ЖЭБ: Уурдалган кредит иши сотко өттү

Бишкек ЖЭБдеги коррупция жөнүндө иштин тергөөсү бүтүп, сотко ашырылды. Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Бишкек ЖЭБдеги коррупция жөнүндө иштин тергөөсү бүтүп, сотко ашырылды.

Бишкек ЖЭБдеги коррупция жөнүндө кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, ЖЭБди жаңылоонун башында туруп, кредит алуу боюнча чечимдерди абыл алган сегиз кишинин кылмыш иши Свердлов райондук сотунда каралат.

ЖЭБдеги уурдалган кредит ишин иликтөө Кыргызстанда коррупцияга айыпталып, өкмөттү башкарган чоң саясий жетекчилер кармалган биринчи окуя болуп калды.

"Исаковдун күнөөсү далилденди"

Бишкек ЖЭБдеги насыя коррупциясы боюнча экс премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, мурдакы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана Айбек Калиев баштаган энергетика тармагынын бакандай төрт жетекчиси сот алдында жооп берет.

Баш прокурор бүгүн парламентте экс-премьер-министр Сапар Исаковго карата айып корутундусу бекитилгенин билдирди:

"Сапар Исаков кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, подрядчикти тандоо, келишимдин баасын бекитүү жана ага кол кою маселесин түздөн түз чечип, аларды ишке ашырганы аныкталып, далилденди".

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов

ЖЭБди жаңылоо үчүн алынган кредитти ысырап колдонгону үчүн Сапар Исаков Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат.

Аталган кылмыш иштеги калган жети фигурант ушул эле берененин экинчи бөлүгү менен "коррупцияны аткаруудагы шериктештик" беренеси боюнча айыпталууда.

Баш прокурор бүгүнкү күнгө айыпталгандардын 413 миллион сомго тете мүлкү камакка алынып, калган мүлктөрү изделип жатканын билдирди.

"Уурулар жооп бериши керек"

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина жыйында ЖЭБди модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимди ишке ашырууга Жогорку Кеңеш макулдугун бергенин эскертип, комитет төрагалары, ошол кездеги спикердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү.

Буга ЖКнын ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбеков ал маанилүү келишим 11-сентябрда (2013) парламентте бир күндө үч окуудан өткөнүн ырастап, бирок ал келишим долбоору ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлган "мыйзам долбоорун токтоосуз карап берсин" деген каттын коштоосунда келгенин айтты. Андыктан ратификация процедуралык эрежелерге шайкеш өткөнүн баса белгиледи.

"Мен түшүнүп атам. Кечээ адвокат Нурбек Токтакунов сүйлөдү. Ал кимдин адвокаты экенин билесиңер. Алардын айласы жок. Эптеп кутулуш керек. Бирөөнү жамандаш керек. Бирөөгө оодарыш керек. Ал -Жогорку Кеңешке. Уруулар жооп бериши керек. Биздин да талабыбыз ошол. Ким күнөөлүү болсо, жооп бериши керек", -деди Асылбек Жээнбеков.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption ЖКнын мурдакы төрагасы Асылбек Жээнбеков

Баш прокурор Карамушкинанын суроосу боюнча ортого түшүп, ал ратификация азыр күчүндө экенин, насыянын өзү мыйзамдуу экенин айтты.

Коопсуздук кеңеши да буга чейин депутаттардын жоопкерчилигин териштирүү болбойт деп билдирген.

"Коррупцияга малынган эмесмин"

Тергөө материалдары боюнча, ЖЭБди жаңылоодо убагында "жумурга кеткен" акчалардын жалпы суммасы беш жарым миллиард сомго чукул болуп жатат. Бул кылмыш иши боюнча тергөө материалдары 53 томко тигилди.

Сапар Исаков өзү ЖЭБ боюнча ага коюлган айыптардын баарын буга чейин четке кагып келди.

"Сапар Исаков коррупционер деп мага доомат коюп айтып жатасыз. Айып коюудан мурун фактыларды келтириңиз. Өзүм эч качан коррупцияга малынган эмесмин жана малынбайм дагы. Мына бул жерде тийиштүү органдар отурат. Мен ар бир сөзүм үчүн жооп берем жана менин дарегиме айтылагандарды четке кагам",- деген эле Исаков былтыр 16-майда ЖЭБ маселеси боюнча өткөн парламенттеги талкууда.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Mурунку премьер-министр Сапар Исаков

Уурдалган кредит боюнча шектелип жаткандардын көбү Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдары болуп, Сапар Исаков өзүнө карата айыптоолорду буга чейин "саясий куугунтук" деп да сыпаттаган. Бирок бийлик бул коррупцияга каршы күрөш экенин айтып келет.

Бүгүн Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖЭБдеги коррупцияга экс-президенттин тиешесине да укуктук баа берилерин айтты:

"Экс-президентке караштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынды. Тергөө тобу ага өзүнчө укуктук баа берет".

Атамбаев буга чейин ЖЭБди реконструкциялоого ТВЕА компаниясын туура тандап алганы, ал ишти эң арзан баада бүткөрүп бергени, ал эми ЖЭБдеги авариянын себеби кышка даярдык маселесиндеги шалаакылык болгонун айткан.

Ошентип ЖЭБдеги коррупциялык иш - кылмышы менен саясаты чиркелишкен соңку бир жылдан бери уланып келе жаткан эң чуулгандуу иштерден болууда.

Тектеш темалар