Жогорку Сот абактагы саясатчы Бекболот Талгарбековду актады

Бекболот Талгарбеков Сүрөттүн автордук укугу facebook

Соттук жогорку инстанция Бекболот Талгарбековдун ишин 6-февралда көзөмөл иретинде карап чыгып, аны бийликти күч менен кулатуу беренеси боюнча күнөөлүү эмес деп тапты. Бул маалыматты Би-Би-Сиге абактагы саясатчынын адвокаты Тимур Жанаев өзү ырастады.

"Талгарбеков он төрт жылга соттолгон. 299-берене боюнча беш жылга, 295-берене боюнча 12 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку Сот 295-берене боюнча өкүмдү жокко чыгарып, аны актады",-деп билдирди Тимур Жанаев.

Мурдакы бийликке оппозицияда болгон саясатчынынын коргоочусу аны соттолгон башка беренеси -улут аралык касташуу боюнча дагы сот өкүмү Жогорку Сотто караларын билдирди. Юристтердин пикирине караганда, бул айыптоо боюнча далилдер базасы башынан эле жарды экен.

Талгарбековдун иши боюнча сот жыйындары башынан эле жабык болгон. Жогорку Соттун соңку чечим дагы жабык түрдө чыкты. Адвокаттын айтымында, бул иш башынан эле мыйзамсыз түрдө жабык жашыруун каралган.

"Иш боюнча көп мыйзам бузуулар болгон. Экспертизалар жакшы болгон эмес, бүт эле фальсификация болгон",-деди Тимур Жанаев.

Image caption "Элдик парламент" президент Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылган билдирүүлөрдү 2016-жылы 17-майда жасаган

"Элдик парламент" саясий бирикмесинин лидери Бекболот Талгарбеков 2016-жылы 17-майда ошол убактагы президент Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып тынчтык митингге чыгарын билдиргенден кийин УКМК тарабынан кармалган. Сот аны бийликти күч менен кулатуу аракетин жасады деп айыптап, он төрт жылга эркинен ажыраткан. "Элдик парламенттин" башка мүчөлөрү Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилген болчу.

"Элдик парламент" ошондой эле Атамбаевдин айланасындагы чоң кызматта отурган адамдардын ишин элдик комиссия түзүп текшертүү, 2010-жылы өлкө түштүгүндө болгон кандуу окуянын күнөөкөрлөрүн жоопко тартуу үчүн Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу керек деген чакырыктарды да жасаган.

Талгарбековдун окуясы Атамбаевдин убагындагы саясий куугунтуктун жана адам укуктарын одоно тепсөөнүн кашкайган мисалдарынын бири катары каралууда. Кыргызстандагы "Саясий туткундарды коргоо комитети" Атамбаевдин убагында бийликке каршы сүйлөп же анын чечимдерине каршы чыккан адамдарга козголгон кылмыш иштеринин баарын саясий куугунтук катары баалап келатат. Ошондой саясий куугунтук менен камалган саясатчылардын ичинен Талгарбековдун аты биринчилерден болуп аталып келаткан.

Бекболот Талгарбеков өз кезегинде ырайым сурап президент Жээнбековго арыз менен кайрылбай турганын билдирген болчу.

"Элдик парламенттин" жактоочулары саясий куугунтук менен камалган саясатчылардын ишинде акыйкаттыкты жана укук үстөмдүгүн камсыз кылууга азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун саясий эрки жетет деп ишенип жатышканын билдиришүүдө. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар