#Metoosebat: Жатаканадагы муштум "тарбиясы"

Биз атайлап каралоо иши жүрүп жататбы деп ойлоп турабыз", - дейт Аталган мекеменин жетекчи орун басары Амирбек Султанмуратов. Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Биз атайлап каралоо иши жүрүп жататбы деп ойлоп турабыз", - дейт Аталган мекеменин жетекчи орун басары Амирбек Султанмуратов.

"Твиттер" коомдук сайтында #metoosebat деген хэштег менен мурунку "Себат" (азыркы "Сапат") билим берүү мекмелеринин бүтүрүүчүлөрү жазган пикирлер кызуу талкууга алынууда.

"Себаттын" бүтүрүүчүлөрү билим берүү мекемесинде мугалимдердин окуучуларга, жогорку класстардын өзүнөн кичинелерге ыдык көрсөткөнү тууралуу ар кандай окуяларды ачык жазышты. Бул коомдук сайттагы өнөктүк "Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин жетекчиси балдарга жыныстык ыдык көрсөткөн» деген арыз каралып, чуу чыккан учурга туш келди.

2002-жылдары "Себат" лицейлеринин биринде билим алган окуучулардын бири Би-Би-Сиге ысымын жашыруун калтыруу өтүнүчү менен маек берди.

"Такай саламдашып, байке деп кайрылышыбыз керек эле. Эгер булар аткарылбаса ур-токмокко алынчубуз. Бирок аябай катуу токмок жеген деле эмесмин. Кээде аскердегидей эле "төпөштөмөйлөр" да болуп кетчү. Ата-энесин сагынган балдарга улуулардын ур-токмогу оор тийип, окуусун таштап кеткендер да болгон. Мугалимдер тарабынан катаал мамиле деле эсимде жок. А жалпысынан лицейдин жакшы жактары абдан көп болчу. Лицей турмушту эле эмес, далай жакшы иштерди үйрөттү. Англис, орус, түрк тилдерин да ошол жерден үйрөндүк",- дейт маектешибиз.

"Себат" лицейинде эки жыл окуп кеткен Ислам Сабырбеков лицейдеги чоң муштумдук тууралуу жогоруда айтылган пикирди ырастоодо.

Сүрөттүн автордук укугу facebook/sema/osh
Image caption Мурун "Себат" деп таанылган лицей, мектептери азыр "Сапат" деп аталып, Кыргызстандагы алдыңкы мектептерден саналат

"Андай нерсе бар болчу, ал талашсыз. Ал тургай тарбиячылар үстүнөн чыгып, кармап калган учурлар болгон. Кээде чара көрсө, айрым учурда көз жумду мамиле кылышчу. Бирок көк ала койдой сабаган учурларды көрбөдүк. Жуурканды үстүңө жаап туруп сабап же жаздыкты бетке жаап коюп тепкилеген көнүмүш ыкмалар бар эле. Муну улуулар кичүүлөрүнө, алар өзүнөн кичүүлөрүнө кайталап кете беришчү. Бир класска 100-200 сом деп салык салып койчу. Жалгыздап келгенде 30-40 сом салык десе болот. Таң аткыча болбосо да түн ичинде келип, уруп-согуп кетмей, бетке өтүк май шыбамай сыяктуу жаман адаттар бар эле. Бирок мунун баарын эле тентектик катары эсептейм. Мындай көрүнүш башка мектептерде четтен табылат. Деген менен ата-энесин сагынып, окуудан кыйналып жүргөн балдарга ур-токмок кошул-ташыл болгондо далайлары окуусун таштап кете берген учурлар болду. Биздин класста да андай мисалдар аз эмес эле",- деди Ислам Сабырбеков.

Сүрөттүн автордук укугу Screen_shoot
Image caption Твиттерде талкуу басылбай турган чак

Атайын жасалган каралообу?

Коомдук сайттарда ушул сыяктуу окуялар кызуу талкууга түштү. "Сапат" билим берүү мекемеси бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Сүрөттүн автордук укугу Screen_shoot
Image caption Твиттерде талкуу кызыды

"Бул боюнча эки күндөн бери аябай иштеп жатабыз. Чынын айтканда мындай кабардын чыгышы бизди да нес кылды. Биз ким жазды, кандай мазмунда жазды деп, баарын талдоого алып жатабыз. Жыйынтыгыбыз көрсөткөндөй ошол хештег менен жазгандардын жарымы окуй албай калган же ар кандай жүрүм-туруму менен окуудан чыгарылгандар да бар экен. Өтө маанилүү жагы бир тобу бул он жылдан ашуун убакыт мурда болгонун жазып жатат. Биз алар менен тааныштар аркылуу, айрымдарына жеке кат жазып да кабарлашып жатабыз. Ал тургай бир канчасына бетме-бет жолугуп, чын-бышыгын билүү аракетиндебиз. Соңку үч жылды алсак мугалим зомбулукка барды же жогорку класстар кордоду деп бир да ата-эне, бир да окуучу кайрылган эмес. Коопсуздук менен балдардын саламаттыгы бизде биринчи орунда. Лицейлерде видео байкоо орнотулган. Жашыруун каттар үчүн атайын үкөктөр да тынымсыз иштейт. Биз атайлап каралоо иши жүрүп жататбы деп ойлоп турабыз", - дейт аталган мекеменин жетекчи орун басары Амирбек Султанмуратов.

Мурун "Себат" деп таанылган лицей, мектептери азыр "Сапат" деп аталып, Кыргызстандагы алдыңкы мектептерден саналат.