Коррупция рейтинги: Кыргызстан Гондурас менен бир орунда

Сүрөттүн автордук укугу Transperancy International

Transparency International уюмунун "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинде 132-орунга чыкты. Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу үч орунга алдыга жылган.

Бирок Кыргызстан эки жыл катары менен бирдей эле упай топтоду. Өлкө индексте үч орунга алдыга жылганы менен эч өзгөрүү жок. Кыргызстан менен бир катарда 132-орунда турган өлкөлөр: Гондурас, Лаос, Мьянма, Парагвай жана Боливия.

Уюм жергиликтүү тургундардын жана адистердин өлкөдөгү коррупцияны кабылдоосун изилдеп туруп, бул рейтингди түзөт.

Transparency International Кыргызстандын өкмөтүн коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө үндөдү. Уюмдун айтымында, өлкөдө коррупцияны алдын алуу аракеттери чабал болгондуктан, ачык-айкындык өтө жай өнүгүүдө. Андан сырткары коррупция менен күрөш боюнча долбоорлор кагаз бетинде калып, натыйжалуу система калыптана элек деди аталган уюм.

Ошондой эле Transparency International Кыргызстандагы сот системасы чоң көйгөйлөрдүн бири деп белгиледи. Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, мыйзамдардын бири-бирине карама-каршылыгы, системадагы ачык-айкындык жана жоопкерчиликтин жоктугу соттордун көз карандылыгына коркунуч туудуруп, коррупциялык тобокелчиликтерди көбөйтүүдө.

Кыргызстанга коңшулаш өлкөлөр, айталы, Казакстан 124-орунду туруп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде алдыга чыккан. Өзбекстан болсо - 158, Тажикстан - 152, Түркмөнстан 161-орунда жайгашты.

Даниядан Сомалиге чейин

Бир жылдын ичинде "Коррупцияны кабылдоо индексиндеги" лидерлер өзгөргөн деле жок. Биринчи орунда Дания, экинчиде Жаңы Зеландия, андан кийин Финляндия, Сингапур жана Швеция турат.

Ал эми эң төмөнкү баскычтарда Сирия менен Сомали жайгашкан.

Transparency International уюму "Коррупцияны кабылдоо индексин" 1995-жылдан бери жарыялап келет.

Тектеш темалар