Борбор Азия мамлекеттерин бириктирүү аракети

Казакстандын баш калаасы Астанада Борбордук Азиянын кеңешме саммити Сүрөттүн автордук укугу Presidency of Kyrgyzstan / Handout/Anadolu Agency/
Image caption Казакстандын баш калаасы Астанада Борбордук Азиянын кеңешме саммити

19-20-февралда Ташкент шаарында "Борбор Азиядагы өз ара байланыш" аттуу конференция өтүп жатат. Өзбекстандын өкмөтү уюштурган конференцияга 39 мамлекеттен келген эки жүздөн ашуун эксперттер жана уюмдар катышууда. Өзбекстан регионалдык кызматташуунун потенциалдуу багыттарын өнүктүрүү жөнүндө маселелерди коюп жатат.

Өткөн жылы Казакстандын баш калаасы Астанада Борбордук Азиянын кеңешме саммити өткөн. Жыйын региондогу мамлекет лидерлеринин өздөрүнчө жолугуп жаткан биринчи бийик деңгээлдеги саммит деп аталган болчу. Буга чейин беш өлкөнүн президенттери эки же үч тараптуу тартипте, же КМШ, ШКУ сыяктуу бирикмелердин алкагында гана жолугуп келишкен эле.

Андан бери Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара мамилеси оңолуп, соода тармагында өсүш байкалды. Мисалы, 2018-жылы Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода 2,6 миллиард долларга жетип, эки өлкө "шенген визасы" сыяктуу бирдиктүү "Жибек жолу виза" долбоорун ишке ашырды.

Ошондой эле Фергана өрөөнүн бөлө жайгашкан Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара жана суу ресурстарын бөлүштүрүү маселесинде жылыштар байкалды. Буга чейин эки өлкө ортосунда ондогон чыр-чатактар катталып, айрым учурда кырдаал курчуп, ок атууга чейин жеткен кырдаал болгон. Чөлкөмдөгү он жылдап бири-бирине сыртын салып келген өлкөлөр тышкы саясатында жаңы багытты көздөй бурулду.

Ташкенттеги эл аралык конференция быйыл апрель айында Борбор Азия лидерлери өткөрө турган саммитке даярдык катары да бааланууда. Өзбекстан конференцияда кызматташуунун жаңы багыты жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу маселени көтөрүп жатат.

Image caption Борбор Азия боюнча адис Филиппо Коста-Буранелли

Би-Би-Си Ташкенттеги жыйынга катышып жаткан Британиядагы "Сент-Эндрюс" университетинин окутуучусу Филиппо Коста-Буранеллиге кайрылып, Мирзиеёвдин бийликке келгени регионалдык интеграцияны өнүктүрүүгө жол ачтыбы деп сурады.

Филиппо Коста-Буранелли: "Корреляцияны" саясий окуянын себепкери катары кароо жаңылыштык болот. Маркум Ислам Каримов регионалдык интеграция аракеттерин кандайдыр бир уюмдун жардамы менен жүргүзүүгө каршы болгон. Бирок 1990-жылдары ал биринчилерден болуп регионалдык кызматташуу маселесин көтөргөн. 2000-жылдары Каримов коопсуздук, аймактык бүтүмдүк, саясат жана экономикадагы авторитардык бийлигине басым кылды.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Ислам Каримов Өзбекстанды 1989-жылдан тарта 2016-жылга чейин башкарды

Каримовдон тышкары, Борбор Азиядагы экономикалык абал, саясий система жана чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн чек ара көйгөйлөрү регионалдык биригүүгө тоскоолдук жаратты. Казакстан болсо коңшуларына эмес, көбүрөөк Орусия менен кызматташууга ыктады. Түркмөнстан башынан эле "изоляцияда" туруу саясатын карманып келет.

Мирзиеёв бийликке келгенден кийин регионалдык прагматикалык кызматташууга жол ачылды. Бирок чыныгы экономикалык, саясий интеграция тууралуу сөз болгон жок. Көбүнесе маданий, дипломатиялык, суу ресурстарын бөлүштүрүү сыяктуу стратегиялык кызматташуу боюнча аракеттер жүрүп жатат. Регионалдык саммитке Борбор Азия лидерлери өздөрү катышып жатканы беш мамлекет кызматташууга даяр экенинен кабар берет.

Би-Би-Си: Сиз өткөн жылы Астанада өткөн Борбор Азиянын кеңешме саммити тууралуу сөз кылдыңыз. Жыйындан кийин бул мамлекеттер Орусиянын таасирин баланстоого аракеттенип жатат деген сөздөр айтылган. Демек, келечектеги интеграцияга багыт алган аракеттер Орусиянын таасирине туруштук бере алабы?

Филиппо Коста-Буранелли: Сиздин суроо регионалдык кызматташууну геосаясат менен байланыштырып жатат. Менимче, Борбор Азиянын лидерлери эки көйгөйгө көңүл бурууда. Биринчиден, Орусия кубаттуу жана стратегиялык жактан алганда абдан маанилүү коңшу. Экинчиден, регионалдык элита көз карандысыздык, аймактык жана саясий бүтүмдүккө өзгөчө маани берет. Дал ушул себептен Борбор Азия мамлекеттери регионалдык интеграция боюнча иштерди расмий уюм түзүп, жүргүзбөйт. Алар кызматташууну бейрасмий түрдө кармоону артык көрөт.

Сүрөттүн автордук укугу KAZAKHSTAN PRESIDENCY / HANDOUT/Anadolu Agency/Get

Бейрасмий дегенибиз Европа Биримдиги, АСЕАН, Евразия экономикалык биримдик сыяктуу уюм түзүлбөйт дегенди билдирет. Кызматташуу эки же үч тараптуу жүрө берет.

Албетте, Борбор Азия лидерлери регионалдык кызматташуу үчүн платформа түзүүнү каалайт. Бейрасмий платформа аркылуу Борбор Азия лидерлери бир гана Орусия эмес, Кытай, Европа Биримдиги жана АКШга регионалдык көйгөйлөрдү өз ара чече алабыз деген билдирүү жасап жатат.

Би-Би-Си: Экономикага байланышы бар болгон суу ресурстары боюнча да өз пикириңизди айтып өттүңүз. Мирзиеёв Кыргызстан менен Тажикстанга барганда, гидроэлектро станцияларды курууга кызыктар экенин айткан. Суу ресурстарын бөлүштүрүү Борбор Азияда ири көйгөйлөрдүн бири экени бышык. Жаңы кызматташуу багыты суу ресурстарын бөлүштүрүүгө шарт түзүп бере алабы?

Филиппо Коста-Буранелли: Ооба, чечилет деп ойлойм. Буга бир нече себеп бар. Биринчиден, Өзбекстандын жаңы лидеринде саясий эрк пайда болду. Маркум президент Каримов коопсуздук жана экономикалык кесепеттер көп болот деп гидроэлектро станцияларына каршы позицияны карманган.

Сүрөттүн автордук укугу Presidency of Kazakhstan / Handout /Anadolu Agency

Мирзиеёв болсо ийкемдүү позицияны карманып келет. Өзбекстан менен Тажикстан өз ара чечишип алды. Менимче, Камбар-Ата боюнча да Ташкент менен Бишкек келишимге жете алат. Бул долбоорго Казакстан да катышкысы келет эмеспи.

Учурда Борбор Азия мамлекеттери суу ресурстарын бөлүштүрүүдө эл аралык тажрыйбаларды изилдеп чыгып, өз кызыкчылыктарын да тактап алышты. Беш жыл мурун эле Борбор Азия өлкөлөрү суу ресуртар боюнча так саясатын аныктай элек болчу. Эми эл аралык тажрыйбаны колдонуп, маселе чечилет деген ойдомун.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар