Футбол чемпионаты убагында кырсыктаган Чыңгыз: "Элдин деми куткарды"

Чыңгыз Анарбек уулу: Милиция келип, алып кетти. Алып баргандан кийин абдан көп суроо беришти, шектеништи. "Сен террористсиң! Сени үй-бүлөң менен жок кылабыз" деген сыяктуу сөздөр айтылды. Мен эгерде ошондой адам болсом, силердин колуңардан келет, керек болсо мени ушул жерден атып салгыла дедим. Сүрөттүн автордук укугу Chyngyz Anarbek uulu
Image caption Чыңгыз Анарбек уулу: Милиция келип, алып кетти. Алып баргандан кийин абдан көп суроо беришти, шектеништи. "Сен террористсиң! Сени үй-бүлөң менен жок кылабыз" деген сыяктуу сөздөр айтылды. Мен эгерде ошондой адам болсом, силердин колуңардан келет, керек болсо мени ушул жерден атып салгыла дедим.

Орусиядагы футбол чемпионаты учурунда кырсыкка учураган кыргызстандык мигрант Чыңгыз Анарбек уулу мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду. Түнү бою уктабай иштеген мигранттын жол кырсыгы бир эле Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө да талкууга түшкөн эле.

Би-Би-Си Чыңгыз Анарбек уулунун өзү менен байланышып, анын абалын сурады.

Чыңгыз Анарбек уулу: Бүгүн саат тогузга жакын бошонуп, чыктым. Кудайга шүгүр, баары бүттү. Биринчиси жана акыркы болсун.

Би-Би-Си: Оор сыноодон кийин өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

Чыңгыз Анарбек уулу: Кудайга шүгүр, президентибизге, премьер-министрибизге, "Замандашчылардын" ар бирине абдан чоң рахмат! Күйүп чуркап жүрүштү.

Би-Би-Си: Чыңгыз, ошол кырсык учурунда социалдык тармакта абдан көп киши сиздин таламыңызды талашып, колдоо көрсөтүп жатты. Элдин колдоосун сездиңизби?

Чыңгыз Анарбек уулу: Өзүңүз билесиз да, абакка киргенде бизге телефон берилбейт. Беш айдан кийин гана түзөтүү борборунда телефон колума тийди. "Ютубдан" карап, апамдар менен кенен сүйлөшүп, ошондо гана биле баштадым. Абдан толкунданып, кыргыз элим мени көтөрүп, сөз менен айта алгыс жакшы сөздөрүн айтып, ар бири өзүнүн үй-бүлөсүндөй, баласындай көрдү. Абдан жакшы карап, жакшы сүйлөп жатышты. Мени элдин деми куткарды, элдин деми менен чыктым.

Сүрөттүн автордук укугу Social
Image caption 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу Орусиядагы Дүйнөлүк футбол чемпионаты учурунда унаасын башкара албай, жол боюндагы бир нече адамды сүзүп кеткен эле

Би-Би-Си: Учкай болсо дагы ошол окуяга кайрылып өтсөк. Анткени, бизге көп жагы так болбой калды. Чындап окуя кандай болгон?

Чыңгыз Анарбек уулу: Таксиде 22 саат иштепмин. Келип токтодум.Токтогондон кийин эле ушунчалык уйкусурап жаткан элем. Акыркы кардарымды жеткирип коюп, эс алып эртең чыгам деген ойдо тургам. Арадан 1-2 секунд өттү, ошол эки секунддун ичинде өзүмдү билбей калдым. Аң-сезимим кадимкидей эле лампочканы өчүргөндөй эле өчүп калыптыр. Билбей калдым. 1-2 секунддун ичинде көзүмдү ачтым. Ачканда эле машинаны бурдум, токтотом деп эле тормоз тепкендей болгом. Көрсө тескерисинче газды тээптирмин. Газдан кайра бутумду тартып алганча эле эбак элди аралап кеттим.

Бул видеодон кененирээк көрсөңүз болот:

Би-Би-Си: Жаракат алгандар менен жолуктуңузбу? Алар сиз жөнүндө кандай пикирде болду?

Чыңгыз Анарбек уулу: Алар сотко келип жатышты. "Бул бала түрмөгө отурбасын, чыксын, атайылап кылган жок" деп жатышты. Бардыгы сотко келип жатты, ошондо көрдүм. Акыркы ирет сот өкүмү чыгаарда көрдүм. "Дообуз жок" деп турушту. Бул үй-бүлөсүн багам деп жүргөн бала, бул эч качан атайылап кылган жок деп тескерисинче колдоо көрсөтүп, соттун алдында бардык жакшы сөздөрүн айтып жатышты. Ошентсе деле бирок мыйзам деген мыйзам экен. Ɵзүм күнөөлүүмүн, башка эч ким күнөөлүү эмес. Жыйынтыгында соттун чечими чыгып, бир жыл алты айга жаза мөөнөтүн берген.

Би-Би Си: Орусиянын укук коргоо органдары, милиция сизге кандай мамиле кылды?

Чыңгыз Анарбек уулу: Биринчисинде, ишенсеңиз мен өзүмдү билбейм. Өзүңүз деле телевизордон көрдүңүз болуш керек. Мени башында эл аябай сабап, урду. Милициялар урган жок. Айланадагылар болсо мени атайлап ушундай кылды деп ойлоду. Ур-тепкиге алганы ошол. Мен жан соогалап качтым, аны көрдүңөр да. Ошол жерде качканымды да билбейм. Ачууга алдырган топ киши, кудай билет, балким, өлтүрүп да коёт беле. Ошон үчүн качтым, нес болдум. Машинаны токтотуп, жардам берейин деген ой бар эле, чыкканча эле ары жактан 30-40 ка жакын адам келип уруп-согуп баштаганда качып жөнөдүм.

Качкандан кийин, ары жакка барганда абдан ургулап, тепкилеп жатышты. Бир аздан соң милиция келип, алып кетти. Алып баргандан кийин абдан көп суроо беришти, шектеништи. "Сен террористсиң! Сени үй-бүлөң менен жок кылабыз" деген сыяктуу сөздөр айтылды. Мен эгерде ошондой адам болсом, силердин колуңардан келет, керек болсо мени ушул жерден атып салгыла дедим. Ошол жерде 30-40 журналист тартып жаткан эле, бирок бул сөзүм жарыяланбаптыр.

Сүрөттүн автордук укугу Chyngyz Anarbek uulu
Image caption Чыңгыз Анарбек уулу: Сотто айттым, апа өзүңүздү кармаңыз, мен эркек баламын, уулуңуз күчтүү деп дем бердим. Апа ойлонбоңуз, кудайга шүгүр баары жакшы болуп кетет деп келдим. Апамды көргөндө жүрөгүм эзилип турду.

Би-Би-Си: Милиция ошенттип айттыбы?

Чыңгыз Анарбек уулу: Ооба. Милицияга, ФСБ кызматкерлерине, генералдарына айтым. Мен теракт дегенди түшүнбөйм, билбейм. Кыргыздын канында болгон эмес, болбойт дагы деп кайталай бердим. Мен иштеп жүргөн баламын дедим.

Андан кийин алар бардык маалыматты текшерип баштады: кайсыл жерде токтодум, кайсыл жүргүнчүнү алдым. Бардыгын ийне-жибине чейин минутун, секундун текшерип чыкты. Сегиз жылдан бери Москвада жүрөм, бир дагы мыйзам бузганымды тапкан жок.

Би-Би-Си: Чемпионат учурунда, чынын айтканда, көбүрөөк киреше таап алайын деген ниетте бир топ эле кыргызстандыктар сиз сыяктуу иштөөгө аракет кылса керек?

Чыңгыз Анарбек уулу: Сөзүңүз туура, ошондой болду. Ашпозчу болуп иштеп жүрчүмүн. Досторум чакырып: "Жакшы иш болуп жатат, сенин деле айдоочулук күбөлүгүң бар да, келип иштебейсиңби? Бир ай иштеп алабыз, жакшы болот",- деп айтышкан. Алар жакшы ой менен чакырышты, мен да жакшы ой менен баргам. 15 күндөй эле болгон иштеп жатканыма.

Би-Би-Си: Абактын абалын баарыбыз түшүнөбүз, бирок ошондой болсо дагы, сиз кармалган жердин абалы кандай экен? Ал жерде сизден башка кыргызстандыктар бар бекен?

Чыңгыз Анарбек уулу: Үч-төртөөн көрдүм. Анда дагы, сотко баратканда, КАМАЗдын ичинен көрдүм. Себеби чогуу кетебиз да. Азыркыга чейин өзүмдөн-өзүм коркуп, рулга жолой албай коркуп турам.

Би-Би-Си: Апаңыз, окуя болгондон кийин, уулум мындай ишке барбайт эле деп, сиздин артыңыздан Москвага чейин барбадыбы. Апаңызды көргөндө кандай сезимде болдуңуз?

Чыңгыз Анарбек уулу: Сотто айттым, апа өзүңүздү кармаңыз, мен эркек баламын, уулуңуз күчтүү деп дем бердим. Апа ойлонбоңуз, кудайга шүгүр баары жакшы болуп кетет деп келдим. Апамды көргөндө жүрөгүм эзилип турду. Жүрөгүм эзилсе дагы, уул болгондон кийин апамдын көңүлүн көтөрүп, мен жакшымын, баары жакшы деп, кайраттуу болгонго аракет кылдым.

Тектеш темалар