Көмүскө экономика көйгөйү

Кыргыз өкмөтү өлкөдө көмүскө экономика отуз пайыздан ашканын айтып кабатыр. Андан улам орто эсеп менен бюджетке жыйырма миллиард сом каражат түшпөй калып жатыптыр.

Сүрөттүн автордук укугу Busakorn Pongparnit
Image caption Кыргыз өкмөтү өлкөдө көмүскө экономика отуз пайыздан ашканын айтып кабатыр

Өкмөт санарипештирүүнү көмүскө экономикадан чыгуунун бирден-бир жолу катары кароодо. Кыргыз бийлиги өлкөгө кирип жана чыгып жаткан товарларды электрондук каттоого алуу менен маселени чечүүгө боло тургандыгын айып жатат. Көмүскө экономиканы жок кылуу үчүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жумуштарын тездетүү аракетин дагы көрүүдө.

"2019-жылы фискалдаштыруу маселесин күчөтүшүбүз керек. Ошондо аткезчилик токтойт. Күйүүчү май, буудай, жыгач өлкөдө канча көлөмдө колдонулуп жатканын билебиз да. Ушул эле товарларды түн ичинде келип, эки эсе арзан алып кетип жаткандыктарын айтышууда. Бул эмнени түшүндүрөт, аткезчилик да",- деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Көмүскө экономикадан чыгуунун жолдору

Экономисттердин айтымында, Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекет үчүн көмүскө экономиканын көлөмү отуз пайыздан жогору болуп жатканы жакшы эмес. Учурда өлкөгө ири инвесторлордун келбей жатышынын бирден-бир себеби дагы ушул болууда.

"Көмүскө экономиканын жогорулап жатышы жергиликтүү ишкерлерге терс таасирин тийгизүүдө. Атаандаштык төмөндөй. Кыскасы негативдүү таасирлери абдан чоң. Биздин базар чакан. Андыктан маселени тез арада жолго салып коюуга мүмкүнчүлүк бар",- деди ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыгулов.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Өкмөт санарипештирүүнү көмүскө экономикадан чыгуунун бирден-бир жолу катары кароодо

Көмүскө экономиканын пайда болуу себептери арбын экенин адистер белгилешет. Бул биринчи кезекте мыйзамдардын так эместиги, ийкемдүү салык саясатынын жоктугу.

Ошондой эле ишканаларды текшерүүчү жана тескөөчү кызматтардын көптүгү жана алардагы коррупциянын жоюлбай жатышы.

"Көмүскө экономикадан чыгуу үчүн мыйзамдарды жөнөкөйлөштүрүп, ал барына бирдей иштеши керек. Тиешелүү мамлекеттик кызматтардын биргелешип иш алып баруусу дагы өтө маанилүү. Биздин негизги көйгөй бажыдан аткезчилик жол менен кирип жаткан товарлар. Алардын кириши менен бизде таза иш алып барган ишкерлер жабыркап жатат",- деди ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыгулов.

Өкмөттүн колдоосу

Соңку жылдары кыргыз өкмөтү көмүскө экономиканы жоюп, ишкерлерге шарт түзүү аракетин көрүүдө. Өткөн жылы бизнести негизсиз текшерүүнү кыскартуу үчүн мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнө эки жылдык мораторий киргизилди.

Жаңы түзүлгөн ишканалар дагы текшерүүдөн үч жылдык мөөнөткө бошотулду.

Экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында салык мыйзамдары дагы өзгөртүлдү. Айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгын сексен пайызга кыскартуу жеңилдиги берилди.

Ошондой эле технологиялык жабдыктарды импорттогон ишкерлер бажы төлөмүнөн бошотулду.

Тектеш темалар