Уурдалган миллиондор, укурукталган саясатчылар

Коррупция боюнча 2018-февралдан 2019-февралга чейин 988 кылмыш иши козголду Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Коррупция боюнча 2018-февралдан 2019-февралга чейин 988 кылмыш иши козголду

Коррупцияга каршы күрөш мурдакы башкаруучулардай эле Сооронбай Жээнбековдун дагы башкы урааны болууда. Мурдакы бийлик коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштарын куугунтукка алганы үчүн сынга алынган эле.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы саясаты канчалык акыйкат жүрүп жатат?

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн жогорку кызмат адамдары аралашкан чулгандуу кылмыш иштери жөнүндө маалымат берди.

53 томдук тергөө материалы

Соңку бир жылда корупциялык иштер боюнча 988 кылмыш иши козголду. Анын ичинде эң көп резонанс жараткан Бишкек ЖЭБдеги коррупция жөнүндө иштин тергөөсү бүтүп, сотко ашырыла турган учуру келди. Бул ишке бүгүнкү басма сөз жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да токтоло кетти.

"2019-жылдын январында айыпталуучулар жана адвокаттар кылмыш ишинин материалдары менен таанышты. Кечээ эле бул кылмыш иши боюнча материалдар Баш прокуратурага берилди. Ушул жуманын этегинде иш сотко өтөт", -деди Дамир Сагынбаев.

Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча шектүү катары мурунку эки премьер-министр: Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, экс-министр - Осмонбек Артыкбаев жана Айбек Калиев баштаган энергетика тармагынын бакандай беш жетекчиси кармалып, көптөн бери абакта отурат. Кыргызстанда коррупцияга айыпталып, өкмөттү башкарган чоң саясий жетекчилер кармалган биринчи окуя экенин айта кетели.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Бишкек Жылуулук электр борбору

Тергөө материалдары боюнча, ЖЭБди жаңылоодо убагында "жумурга кеткен" акчалардын жалпы суммасы беш жарым миллиард сомго чукул болуп жатат. Бул кылмыш иши боюнча тергөө материалдары 53 томко тигилди. Сапар Исаковдун адвокаттары ишти шашылыш сотко өткөрүүгө каршы болуп, материалдар менен таанышып чыгууга жетиштүү убакыт сурап жаткан учуру.

Ал тургай, Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча келишимди ратификациялаган парламент депутаттарынын жоопкерчилигин кароону да сунуш кылган эле. Алардын арасында президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун да ысымы аталган.

Коопсуздук кеңеши өз кезегинде депутаттардын жоопкерчилигин териштирүү болбойт деп билдирди.

Музейден жоголгон миллиондор

Бишкек ЖЭБден кийин эле коомчулукту үч көтөргөн дагы бир коррупциялык жаңжал - Тарых музейи болду. Оппозициялык "Ата Мекен" фракциясы музейди оңдоп-түзөө учурунда миллиондогон акчалар уурдалып кетти деп чуу көтөргөндөн кийин, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Учурда музейди реконструкциялоо үчүн кеткен чыгымдар гана эсептелип бүттү, аны жаңылоодо сатылып алынган экспонаттардын жөнү бар беле, эсеби чыга элек. Бирок музейдеги коррупция масштабы эми эле 165 миллион сомго чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев

"Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 118 миллион сомго тете бюджеттик акча максатсыз колдонулганы такталды. Кийинчерээк Эсеп палатасы кызмат көрсөтүүлөр баасы жогору баада көрсөтүлгөндүктөн дагы 47 миллион сом ортодо уурдалганын аныктады. Бул курулуш иштери боюнча келтирилген чыгымдар эсеби кана. Ал эми музейге деп экспонатттарды сатып алуу боюнча тактоолор дагы деле жүрүп жатат", - деди Дамир Сагынбаев.

Тергөө кызыкчылыгы деп бул кылмыш иши боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысы көп ачыла берген жок, бирок иш сотко өткөндө кызыктуу жагдайлар ачыларын убада кылды.

Экс-мэрлердин иши

Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасына жабдыктарды ашыра көрсөтүлгөн баада сатып алуу, ишкана аркылуу Ысык-Көл жээгиндеги "Солнечный берег" пансионатынын сатылып кетиши, Бишкек шаарынын аймагында беш жана жети гектар жер участогунун трансформацияланышы боюнча айыптар коюлуп, былтыр декабрда ал иштер боюнча тергөө жыйынтыкталып, айрымдары сотко өттү.

"Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп туруп, өз кабинетинде 250 миң АКШ доллары жана 20 миң доллар акчаны "Дастан инжеринг" ишканасынан алган", - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Борбор шаардын дагы бир экс-мэри Кубанычбек Кулматов Өзгөн жана Москва райондорунда мектеп куруу үчүн каралган гранттык каражаттар эсебинен Бишкекте мектеп куруп, бирок куруу иштери үчүн бааны жөнү жок көтөрүп, ортодо акча өөнөгөн деп шектелүүдө. Коопсуздук кеңеши ошондой эле көлөмдөгү мектеп Алайда 70 миллион сомго турса, Бишкекте 230 миллион сомго чаап кеткенин аныктап чыккан.

