Британдык компаниялардын Бишкектеги бизнес форуму

Британдык компаниялардын Бишкектеги бизнес форуму үчүнчү жолу өтүп жатат Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Британдык компаниялардын Бишкектеги бизнес форуму үчүнчү жолу өтүп жатат

Британиялык компанияларды Кыргызстанга Британиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Бритиш экспертиз уюму уюштуруп алып келди. Британия азыр Евробиримдиктен чыгып, андагы компаниялар эски достору менен мамилени кайра куруп, жаңы союздаштарды издеп жаткан убагы. Бул Британия менен Кыргызстан үчүн соода алакасын өнүктүрүүнүн эң сонун учуру деп жатышат.

Бул жолу Кыргызстанга он эки компания келди, алардын ичинде Bloomberg, Cambridge, Crown, Lintelligent сыяктуу белгилүү бренддердин өкүлдөрү бар.

"Биз Улуттук банк менен сегиз-он жылдан тыгыз иштешип жатабыз. Бул биз үчүн абдан көз түшкөн рынок деп айта албаймын, эгер Казакстан же Кавказга салыштырып айтканда. Мен азыр Армения менен Ɵзбекстанга көбүрөөк көңүл буруп жатам. Анткени, бул рыноктор бизге эми ачылып жатат, аларга биз кызыкпай кое албайбыз. Алар биз берген маалыматка муктаж өлкөлөр",-дейт Динара Жумалиева Bloomberg компаниясынын менеджери.

Бишкектеги бизнес форумга келген компаниялардын бири Lintelligent эл аралык бизнести өнүктүрүүгө адистешкен. Кыргызстандагы бизнести Европага же башка экономикалык аймактарга алып чыга ала турган потенциал бар дейт компаниянын директору Евелина Фишер:

"Биз иштеген компаниялардан жыйнаган тажрыйбабыз юридикалык, финансылык кызмат көрсөтүүлөр, капиталды башкаруу. Биз иштеген компаниялардын көпчүлүгү капиталды башкаруу чөйрөсүндө. Бирок биз муну менен эле чектелбейбиз. Биз билим берүү, туризм, өндүрүш боюнча дагы долбоорлорду карап көрөбүз".

Билим берүү демекчи, британдык компаниялардын потенциалын пайдаланууга Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын кызыгуусу болуп жаткандай. Ага-Хан негиздеген Борбордук Азия Университетинин өкүлү Мырза Каримов кеминде британдык үч компания менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө көңүлдөнүп жатат.

Британия менен Кыргызстандын ортосунда сооданын көлөмү туруктуу түрдө өсүүнүн үстүндө келатат. Ɵткөн жылдын жыйынтыгында эки өлкөнүн соодасынын көлөмү 681 миллион доллар болду. Андан мурдакы жылы эле бул көрсөткүч 205 миллион доллар эле.

Тектеш темалар