Мугалимдин санаасы: Айлыкка пайызы төп келбеген ипотека

Кыргыз өкмөтү жыл соңуна чейин мамлекеттик ипотекалык насыяны сегиз жана алты пайызга чейин төмөндөтүүнү көздөп жатат. Өкмөттүн бул долбоору мындан төрт жыл мурун ишке кирип, аз айлык менен турак-жайга жетпей жүргөндөрдү колдоо максаты болгон.

Нуриза Болотбекова борбор калаада батирде жашап, жетер-жетпес айлыгына кайыл болуп мектепти таштап кетпей иштеп жүргөн жүздөгөн агартуучулардын бири.

"Үч баламды жалгыз тарбиялайм. Батирде жашайм. Мектепте он жылдан бери психолог болуп иштейм. Алган айлыгым 11 миң сом. Анын 8 миң сому батирдин ижарасына кетет. Калганы күнүмдүк чыгымдарга дагы жетпей калат",-дейт Нуриза Болотбекова.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Учурда кезегин күткөн бюджеттик кызматкерлер үч миңден ашуун

Нуриза сыяктууларга өкмөттүн турак-жай менен камсыздоо программасы чоң үмүт берген эле. Бирок анын шыр эле иштеп кетпей, каржылоо жагынан аксап жатканы мурдагы кубанычтарга суу сепкендей болду.

"Жеткиликтүү турак-жай программасы жаңы ишке киргенде эле батир алуу үчүн насыя сурап арыз жазгам. Андан бери үч жыл өттү. Үмүттөнүп күтпөй деле калдым. Эгер кезегим келип калса деле алдын-ала төлөнүүчү каражатты кайдан табам билбейм"- деди Нуриза Болотбекова.

Долбоор канчалык натыйжалуу иштеп жатат?

Учурда кезегин күткөн бюджеттик кызматкерлер үч миңден ашат. Орточо эсеп менен алганда, бир кызматкерге бир миллион 200 миң сомго чейин турак-жай үчүн насыя берилет. Өкмөттүк казынадан болсо, бир жылга беш жүз миллион сом гана каралган.

"Быйыл бөлүнгөн беш жүз миллион сом эсепке түшө элек. Түшкөн шартта деле бул каражат жетишсиз. Беш жүз миллион сом беш жүз гана кишиге бергенге жетип калып жатат. Ошондуктан өкмөттөн дагы кошумча эки миллиард сом сурайлы деп жатабыз",- дейт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев.

Image caption "Жеткиликтүү турак-жай" долбоору 2015-жылы ишке кирген

Өкмөт 2019-жылдын соңуна чейин ипотекалык насыянын пайыздык төлөмүн азайтууга белсенип жатат. Эгер жаран алгачкы салымдын он пайызын төлөсө, ага насыя сегиз пайыз менен берилет. Жыйырма пайызын төлөсө жети, ал эми отуз пайызын төлөсө алты пайыз менен бериле баштайт.

"Жеткиликтүү турак- жай" долбоору 2015-жылы ишке кирген. Алгачкы жылдары бюджеттик мекемелердин кызматкерлери ипотекалык насыяны 10-12 пайыз менен алган. 2016-жылдан тарта бул көрсөткүч 9-11 пайызга, 2017-жылы 8-10 пайызга, 2018-жылы 7-9 пайызга түшкөн.

Ипотека алуунун шарттары

Бишкектен ипотекалык насыя алуу үчүн айлык киреше жыйырма миң сомдон жогору болушу керек. Ага үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси дагы кошулуп эсептелет. Бирок мектепте же ооруканада иштеген катардагы кызматкерлердин айлыгы буга караандабайт.

"Биздин мектептеги мугалимдердин көпчүлүгү жаш үй-бүлөлөр, батирлерде жашайт. Билим берүү тармагына ипотекалык насыяны пайыздык көрсөткүчү жок эле берсе, биз үчүн чоң жеңилдик болмок",- деди Нуриза Болотбекова.

Image caption Өкмөт 2019-жылдын соңуна чейин ипотекалык насыянын пайыздык төлөмүн азайтууга белсенип жатат

Мамлекеттик ипотекалык насыя алуу үчүн бюджеттик мекемеде иштегендердин тажрыйбасы үч жылдан кем болбошу керек. Ал эми жаш курагы 21 жаштан 65 жашка чейин болуусу зарыл.

Өкмөт турак-жай менен камсыздоо программасы аркылуу өзгөчө мугалимдерге жана дарыгерлерге колдоо көрсөтүүнү чечкен эле. Ага ылайык, төрт жыл ичинде өлкө боюнча төрт миңге чукул жаран жеңилдетилген насыя алган. Бирок өлкөдө мындай жеңилдетилген насыяга муктаж болгондордун саны миңдеп саналат.