"Эксперттердин бүтүмү боюнча Кулматов өтүп аткан кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген чыгымдын суммасы 94 миллион 884 миң сом болду", - деди Сагынбаев.

Басма сөз жыйынында көчмөндөр оюну үчүн тургузулган ипподромду курууга кеткен акчалардын уурдалышы, Бажы кызматында ашкереленген коррупциялык фактылар боюнча териштирүүлөр жүрүп жатканы маалым болду.

Коопсуздук кеңешинин катчысы президенттик аппараттын мурунку жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновдун Салык кызматынын жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, чет элдик компаниядан 150 миң доллар эсебинде акча жеген деп айыпталып жатканы тууралуу да токтолду.

Матраимов маселеси

Коопсуздук кеңеши чулгандуу деп өзүнчө бөлүп караган кылмыш иштеринде суралып жаткан адамдардын көбү кезинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдары экенин байкоого болот.

Мындан улам учурдагы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн саясий өңүтү жокпу деген суроолор бүгүнкү басма сөз жыйынында көтөрүлүп, ошол эле Бажы кызматынын мурунку жетекчилеринин бир Раимбек Матраимовдун жоопкерчилиги тууралуу суроолор берилди.

Матраимов боюнча маселе Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрине былтыр декабрда катталып, быйыл январдан тарта Каржы полициясы тарабынан текшерүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.

"Каржы полициясында иштеген Матраимовдун иниси агасынын ишин иликтөөгө жолтоо болот деп ойлойбойм. Себеби ал текшерүүгө прокуратура органдары да тартылат. Биздин маалымат боюнча Матраимовдун иниси эмгек өргүүгө чыгыптыр. Ал аябай каалаган күндө да, текшерүү иштерине таасир эте албайт", - деди Сагынбаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовду калкалап жатат деп азыркы бийликти сынга алып келатканы белгилүү.

Сүрөттүн автордук укугу B.STAMKULOFF
Image caption Экс-президент Алмазбек Атамбаев

"Сапар Исаков менен Кулматов эмне камакка алынды? Жээнбековдун суранычына карабай Райымды иштен алган", -деген эле Атамбаев былтыр "Апрель" телеканалына.

Раимбек Матраимов мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун тушунда жетекчилик менен келишпей, иштен алынган. Кийин өзүн мыйзамсыз иштен алынды деп сотко кайрылып, райондук жана шаардык сотто жеңип чыккан.

Мыйзам баарына тең

Коопсуздук кеңешинин катчысы бүгүнкү жыйында суроолорго жооп берип жатып, чулгандуу коррупциялык иштердын алкагында, эгер экс-президентке каршы көрсөтмөлөр берилсе, Жогорку Кеңеш аркылуу ал кол тийбестиктен ажыраса, анда ага да иш козголушу мүмкүндүгү бар экенин айтты:

"Кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча бул жерде маселе кызмат адамдарына байланышкан кылмыш иштин алкагында гана каралат. Эгер сотто каршы көрсөтмө (показания) берилсе, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат", - деди Сагынбаев.

Бирок, ал тактагандай, буга чейин экс-президентке карата андай көрсөтмөлөр болгон эмес.

Ошентип президенттин коррупцияга каршы баштаган күрөштүн укуругу негизинен ал өзү чыккан КСДП партиясынын ишмерлеринин мойнуна түштү.

Коомчулуктун көзүндө учурдагы бийликтин коррупцияга каршы саясатынын багыты туура жолдо бараткандай көрүнөт. Бирок бул өнөктүк айыптууларды жоопко тартуу менен гана чектелип жатканы сынга алынууда. Аида Салянова, мурунку башкы прокурор:

"Жоопко тартуу деген бул кесепет менен күрөшүү болот. Себептери менен эмес, маселенин кесепети менен. Жоопко тартуу өтө маанилүү маселе, бирок ал жалгыз курал болбош керек. Ага гана таянай берсек аягында жыйынтыгы болбой, маанисиз болуп калат", -деди Салянова Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Салянова мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 2011-2015-жылдары баш прокуратураны жетектеген

Айтымында коррупцияга каршы күрөштө системалык мамиле керек. Ал кандай болуш керек?

"Биринчиси, журналистердин көз карандысыздыгы, анан мыйзамдардын тактыгы жана өтө маанилүү нерсе - сот реформасы. Анысы жок коррупция менен күрөштү айтууга эртелик кылат. Ал эми сот реформасы бүгүн эч бир ордунан жыла элек. Козголгон дагы жок", -деди мурунку баш прокурор.

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы баштаган жүрүшү негизинен коомчулукта колдоо табууда. Бирок жогорку деңгээлдеги саясий реформасыз бул күрөш канчалык максатына жетет, канчалык адилеттүү жүрөт деген күмөндүү мамиле да болуп жатканын айта кетүү керек.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар