ЖЭБдеги кайталанган авария: “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат”

Бишкек ЖЭБдеги авариянын туура бир жылдан кийин кайталанышы энергетиктердин ишине болгон ишенбөөчүлүктү кайрадан күчөттү
Image caption Бишкек ЖЭБдеги авариянын туура бир жылдан кийин кайталанышы энергетиктердин ишине болгон ишенбөөчүлүктү кайрадан күчөттү

Бишкек жылуулук электр борборунда өткөн жуманын аягында болгон техникалык авария баш калаадагы энергетикалык коопсуздукту кайрадан күн тартибине алып чыкты. ЖЭБдин жылуулук тараткан түтүктөрдүндө болгон авария бир күндө эле оңдолду, бирок сырттагы энергетик адистер бул энергетикалык объектидеги кырдаалды депутаттык комиссия өзү карап чыкпаса, дагы далай кемчилик көз жаздымда калат деп жатышат.

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий маалыматына караганда, Бишкек ЖЭБдеги авария 26-январда катталды. Суу кайтаруу түйүнүнүн түтүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу ысык сууну өчүрүү керек болгон. Натыйжада шаардын түштүк бөлүгүндө ысык суунун басымы азайып кеткен. Бул жөнүндө Би-Би-Сиге Электр станциялары ААКтын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

"Батыш 1, Батыш 2 магистралдык суу түтүктөрүндө жылуулук жүктөмдөрү убактылуу өчүрүлдү. Оңдоо иштери 26-январда таң эрте башталып, кечки саат 21.00 гө чейин созулду. Бишке ЖЭБ жумушчуларына бул ишти эң кыска убакытта бүтүрүү маселеси коюлган болчу. Оңдоо иштери ийгиликтүү аяктады. Азыркы учурда ширетип бириктирилген жерлерди тазалоо жана көзөмөлдөө иштери жүрүп жатат. ЖЭБ бүгүнкү күндө толук көлөмдө жылуулук жана электр энергиясын өндүрүп берип жатат",-деди Тагжана Айдаралиева.

"Көз каранды эксперттердин комиссиясы"

Техникалык оңдоо иштери бүткөнүнө карабастан, болгон авариянын себептерин энергохолдингдин өзүнүн комиссиясы карап жатат. Анткени эреже боюнча ар бир техникалык авария боюнча комиссия карап текшерип чыгышы керек. Комиссиянын чечими чыкканга чейин болгон иштер акыркы тыянак эмекс.

Бирок сырттагы эксперттер энергохолдингдин өзүнүн комиссиясына ишенбей, ЖЭБдеги аварияны депутаттык комиссия карап чыгышы керек деп жатышат. Алар авариянын туура бир жылдан кийин кайталанып жатышын ЖЭБди модернизациялоодогу кеткен кемчиликтердин али жоюла электигинде дешет. ЖЭБдеги чоң авария боюнча көп иликтөө болуп, бир топ киши камалып кетсе да кышка даярдык иштеринде бүтө элек кемчиликтер дагы эле көптүгүнөн кабар берет деп жатышат.

"Ким өзүнө каршы чечим чыгарат. Былтыр деле өкмөт тараптан мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Өкмөткө көз каранды эксперттерди чогултуп алып, эч кандай жыйынтык чыгарган эмес. Майда-чүйдө кемчиликтерди санап, ЖЭБдин майда кызматкерлерин күнөөлөп ишти бүтүрүп койгон. Чоң көйгөйлөр көтөрүлгөн эмес. Демек, былтыркы оңдоп түзөө иштери сапаттуу болгон эмес. Бир жылдан кийин кайра авария кайталанып атат",-деди энергетика иштери боюнча адис Расул Умбеталиев.

600 долларга алынган аттиш сенсациясы

ЖЭБдеги эң чоң авария бир жыл мурда так ушул 25-январь күнү болгон. Кыштын кыраан чилдесинде шаардыктар бир жума бою үйлөрү жылыбай, үшүп чыгышкан. Анын себептерин иликтей келгенде, ЖЭБдеги от казандардын эле бузулганы эмес, модернизациялоого алынган 386 миллион кредиттин пайдаланышына байланышкан көп кыңыр иштер ашкере болгон.

Депутаттык комиссия барып текшергенде кредиттин эсебинен алынган 600 долларлык аттиш менен 14 миң долларлык видео камералар ачыкка чыгып, элдин оозун ачырып, кыжырын келтирген өзүнчө бир сенсация болуп калды.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption 600 долларга сатылып алынган аттиштер

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча төрт кылмыш иши козголуп, эки мурунку премьер-министр, бир экс-министр, энергохолдингдин бакандай беш жетекчиси кармалган. Январдын ортосунда биринчи кылмыш ишти сот карап, "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын эки жетекчиси менен жеке менчик фирманын эки өкүлү алты-жети жылдан эркинен ажыратылды.

Ошол эле убакта ЖЭБдеги коррупция боюнча сот иштери али алдыда. Бул жерде мурдакы өкмөт башчыларынын гана жоопкерчилиги жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Маселенин бир учу мурдакы президент Атамбаевдин өзүнө барып такалууда. Депутаттык иликтөө иштери ЖЭБди модернизациялоого Кытайдан кредит алуу маселесине Атамбаев президент болуп турганда анын аппаратынан түздөн түз көзөмөл жана көрсөтмөлөр болгонун көрсөткөн. (КС)

Тектеш темалар