АКШ Гулнара Каримовага кылмыш ишин козгоду

Орусиялык МТС телекоммуникациялык компаниясы Өзбекстандагы мыйзамсыз иштери үчүн АКШга 850 миллион доллар айып төлөмөй болду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Буга АКШнын Юстиция министрлиги менен Баалуу кагаздар боюнча комиссиянын иликтөөсү себеп болду. Кошмо штаттардын коопсуздук кызматтары МТС компаниясы Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун үй-бүлөсүнө пара бергенин аныкташкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда сөз болгон каражат президент Каримовдун тун кызы Гулнара Каримовага тиешеси бар ишканаларга которулганын далилдешкен. Вашингтон МТС компаниясы Гулнара Каримованын жардамы менен Өзбекстандагы рынокко чыгып, өз позициясын бекемдей алган деп айтууда.

"Коррупциялык жол менен бизнес курулса, инвесторлор паракор аткаминерлердин колуна түшөт",-деди Баалуу кагаздар боюнча комиссиянын башчысы Чарльз Кейн.

МТС компаниясынын баалуу кагаздары АКШдагы баалуу кагаздар базарында сатылгандыктан, иликтөөнү Орусиянын коопсуздук кызматкерлери эмес, америкалыктар жүргүздү. Ал эми айып пулдун абдан жогору болгону - МТС компаниясынын коопсуздук кызматтары менен кызматташуудан баш тартканы себеп болду. Ага карабастан МТС Өзбекстандагы аракеттери мыйзамсыз болгонун мойнуна алды.

Сүрөттүн автордук укугу ARTYOM GEODAKYAN/TASS

Буга улай эле Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы 46 жаштагы Гулнара Каримовага жана МТСке тиешелүү Өзбекстандагы "Уздунорбитанын" мурдагы жетекчиси 44 жаштагы Бехзод Ахмедовко карата кылмыш ишин козгоду.

Экөө тең мыйзамсыз акчаны адалдаштыруу үчүн кутумга барган деп айыпталууда. 2001-жылдан башталып, он жылга созулган коррупциялык схема аркылуу Каримова болжолу 865 млн доллар пара алган деп айтылууда. АКШ прокурорлору Ахмедовду бул схеманы түзүүгө көмөктөшкөн деп айыпташууда. Тергөө маалыматына караганда Ахмедов Орусияда жашайт.

Каримова болсо өзүнүн мекенинде кайрадан камакка алынды. Буга чейин ал үй камагына чыгарылган эле. Марттын башында сот белгилеген чектөөлөрдү бузганы үчүн кайра камакка алынганы белгилүү болду.

Гулнара Каримованын кайра камакка алынышы

Апта башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун тун кызы кайра абакка кайтарылганы тууралуу маалымдаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Каримова 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган

Башкы прокуратуранын маалыматында, Каримова сот белгилеген чектөөлөрдү бузганы тууралуу айтылат.

Ага бир нече берене менен айып тагылып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Өткөн жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берүү кепилдигин өзүнө алгандыгы үчүн сот тарабынан жазасы беш жылга кыскарып, үй камагына чыгарылган болчу.

Сот Каримовага жашаган дарегин таштап чыгып кетпөө, интернет жана башка байланыш каражаттарын пайдаланбоо, келтирген зыянды мамлекетке кайтаруу сыяктуу милдеттенмелерди таккан. Үй камагын Каримова кызы Имандын үйүндө өткөрүп жаткан.

"Каримова соттун милдеттемесин системалык түрдө бузган",-деди прокуратура. 2018-жылы ноябрда жашаган жерин таштап чыкканы үчүн эскертүү алган экен.

"Бир нече эскертүүлөргө карабастан, Г. Каримова андан тыянак чыгарган эмес. Жаза өтөө шарттарын жана тартибин бир нече ирет бузуп, байланыш каражаттарын, анын ичинде интернетти пайдаланган. Кылмыш ишинде аныкталган зыяндын ордун толтурган эмес",-деп айтылат расмий билдирүүдө.

Февралда Гулнара Каримованын уулу Ислам "Инстаграм" баракчасына тергөөчүлөр апасына басым кылып, медициналык жардам алуусуна уруксат бербей жатканын жазып чыккан. Башкы прокуратура бул айтылгандарды четке каккан эле. Каримованын дарыгерге кайрылуусуна эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирген.

Каримова 2013-жылдан тарта өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна активдүү аралаша баштады. Ал тургай аны президенттин мураскери катары көрүшкөн. Бирок кийин эл көзүнө көп урунбай калды.

Кийин өлкө президентине (Ислам Каримовго) - атасына киргенге мүмкүнчүлүк бербей жатышканын коомдук сайттар аркылуу даттанып жазып жүргөн. Жакындарынын айтымында, 2014-жылдан баштап Кармиова үй камагында кармалган.

2016-жылы Ислам Каримов каза болгондо кызы тажиясына катышкан жок.

2015-жылдын август айында Ташкент соту Гулнара Каримованы "салыкты жашырган", "опузалап акча талап кылган" жана башка кылмыштар менен беш жылга эркинен ажыратат. Кийин "чет элдик валютаны жашырган", "көз боёмочулук кылган", "бажы мыйзамдарын бузган", "кылмыш жолу менен табылган кирешесин мыйзамдаштырган" деген дагы бир кылмыш иши козголду.

Бул эки кылмыш ишиндеги мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 2 млрд долларга чамалайт. (AbA)

Тектеш темалар