Текебаев качан абактан чыгат? Юристтердин эсептөөсү

Текебаев качан абактан чыгат? Сүрөттүн автордук укугу Текебаев качан абактан чыгат?
Image caption Сүрөттүн автордук укугуPHOTO BY NEZIR ALIYEV/ANADOLU AGENCY/GETTY IMAGES

"Адилет" укуктук клиникасынын юристтери абактагы "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев быйыл мартта жатак абакка которуулуга укуктуу дешип, Жогорку Сотко кайрылышты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы буга чейин Текебаев 2020-жылдын февралынан эрте жатак абакка которулбай тургандыгын айткан эле.

Юристтер ЖАМК Өмүрбек Текебаевдин жаза мөөнөтүн эсептегенде, саясатчыга карата эки жыл сегиз айлык мунапыс мөөнөтүн эсепке албай жатат деп жатышат.

Эски кодекс менен эсеп

"Адилет" укуктук клиникасынын өтүнүчүнөн кийин Биринчи май райондук соту "Ата Мекендин" абактагы лидеринин ишин кайра кароону 23-апрелге белгиледи.

"Азыр Текебаевге карата мурдагы 1999-жылкы Жазык кодексинин редакциясынын 50- беренеси колдонулушу керек. Мыйзамда так, даана жазылган жаза өтөө мөөнөтүнүн 2\3 бөлүгүн өтөгөндөр жатак-абакка которулганга укуктуу деп. Текебаев сегиз жылга кесилген, сегиз жылдын 2\3 бөлүгү - беш жыл төрт ай болот. Калганы эки жыл сегиз ай болуп атат, ал мөөнөт амнистия менен 1\3 бөлүк деп кыскарылган болчу, ошондо Текебаев 21-март 2019-жылы жатак-абакка которулганга укуктуу", - деп түшүндүрдү Би-Би-Сиге "Адилет" укуктук клиникасынын юристи Эмил Жандаев.

Жаңы кодекстер күчүнө кирип жаткан маалда атайын мыйзам кабыл алынып, анда эски Кылмыш кодекси менен соттолгон жарандарга эски Жазык кодексинин 50-беренеси колдонулат деген чара киргизилген,-дейт юрист. Мындан улам Текебаевдин да жаза өтөө мөөнөтү эски Жазык кодекси менен эсептелиниши шарт.

"ЖАМК жаңылат"

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы күчүнө кирген жаңы кодекстерди эске алуу менен 350 адамдын ишин кайра карап чыгуу боюнча февралда сотко сунуштама келтирди. Анын ичинде "Ата Мекендин" абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин иши да бар экенин ЖАМК Би-Би-Сиге тактады.

Атайын прокуратура эми үч ай аралыгында ал сунуштамалар боюнча жообун берет.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Өмүрбек Текебаев коррупция үчүн айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган

Бирок 24-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшенбиев жаңы кодекс менен эсептегенде деле Өмүрбек Текебаевдин жатак абакка которулуу мөөнөтү 2020-жылга барат деген:

"Ал кишинин (ред. Текебаевдин) ишин жаңы кодекс менен караганда деле жатак абакка чыгуу мөөнөтү эмдиги жылга туура келет. 2020-жылы 10-февралда чыгат. Жатак абакка чыкканда мыйзам боюнча карантинде болот. Андан кийин жатак абагынын администрациясынын чечимине ылайык, ал иши келишим менен үйүнө чыгарылат. Бирок жумасына бир жолу тийиштүү маалда келип, катталып турушу керек".

"Адилет" укуктук клиникасынын юристтери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Текебаевдин жаза өтөө убактысын саясатчыга карата мунапыс менен кыскартылган эки жыл сегиз айлык мөөнөттү эске албай эсептеди деп жатышат.

Юристтер бул талашка Баш прокуратура гана чекит кое алат деп жатышат. Бирок башкы көзөмөл органы комментарий берүүдөн баш тартып жаткандыгы айтылууда.

"Текебаев күчтүү саясий фигура"

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевдин жаза аткаруу мөөнөтүндөгү мындай эсептик чаташууну 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоо менен байланыштырышкан. Текебаевдин саясатта аба ырайын өзгөртө алчу дарамети учурдагы бийликти чочулатып атышат дешкен.

"Текебаев шайлоо алдында түрмөдөн чыкса, анда саясий туткун, мурунку бийликтен запкы жеген улуттук баатыр болот. Азыр саясатта күчтүү саясатчылар калбай калды. Ал эми Текебаевдин харизмасы бар. Саясий талаадагы саясатчылар менен салыштырсак, тараза ташы ага ооп кетет. Ошон үчүн чочулап жатышат, саясатта өтө эле күчтүү фигура",- дейт аналитик Марс Сариев.

Сүрөттүн автордук укугу knews.kg
Image caption "Текебаев күчтүү саясий фигура"

"Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаев орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, 2017-жылдын февраль айынын аягында камакка алынган. Сот Текебаевди күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган.

Өмүрбек Текебаев өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, аны жалган жалаа жана саясий куугунтук деп билдирген.

Текебаевдин иши Бишкек шаардык сотунда, андан соң Жогорку Сотто да каралып, райондук соттун чечими күчүндө калган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар