Бишкектеги исламофобия: аялдарды сарсанаа кылган сакал

Исламобия эң биринчи диндин сырткы белгилерине карата пайда болорун изилдөө көрсөттү.
Image caption Исламобия эң биринчи диндин сырткы белгилерине карата пайда болорун изилдөө көрсөттү.

Исламофобия көбүнчө улуу муундагы аялдар арасында көп учураган көрүнүш экенин Бишкекте болгон изилдөөлөр көрсөттү. Алар диндин ички маңызынан эмес, сакал, хиджап сыяктуу анын сырткы белгилеринен биринчи кезекте чочулашат.

70 жылдан ашык атеисттик коомдо жашаган элдин арасында исламдашуудан коркуу маанайы болбой койбой турганы түшүнүктүү. Ошол себептүү исламофобия көбүнчө улуу муундагылардын арасында көп кездешет. Чынында эле Бишкектеги мечиттерге баргандар өнчөй жаңы муун, жаштар. Элүүдөн өткөндөрү аз.

Мындан сырткары, исламдашуудан коркуп-үркүү маанайы эмнегедир эркектерге караганда аялдарда көп учурайт. International Alert эл аралык уюму Бишкекте жана анын чет жакасында жүргүзгөн чакан сурамжылоо ушуну көрсөттү.

"Изилдөөнүн жыйынтыгында исламофобиянын кызык бир сүрөтү келип чыкты. Бул негизинен шаардын борбордук бөлүгүндө жашаган, совет мезгилинде калыптанган, улгайып бараткан аял кишилер экен",-деди Би-Би-Сиге Расул Момуналиев, International Alert уюмунун менеджери.

Эң башкысы, исламофобия көбүнчө диндин ички маңызына карата эмес, сакал, хиджап сыяктуу анын сырткы белгилерине көп пайда болот. Чынында эле кара жоолукка чүмкөнгөн кыз-келиндерди же сакал койгондорду жактырбай сүйлөгөндөр көп. Алар бул жерден улуттук маданиятка коркунучту көрүп, динге жамынган арабдаштыруу деп айтышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу Alamy
Image caption Эки жылча мурда мына ушундай баннерлер Бишкектин көчөлөрүнө илинген эле.

Эксперттер өз кезегинде исламофобиянын келип чыгуу себептерин диний сабатсыздыктан, андан келип чыккан стереотиптик мамиледен да көрүшөт. Ошол себептүү динден кабары жоктордун көзүнө сакалчандар менен жоолукка чүмкөнгөндөр экстремист көрүнүшү мүмкүн.

"Диний радикализм деп туура эмес терминди айтышат. Бул туура эмес. Туурасы радикалдар же радикализм исламдашууда же алар динди пайдаланып жатат деп айтышыбыз керек",- дейт Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов.

Кыргызстан демократиялык мамлекет куруу шартында диний эркиндикти камсыз кылууда. Бирок бул процесс оңой жүргөн жок. Атеисттер менен дин тутунгандар ортосунда, улутчул маанайдагы күчтөр менен мусулмандар ортосунда, же мусулмандар менен протестанттар ортосунда каршылык маанай конфликтке алып келген учурлар бар.

2016-жылы Ала-Бука районунда баптист келиндин сөөгү мусулмандар көрүстөнүнөн казылып алынып, христиандар көрүстөнүнө да коюлбай, бир топ күн жерге берилбей турганы улуттун бетине чиркөө болгон кейиштүү окуя болуп калды. Соңку эле мисал, 1-январь күнү Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кетишти.

Мамлекет диний араздашуу, кагылышуу диний караңгылыктан болуп жатат деп мектептерде диний сабактарды киргизип, ал эми медреселерде светтик сабактарды окутууга аракет көрүүдө. (КС)

Тектеш темалар