Баткен: Чек арадагы жаңжал кайра күчөп кетти

Баткендеги чек ара чыры катталган аймакта бүгүн түштөн кийин кайрадан кырдаал курчуп кетти. Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариева Би-Би-Сиге билдиргендей, кыргыз-тажик айылдарынын тургундары таш ыргытышып, жаңжалдаша кеткенде чек ара кызматы эскертүү иретинде асманга ок аткан. Кырдаалды жайгаруу үчүн эки тараптын расмийлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: кыргыз-тажик чек арасы

Салкын Абдыкариева: Бүгүн 16:15 тен баштап чек ара тилкесинде абал курчуп кетти. Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух жашоочулары чек арага жакын жердеги Бакай деген жерге келип, кайым айтышуулар болуп, таш атышууга чейин жеткен. Жаңжал күчөп кеткен. Ошол маалда кыргыз тараптын да, тажик тараптын да чек арачылары окуя болгон жерге жетип, чек араны буздурбоо максатында асманга ок чыгарган. Эскертүү берип, жарандарды таркатуу аракетин көрүштү. Биздеги маалыматтар боюнча, ошол жерде Кыргызстандын бир жараны жаракат алды деген маалымат бар. Кайсы жерине жаракат алганы так эмес. Ал жерде чек арачылардан башка милиция кызматкерлери, ӨКМнын өкүлдөрү, доктурлар жүрөт. Алар жаракат алган кишиге жардам берип жатат. Кыргыз тарап Тажикстанга, тажикстандыктар кыргыз тарапка өтүп кетпесин деп, чек арачылар көзөмөлдөп жатышат. Эгерде андай болсо курал колдонууга мажбур болобуз. Андайды болтурбоо аракетин көрүп жатабыз.

Би-Би-Си: Түшкө чейин Кыргызстан-Тажикстан чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугат деген маалымат айтылган. Эмне чечим кабыл алынды?

Салкын Абдыкариева: Телефон аркылуу гана байланышты. Биринчиден, чек арада кандай гана кырдаал болбосун курал колдонбоо тууралуу макулдашып, чек арачылар жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чек ара тилкесине аларды жеткирбөө тууралуу сөз болду. Жолугушуу тууралуу кыргыз тарап демилге көтөргөн. Азырынча жооп боло элек.

Президенттердин сүйлөшүүсү

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүрөттүн автордук укугу official

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти",-деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Чек ара чырын парламент талкуулады

Бүгүн Кыргызстандын парламенти Баткен аймагындагы чек ара чатагы боюнча тиешелүү мекемелердин маалыматын укту. Чек ара маселеси жабык эшик артында каралды.

Түшкө чейин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткенге жөнөп кеткени белгилүү болгон.

Эрте менен Чек ара кызматы жаңжал катталган Ак-Сай айылында кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп маалымат тараткан. Учурда кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги бөгөлгөн жолду ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө деп айтылат расмий маалыматта.

Image caption Тажик тарап дагы, кыргыз тарап дагы Ош-Исфана жолунун бир тилкесин бөгөп алган

Тажик тарап дагы, кыргыз тарап дагы Ош-Исфана жолунун бир тилкесин бөгөп алган. Тажикстандын Ворух анклавына барган жол жабылып, кыргызстандыктар Лейлек тарапка өтө албай турат. Жергиликтүү журналист Аскар Баймуратовдун айтымында бир нече унаалар топтолуп калды.

Кечээ кечинде Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыгып, таш атышууга чейин жетти. Жаңжал чек арачылардын кийлигишүүсү менен басылганы кабарланды. Эки тараптан тең жабыр тарткандар бар. Кыргыз тараптан кеминде алты киши жаракат алды.

Ал эми айрым басылмалар тажик тараптан бир киши мүрт кеткени тууралуу маалымат таратты. Бирок бул маалымат расмий тастыктала элек. Кыргызстандык бир тургундун үйү күйгөн.

"Таш-Тумшук аймагында бир турак үй жана Аudi үлгүсүндөгү авто унаа, КамАЗ унаасынын чиркегичи күйүп кеткен. Өрт чыккан аймакка барган өрт өчүрүү кызматкерлерин Төрт-Көчө аймагында жол бөгөп турган тажик жарандары өткөргөн эмес. 13-марттагы жаңжалда Ортобоз айылынын тургунунун сарайына тажик жарандары өрттөп жиберген. Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, Самаркандектеги ооруканга түштү. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда",-деп кабарлады Кыргызстандын чек ара кызматы.

