"Кыргызалтындын" айланасында кайрадан чуу чыкты

Жогорку Кеңеште "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасын текшерүү жөнүндө маселе көтөрүлдү. Депутаттар аталган ишкананын кризис менен чыгашадан арыла албай жатканын сынга алышууда. Мамлекеттин эң чоң алтын ишканасы болсо кирешелүү иштеп жатканын жүйөө тартууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Учурда "Кыргызалтын" ишканасына төрт алтын кенди карайт

"Кыргызалтын" ишканасынын айланасында чуулгандуу маселе биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. 2014-жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн кийин ишкананын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровго кылмыш иши козголуп, ал иштен кеткен. Дилгер Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан өкмөттөн уруксат албай туруп "Центерра Голд" компаниясына 200 миллион долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыпталган.

Жапаровдун ордуна келген Алмаз Алимбеков бул кызматта эң көп отурган жетекчилерден болду. Келгенине төрт жыл болуп калса дагы ишканада эч кандай өсүш жок экенин, мамлекетке киреше алып келбей жатканын депутаттар тармактык комитеттин жыйынында айтып чыгышты.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев

"Комиссия түзүп, текшерип чыгыш керек. Биз киреше алып келип жатабыз деп айтып жатасыз. Эмненин эсебинен киреше таап жатасыз? 250 миллион сомду аффинаждан аласыңар. "Эти батыр Терексай" сыяктуу ишканалар берген жүз миң-жүз миң долларларды алып жатасыз. Бул жерде мамлекетке эмне пайда түштү? Жыргаткан деле пайда жок. "Кыргызалтын" толук айлыгын алат, калганын банкка салат. Бүт өздөрүнө кетирет. Сиз кайсыл жактан акча алып, мамлекетке төгүп жатканыңызды жаш бала дагы билет. Муну эсептегенге көп деле акылдын кереги жок. Маселени мен жалпы жыйынга алып чыгам",- деди Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Кожобек Рыспаев.

Майлуу-сүттүү "Кыргызалтын"

"Кыргызалтындын" маалыматына ылайык, ишкана каржылык кыйынчылыкка дуушар болуп, өз милдетин аткара албай калган учурда Алмаз Алимбеков жетекчи болуп келген. Ал кезде компания карызга белчесинен батып, "Центерра Голд" ишканасынын дивиденди менен жан сактап калган.

Ишкана эки жылдан бери 90 миллион сомдон ашуун таза киреше менен чыкканын айтат. Учурда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн улам, 2017-2018-жылдары "Центерра Голддон" "Кыргызалтын" ишканасына дивиденд түшкөн эмес. Андан тышкары жыл жыйынтыгында республикалык бюджетке 1 миллиард сом киреше алып келген.

"Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан ишканага жана менин маянама карата коюлуп жаткан дооматтар чындыкка коошпойт. Маселени саясатташтырышып жатышат. Мен "Кыргызалтындан" 70 миң сом маяна алам. Андан тышкары "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү катары 4 миң доллар алам. "Кыргызалтындын" директору бир эле учурда "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын директорлор кеңешине мүчө боло алат. 2009-жылы түзүлгөн макулдашууга ылайык, буга мыйзам жол берет",- деди "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков Би-Би-Сиге берген маегинде.

"Кыргызалтындын" жетекчилигинин маянасы чоң, майлуу-сүттүү ишканалардын бири. Дал ушул себептен ишкананын жетекчисине көп сын айтылып, директорлор тез алмашып турат дейт адистер.

Тоо-кен тармагындагы коррупция

"Кыргызалтындын" иши мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда солгундаган. Ишкана лицензияларынан кол жууп, алар жеке ишканаларга сатылып кеткен. Бакиевдин режиминен кийин компания бир топ кен байлыктарды иштетүүгө аракет кылган. Бирок лицензия алууга мүмкүн болгон эмес. Учурда "Кыргызалтын" ишканасы "Алтынкен", "Эти Бакыр Терексай", "Макмал" жана "Солтон-Сары" алтын кендерин иштетет. Адистердин айтымында, мамлекеттик макамга ээ болгон чоң ишкананын төрт гана лицензиясы бар болгону абдан кейиштүү.

"Кыргызалтын" ишканасынын лицензия ала албай жатканынын башкы себеби - коррупция. Мамлекеттик макамдагы ишкана бюджеттин эсебинен лицензия сатып ала албайт. Ал эми башка жеке ишканалар каалагандай сатып алып жатат",- деди тоо-кен тармагы боюнча адис Дүйшенбек Камчыбеков.

Image caption "Кумтөр" алтын кени

Тоо-кен тармагындагы коррупциялык иштер тууралуу маселе жыл башында Коопсуздук кеңешинин жыйынында дагы көтөрүлгөн эле. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бул тармак жемкорлуктун сазына батканын айтып, лицензия берүү иштерин инвентаризациялоо зарылдыгына токтолгон.

"Кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө көп учурда мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынбай келген. Тескерисинче тар чөйрөнүн жана таасирдүү топтордун кызыкчылыктарынан коргоо басымдуу болгон. Анын кесепетинен кен чыккан жерлер өздөштүрүлбөй турган жагдайлар арбын",- деген эле мамлекет башчы.

Тармактык комитетте маалымат берип жатып, Алмаз Алимбеков компания 2019-2020-жылдары инвестиция тартуу максатында, холдинг компания түзүүнү көздөп жатканын билдирди. Ошондой эле ал, жаӊы кен аянттарын чалгындоо үчүн лицензияларды алууга аракеттене турганын кошумчалады.

Тектеш темалар