Семетей Султанов: Футбол федерациясынын президенттигинен кетээр-кетпесимди жакында айтам

Семетей Султанов Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Семетей Султанов

Футбол боюнча кыргыз курамасынын ийгилигинен кийинки толкундоо дагы деле басыла элек. Футболчуларды салтанаттуу кабыл алуу учурунда өлкөнүн башкы жетекчилери жаңы стадион куруларын убада кылып, кызуу талкууга жем таштады. Муну менен катар эле Футбол федерациясынын президенти кызматтан кеттиби же жокпу деген талкуу кызып турат.

Би-Би-Сиге Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов эксклюзивдүү маек куруп, кызматы, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен туугандык байланышы, жаңы стадион жана футболдун келечеги тууралуу айтып берди.

Би-Би-Си: Семетей мырза сизди кызматтан кетти деген кабар тарады. Чын-төгүнүн өзүңүздөн уксак.

С. Султанов: Таржымалына кайрылып, кененирээк түшүндүрүп берейин. Мен 2012-жылы федерациянын президенттигине талапкер болгон учурумда командабыз бир пикир, бийик идея менен чыкканбыз. Ал кандай идея эле? Биз Улуттук курама команданы Азия кубогуна алып чыгабыз деп ошондо эле айткан элек. Бул мүдөө аткарылды. Айрымдар "Семетей миссиямды аткардым, эми кетем. Далилдедим, болду" деп жатат деген ойдо турат. Бирок андай эмес. Аябай кыйынчылыктар болду. Мен президентибиз Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөндө да "биз федерацияны лимондой эле сыгып алдык. Эми мындан ары дарманы калбай калды. Өкмөт футболго жетиштүү көмөк көрсөтпөсө азыркы жетишкендиктерибиз эртең эле жок болуп калышы ыктымал" дедим. Президент түшүнүү менен кабыл алды. Тиешелүү тармакка тапшырма берип, абдан тыгыз кызматташкыла деди.

Муну да көрүңүз:

Би-Би-Си: Кызматтан кетүү же калуу маселесинин так жыйынтыгын айтып берсеңиз.

С. Султанов: Ушул маселени азыр талдап, ойлонуп жатабыз. Футбол чөйрөсүнө тиешеси бар адамдар менен акылдашып, жакын арада так чечим кабыл алам. Курама команданын оюнчулары "кетпеңиз, сиз келгенден бери өзүбүзгө ишеним пайда болду. Башка адам келип иш жүрүшпөй калса эмне болот" деп жатышат. Мен өз чечимимди февраль айынын башында так айтам.

Би-Би-Си: Бир топ эле федерацияларды саясатчылар жетектеп келет. Балким мунун жакшы жагы да бардыр. Бирок парламенттик шайлоо босогодо турганда кайсы бир саясатчы жетекчиликке келип калса, футболду курал катары пайдаланбас бекен?

С. Султанов: Ачыгын айтайын, андай сөздөр жүрүп жатат. Ал тургай бир нече адамдын да ысымы аталууда. Бирок мен алардын аттарын атабастан, аны ошол сөз боюнча эле калтырайын. Футбол азыр номер биринчи оюн болуп турганы баарына беш колдой белгилүү. Футбол эч убакта саясатка аралашпай, курал болбой таза бойдон калуусу керек.