АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтарып берет

  • Венера Алымкул кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Видеонун түшүндүрмөсү,

Видео: Уурдалган активдердин 4,6 млн доллары Кыргызстанга кайтарылат

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда уурдалган активдердин 4,6 миллион доллары Кыргызстанга кайтарылып бериле турган болду. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс келишимге кол койду. Кайтарылган каражат аймактарды өнүктүрүү үчүн жумшала турган болду.

Буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмүскөдөгү кеңешчиси саналган Евгений Гуревич АКШда мыйзамсыз иштери үчүн кармалып, сот тарабынан 6 миллион доллары конфискацияланганы маалым болгон. Бул боюнча кыргыз өкмөтү АКШга Кыргызстандан уурдалган акчаларды кайтарып берүүнү өтүнүп кайрылган. Учурда АКШ өкмөтү каражаттын 4,567 миллион долларын кайтарып берүү алдында турат.

"АКШ Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүн колдойт"

"Каражаттарды кайтаруу эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуунун чоң жетишкендиги болуп саналат. Бул эки тараптуу мамилелер үчүн абдан маанилүү учур. АКШ өкмөтү президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүн колдойт. Ошондой эле коррупцияга малынган чиновниктер тарабынан уурдалган каражаттарды кайтарып берүүдө жардамын аябайт",- деди Элис Уеллс.

Сүрөттүн булагы, RFE-RL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Максим Бакиевдин жакындарынын бири Евгений Гуревич

Евгений Гуревич АКШда алдамчылык үчүн кармалып, соттолуп жазасын өтөп жатканы белгилүү. Ал өткөн жылы "Азаттыкка" берген маегинде өзү жөнүндө жана Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен 300 миллион доллар боюнча айткан эле. Ал ошондой эле Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча кыргыз бийлиги менен кызматташууга даярдыгын да билдирген.

Башкы прокуратура эмне дейт?

Гуревичтин ири сумма тууралуу айткандары тууралуу өткөн жылы Башкы прокуратура дагы Жогорку Кеңеште маалымат берген. Анда баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Бакиевдердин активдерин издөө аракеттери токтобой жүрүп жатканын айткан. Ошондой эле ал Кыргызстандын укук коргоо органдары азыркы убакта АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич менен кайрадан кызматташууга даяр экенин билдирген.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов

"Бакиевдердин 300 миллион доллар уурдагандыгы тууралуу маалымат боюнча Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. 2015-жылдын майында Тергөө башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Мелис Мурзаканов АКШга кызматтык иш сапары менен барып, беш жыл үч айга эркинен ажыратылган Гуревичтин интервьюсуна катышкан. Бакиевдер тарабынан 300 миллион доллар каражаттын чыгарылышы боюнча Гуревич так маалымат берген эмес. Ал Бакиевдин Латвиянын банктарында 300 миллион доллар активдери бар экенин айткан. Бирок аталган акча каражаттардын булагын, компаниялардын аттарын, банк эсептеринин номерин айта алган эмес",- деген эле парламентке маалымат берип жатып баш прокурор Өткүрбек Жамшитов.

Ал эми иштин азыркы жагдайы жөнүндө кайрылуубузду Башкы прокуратура жоопсуз калтырды.

Мурдагы баш прокурор Аида Салянова Бакиевдер тарабынан уурдалган каражаттарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр ал башкы көзөмөл органын жетектеп турганда эле башталганын Би-Би-Сиге билдирди. Алар 2014-жылы азыркы каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын катышуусунда АКШнын тиешелүү органдары менен бул маселени бир нече саат талкуулаганын дагы айтты.

"Туура сүйлөшүү жүргүзө албайбыз"

Жакында эле АКШ менен Англия баш болгон Европа мамлекеттеринде коррупциялык жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча бир топ мыйзамдар кабыл алынды. Бул Кыргызстандын уурдалып кеткен каражаттарды кайтарып алуусуна чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мурдакы президент К. Бакиев Кыргызстанда көп кылмыштар боюнча сыртынын соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган.

"Бирок бул жерде биздин мамлекеттин саясий эрки жана тиешелүү органдардын кесипкөйлүгү керек. Бул эки жагдай боюнча тең бизде көйгөйлөр абдан көп. Эң эле жөнөкөй туура сүйлөшүү жүргүзө албайбыз. Атүгүл документ толтурганда дагы маселелер көп жаралат. Андыктан бул жагынан аксап калышыбыз мүмкүн. Эгер ушул эки маселени чечсек, анда чыгып кеткен каражаттарды кайтарып ала алабыз",- деди мурдагы депутат Равшан Жээнбеков.

2010-жылы бийлик алмашкан окуялардан кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Минскиде, баласы Максим Бакиев Лондондон баш калка сурап, учурда ошол жакта жашап жатканы белгилүү. Он жылга жакын убакыттан бери кыргыз бийлиги алар өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен каражаттарды кайтарып алуу аракетин көрүп келе жатканы менен натыйжалуу жыйынтык чыкпай келген.

Ал эми учурда кайтарылып жаткан 4,6 миллион доллар каражатты өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө, тагыраагы ооруканалар үчүн жабдыктарды сатып алууга, калкты таза суу менен камсыздоого, коррупция менен күрөшүүгө жана ачык-айкындуулукту өнүктүрүүгө жумшай турганын айтууда.