Тоо-кен тармагына тамырлаган коррупция

Kumtor Сүрөттүн автордук укугу Andrew Caballero-Reynolds/Getty Images
Image caption Тоо-кен тармагын өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар көптөн бери бышып жетилген маселе

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши бүгүнкү жыйында тоо-кен тармагындагы тамырлаган коррупция менен инвесторлордун ишине болгон каршылыктарды жоюунун биринчи кезектеги чаралары жөнүндөгү маселени карады.

Президент Сооронбай Жээнбеков кен байлыктарды иштетүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылууга тийиштүү көңүл бурулбай жатканын баса белгилеп, мамлекеттик органдардын лицензия берүү системасындагы коррупция, экологиялык маселелердин көңүл сыртында калып жатканы, жергиликтүү калктын инвесторлорго каршылык маанайы тоо-кен тармагындагы чечүүнү талап кылган биринчи кезектеги курч маселелер деп атады.

Эгемендик жылдары кендерди иштетүүгө баардыгы 2571 лицензия берилген. "Бирок кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктарын коргоо басымдуу болуп кеткен. Анын айынан лицензия берилип, бирок кен чыккан жерлер өздөштүрүлбөй турган жагдай түзүлдү. Жылдан жылга колдо жүргөн лицензиялардын саны өсүшү байкалууда. Бул тармакта кадимки эле алып сатарлыкка жол берилип кеткен",-деди президент.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Президент Сооронбай Жээнбеков кен байлыктарды иштетүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылууга тийиштүү көңүл бурулбай жатканын баса белгиледи

Тоо-кен тармагын өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар көптөн бери бышып жетилген маселе. Бул тармакта иштеп жаткан чет элдик компанияларга жергиликтүү деңгээлдеги каршылыктардын көптөн бери токтобой жатканы белгилүү.

Чаткалдагы Терек-Сай жана Нарындагы Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан компанияларга каршылык жыйындар бул тармактагы чыр-чатактардын эң соңкулары.

Андан мурда Кадамжайда жергиликтүү эл Шамбесай кенин, апрелде Тогуз-Тороо районунун тургундары Макмал алтын кенин, июнь айында Ала-Букада Иштамбердидеги алтын кенин иштетүүгө каршы чыгышкан.

Сүрөттүн автордук укугу official

"Жергиликтүү бийлик көп учурда кайсы инвесторго кен иштетүүгө лицензия берилип жатканын билбей калат. Натыйжада калкка түшүндүрүү иштери жүрмөк тургай, жергиликтүү бийлик ошол аймакка инвестиция салууга келген инвестор менен да иштиктүү мамиле түзө албай калган учурлар көп болуп калат. Мындай өз ара кызматташуунун жоктугу инвестициялык климатка да, жергиликтүү калктын маанайына да терс таасирин тийгизүүдө",-деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанга ири инвесторлор негизинен тоо-кен тармагына келип жатат. Анын ичинде кытай компаниялары активдүү. Кыргыз өкмөтү Иштамберди, Талды-Булак, Бозумчак, Кара-Казык алтын кендери продукция берип баштайт деп эки-үч жыл мурда эле билдирип келген. Ошондой эле Жерүй, Тереккан алтын кендерине, Терек алтын-сурма кенине конкурстар ийгиликтүү болуп, инвесторлор келген. Бирок кен чыккан аймактарда жергиликтүү эл менен чечилбеген чыр-чатактардын айынан тоо кендерин натыйжалуу иштетүү мүмкүн болбой жатканы айтылууда.

Тоо кен тармагына инвестиция салуу кескин азайганын президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, баса белигилеген эле.

Сүрөттүн автордук укугу official

"Былтыр инвестиция Кытай Республикасынан 45%, Канададан 25%га төмөндөдү. Бирок Россиядан үч эсеге, Түркиядан 80%га көбөйдү. Европа мамлекеттеринен да көбөйүп жатат. Инвесторлорду коргош, аларга шарт түзүш, алып келиш оңой иш эмес. Мына, мисалы, кечээки Чаткалдагы окуялардан кийин, Макмалдан, Шамбесайдагы окуялардан кийин булар угат да бири-биринен, көрөт. Кээде бизнести рейдерлик жолу менен басып алган фактылар болуп атат",- деген президент 18-декабрдагы басма сөз жыйынында.

Инвесторлорго тийиштүү шарттарды түзүү жагынан жергиликтүү бийлик органдарынын дагы ролу жакшы болбой жатканы көп сынга алынууда. Алар инвестор менен жергиликтүү элдин ортосундагы каршылыктарды чечүүнүн ордуна көп учурда четке чыга берип жатканы белгилүү.

"Жыйынтыгында жергиликтүү эл азабын тартып, провокаторлор "суудан кургак чыгышып", жоопкерчиликке тартылбай калып жатышат. Мындай кырдаалдын келип чыгуу себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын арасында жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган эмес",-деди президент бүгүнкү жыйында.

"Коррупциянын очогу"

2013-жылы 40 компания кайра каттоодон өткөн болсо, 2018-жылы 342 компания кайра каттоодон өткөн, же кайра каттоо сегиз эсе көбөйгөн. Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бул сандар лицензиялардын товарга айланып кеткенинен кабар берет деп айтты.

Баш прокурор бир эле адамдын 41 лицензияга ээ болуп алып, кайра-кайра үчүнчү жакка сатып жатканын мисал келтирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз кезегинде экономиканын өзөгү боло турган тармак "коррупциянын очогу" болуп калган деп атады.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар