АКШдан кармалган Бакиев байлыгы - кимдин эмгеги?

АКШ Бакиевдердин убагында уурдалган активдердин ичинен 4,6 миллион долларды кайтарып бере турганы белгилүү болду. Бир күн мурда Бишкекте АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уеллс менен КР каржы министри Бактыгүл Жээнбаева тийиштүү келишимге кол коюшту. Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ушундай болуп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу KHABAR.KZ
Image caption Мурдагы президент Курманбек Бакиев

Бирок мурдакы башкаруучулар уурдады делген акча канча сумма экени так айтылбай келет. Максим Бакиевдин тымызын кеңешчиси Евгений Гуревич "Азаттыктагы" маегинде Бакиевдер Кыргызстандан 300 миллион доллар каражатты мыйзамсыз чыгарып кеткенин айткан эле.

Akin Gump эмне болгон компания?

Бакиевдердин убагында уурдалып кеткен каражаттарды кайтарып алуу аракети мурдагы баш прокурор Аида Салянованын учурунда башталган экен. Салянованын Би-Би-Сиге берген маалыматына ылайык, алар 2014-жылы азыркы каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын катышуусунда АКШнын тиешелүү органдары менен бул маселени бир нече саат талкуулаган.

Акыры Башкы прокуратура Akin Gump эл аралык юридикалык компаниясы менен тыгыз иш алып бара баштаган.

"Бул ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянованын түздөн-түз эмгеги. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Анткени, ал өзү АКШга барып, иштин башын баштап келген. Бирок ал жакта процедура өтө оор болот. Чечимди шашпай кабыл алат. Мына азыр ошол жолугушуулардын жыйынтыгында каражаттарды кайтарып берип жатат",- деди "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Башкы прокуратуранын берген маалыматына ылайык, Akin Gump менен түзүлгөн келишим бонча кайтарылган акчанын 33 пайызы ишканада калат экен. 4,6 миллион доллардан ашык каражатты алып келүүгө да ушул кампаниянын түздөн түз тиешеси бар деди башкы көзөмөл органы. Бирок Бакиевдердин активдери тууралуу маселе парламентте каралып жатканда компаниянын үлүшү боюнча нааразы пикирлер болгон.

Сүрөттүн автордук укугу RFE-RL
Image caption Максим Бакиевдин жакын кеңешчиси Евгений Гуревич

"Кайтарылып жаткан алты миллион доллардын 33 пайызын Akin Gump компаниясы өзү алат. Бул келишимди негиздүү деп ойлойсузбу? Маселен 100 миллион доллар табылса, анын 33 миллион долларын алып калат экен. Мындай келишимдер болбошу керек. Маселен, каралардын деле баасы мындан төмөн да",- деген эле депутат Рыскелди Момбеков.

"Уурдалган каражат 300 миллион доллардан дагы көп болушу мүмкүн"

Евгений Гуревичтин Бакиевдер Кыргызстандан 300 миллион доллар чыгарып кеткени тууралуу айткандары экс-президенттин жакындары уурдаган каражаттар жөнүндө талкууга жем таштады. Аида Салянова "Азаттыктагы" маегинде Бакиевдердин "АзияУниверсалБанкы" аркылуу гана чыгарып кеткен каражаты 240 миллион долларды түзөт деп айткан эле. Ал эми башка субъектилерди эске алганда, уурдалган акча мындан алда канча көп болушу мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу SOCIAL MEDIA
Image caption Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Равшан Жээнбеков учурда уурдалган активдерди кайтарып алуунун ыңгай келип турганын айтууда. Анткени жакында эле АКШ менен Англия баш болгон Европа мамлекеттеринде коррупциялык жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча бир топ мыйзамдар кабыл алынган экен. Бул Кыргызстандын уурдалып кеткен каражаттарды кайтарып алуусуна чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

"Бирок бул жерде биздин мамлекеттин саясий эрки жана тиешелүү органдардын кесипкөйлүгү керек. Бул эки жагдай боюнча тең бизде көйгөйлөр абдан көп. Эң эле жөнөкөй туура сүйлөшүү жүргүзө албайбыз. Атүгүл документ толтурганда дагы маселелер көп жаралат. Андыктан бул жагынан аксап калышыбыз мүмкүн. Эгер ушул эки маселени чечсек, анда чыгып кеткен каражаттарды кайтарып ала алабыз",- деди ал.

Коңшу өлкөлөр тажрыйбасы

Башкы прокуратура Бакиевдердин активдерин издөө аракеттери токтобой жүрүп жатканын айтууда. Бирок айрым саясатчылар бул багыттагы ишти чабал деп сындап жатышат. Алыс кетпей эле коңшу Өзбекстанды алсак, кезинде өз өлкөсүндө ишкерчилик жана шоу-бизнес тармагын кармап турган Гүлнара Каримова коррупция боюнча айыпталып, үй камагына алынган. Өзбек бийлигинин аракетинин натыйжасында анын мыйзамсыз тапкан миллиондогон каражаты Европада камакка алынган. Учурда Өзбекстан бул акчаларды кайтаруу аракетин көрүп жатат.

Тектеш темалар