттыкты сактоо агенттиги памперстерден кооптуу химиялык зат табылганын билдирди. Иликтөөдө жалаяктардан отоо чөптү жок кылган глифосат заты табылып, ал ден-соолукка зыян болушу мүмкүн экени айтылууда.

Ал эми Кыргызстанда колдонулуп жаткан памперстердин сапатын ким көзөмөлдөйт? Деги эле мындай жалаяктар зыянбы? Би-Би-Си аталган темада педиатр Саадат Куттубаева жана Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын-алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Мария Кушубакованы маекке тартты.

С. Куттубаева: Мен эски педиатр болгондуктан ата-энелерге подгузник колдонууну сунуш кылбайт элем. Балдарга памперс кийгизген күнү да эки саат сайын которуп туруу керек. Көпчүлүк апалар жалаяк толуп, сыртына чыгып кеткенге чейин таштап коюшат. Анын ордуна мурдагыдай эле чүпүрөк жалаяк колдонсо болот.

Би-Би-Си: Апаларга подгузник колдонууну сунуштабайм деп жатасыз, анын кандай зыяндуу жактары бар?

Саадат Куттубаева: Учурда Кыргызстанга келип жаткан жалаяктын түрү көп. Соңку кезде заманга жараша ымыркайлардын көбү төрөлгөндө эле аллергияга жакын болуп жатышат. Айрым ата-энелер арзанына карап, Кытайдын сапатсыз памперстерин алышууда. Алардан балдар алллергия болгон учурлар арбын. Ал өтүшүп ымыркайдын денеси исиркектеп кетиши дагы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Баасы арзан жалаяктарды колдонбогонго аракет кылыш керек

Би-Би-Си: Памперстен аллергия болуп сиздерге кайрылган бейтаптар барбы?

Саадат Куттубаева: Мындан 5-6 жыл мурун ушундай учур болгон. Жаңы төрөлгөн баланын жамбашы памперстен исиркектеп кетип, ооруканага жатып калган.

Би-Би-Си: Баасы арзан жалаяктарды колдонбогонго аракет кылыш керек деп жатасыз. Деги эле подгузникти кантип туура тандоо керек?

Саадат Куттубаева: Биринчи кезекте өзүнүн педиатору менен акылдашыш керек. Эгер ата-эненин бири аллергияга жакын болсо, балада дагы аллергиялык фон болушу мүмкүн. Андай учурда аба киргизүүчү жана жыпар жыттуу памперстерди колдонбоо зарыл. Памперсти алты айга чейин гана колдонсо туура болот. Себеби, алты айда бала отура баштайт, жети айда жөрмөлөй баштайт. Ал эми сегиз-тогуз айында столду тегеренип баса баштайт. Андыктан отургандан баштап эле баланы тоскон туура. Баланы ар бир эки саат сайын тосуп көндүрсө, памперстин кереги жок болуп калат.

Би-Би-Си: Мария эже памперс эмнеден турат, кандай компоненттерди камтыйт?

Мария Кушубакова: Подгузниктер он алтыдан ашык химиялык заттардын компоненттеринен турат. Бизге келген техникалык регламентте ошол химиялык заттар канча көлөмдө колдонулушу керек экени толугу менен көрсөтүлгөн. Текшерүүдө нормадан ашып кеткени аныкталса, ал талапка жооп бербегенин тастыктайт. Мындай товарларды сатыкка чыгарууга уруксат берилбейт. Учурда Кыргызстанда жалаяк чыгарган бир гана фирма бар. Андан тышкары мамлекеттин көзөмөлүнөн өткөн жети өндүрүүчү бар. Бирок өзүңүздөр билгендей, учурда Кыргызстанга келип жаткан памперстердин аталыштары өтө көп. Алардын бардыгы Германия, Түркия, Украина, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерден келет. Жалаяктардын барына тең Евразиялык экономикалык биримдиктин эмблемасы коюлуп, атайын декларациянын негизинде келет. Эгер тастыктоочу документтери туура болсо, Бажы биримдигине кирген мамлекеттерден келген товарлар дароо эле сатыкка чыгарылат.

Сүрөттүн автордук укугу MANJUNATH KIRAN
Image caption Памперстин зыяндуулугу тууралуу айтылып жаткан сөздөр тастыкталган эмес

Би-Би-Си: Демек, сырттан келген жалаяктар өндүрүлгөн мамлекетте текшерилет экен да. Кыргызстанда эч кандай лабораториялык текшерүү иштери жүргүзүлбөйбү?

Мария Кушубакова: Албетте, эгер биздин мамлекетке декларациялык кагаздары менен келсе, ал өндүрүлгөн өлкөдө лабораториялык көзөмөлдөн өттү дегенди түшүндүрөт.

Би-Би-Си: Айрым учурда памперс айрыкча эркек балдар үчүн зыяндуу деп айтылып калат. Бул канчалык деңгээлде кооптоно турган маалымат?

Саадат Куттубаева: Чындыгында эле памперсти эркек балдарга бир жаштан кийин көп кийгизбөө керек. Себеби, ал кийин эркектин уругунун тез түшүүсүнө алып келиши мүмкүн. Кыскасы, жыныстык жактан көп көйгөйлөргө кабылуу коркунучу бар. Ал эми кыз баланын табарсыгы бош болуп калышы ыктымал.

Мария Кушубакова: Бул сөздү далилдеп, илимий негизге таянып айтуу керек. Учурда памперстин зыяндуулугу боюнча сөздөрдүн бардыгы тастыкталган эмес. Жөн гана айтылып келе жатат. Болгону аны туура колдоно билүү зарыл. Жогоруда айтылгандай, арзанына качырып, сапатсызын албоо керек. Бала отуруп калган маалда аны тосуп үйрөтүү өтө маанилүү. Эркек балдардын жыныс мүчөлөрүнө зыян деген туура эмес маалымат. Балдар ашып кетсе эки жашка чейин жалаяк менен жүрөт. Ал эми бул жаш балдардын жыныстык мүчөлөрүнүн калыптануусу үчүн өтө эрте. Мына ушундан эле жыйынтык чыгарса болот.