Жаңжалдын себеби жол деп айтылып жатат. Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тургундары нааразылык билдирип чыккандан кийин, эки тараптан ондогон кишилер жыйылган. Бул жолду кыргыз бийлиги беш жыл мурун куруп баштаган. Ошондо эле тажик тарап нааразылык билдирип ок атышууга жеткен жаңжал катталган эле. Эки тараптан тең чек арачылар жаракат алган.

2014-жылдагы жаңжалда Бишкек Дүйшөмбүгө нааразылык нотасын жөнөтүп, тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келишип, биринчи болуп ок атып, эл аралык келишимдер боюнча тыюу салынган миномет, гранатометторду колдонгон деп айыптаган.

Жол чыры

Баткендеги Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу мындан беш жыл мурун башталган. Бир катар кыргыз айылдарын жайлоосу, жайыттары менен байланыштырган жолдун курулушу башынан эле тажик тараптын нааразылыгын жаратып келүүдө.

Биз Баткен районунун мурдагы акими, чек ара маселелесин жеринен билген адис Хаит Айкыновго кайрылып, чек ара жаңжалынын себеби тууралуу сурады.

Image caption Баткен районунун мурдагы акими, чек ара маселелесин жеринен билген адис Хаит Айкынов

Хаит Айкынов: Кыргызстан өзүнүн айылдарынан жайлоого бара турган жол куруп баштаганы ушундай жаңжалдар орун алып келүүдө. Былтыр жолду куруу аракеттери жанданып, тоскоолдуктардан улам токтоп калган. Быйыл дагы, мына жаздын келиши менен жайытка мал айдаганга даярдык көрүп, жолду кайра куруп баштаганда ушундай жаңжал болуп кетти.

Би-Би-Си: Эсиңизде болсо Ак-Сай-Тамдык жолу боюнча 2014-жылы катуу жаңжал чыкты. Эки тараптын чек арачылары атыша кеткен. Кыргыз бийлиги Дүйшөмбүгө кескин нааразылык билдирип, жаңжалды баштады деп айыптаган эле. Андан кийин кыргыз бийлиги бул жолду баары бир сала турганын айтып келүүдө. Тажик тарап эмнеге көөшөрө бул жолдун курулушуна каршы болуп жатат?

Хаит Айкынов: Ошол аймакта Тажикстандын Ворух анклавы жайгашкан. Эл абдан жыш отурукташкан. Чакан эле аймакта кырк миңдей эл жашайт. Союз учурунда чек арага анчалык маани берилбей, тажик айылдары толугу менен Кыргызстанга таандык жайыттарды кеңири пайдаланып келген. Кийин чек ара жаңжалдары күчөгөндө, буга чара көрүлө баштады. Жайыттарды пайдаланууга чектөө коюлду. Кыргыз тарап атайын тосмолорду коюп, коңшу өлкөнүн жайыттарды пайдалануусуна жол бербей калды. Тажик айылдары улам кеңейип, жайыт маселеси өтө курч. Биздин пикирибизде, карталар боюнча деле бул жол - Кыргызстандын эле аймагында салынып жатат. Мурун Баткендин айылдары жайлоого, жайыттарга мал айдап барыш үчүн Ворух анклавы аркылуу өтүп келишкен. Ушундан жергиликтүү эл абдан жүдөгөн. Малы жоголуп, тажик тарап ыдык көрсөтүп, таш ыргытып дегендей. Кыскасы кыргызстандыктар тажик айылдарына көз каранды болуп келди. Ушундан улам кыргыз өкмөтү жолду куруу чечимин кабыл алган эле.

Би-Би-Си: Баары бир өздөрү кыргыз жайытына өтө албаса, тажик тарап жолду курдурбай койгондон эмне утат?

Хаит Айкынов: Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн мал-жандыгы жайытка, жайлоого чыгуу үчүн бир эле жол - Ворухту аралап өтөт. Ак-Сай-Тамдык жолу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанидеги жол болуп эсептелет. Жол курулуп калса, мурдакыдай тажик тарапка көз каранды болбойт. Тажик тарап болсо өздөрүнө көз каранды болуп турганда, аны рычаг катары колдонгусу келет.

Би-Би-Си: Демек, тажик өкмөтүнүн позициясынын өзү ушундай болгону үчүн жаңжал кайталанып келе жатат деп айтууга негиз барбы?

Хаит Айкынов: Ооба, кандайдыр бир деңгээлде айтууга негиз бар. Себеби, 2014-жылдан бери эле жаңжал токтобой жатат. Тажик өкмөтү кааласа, элин тынчытып коет эле да. Кыргызстан жолдун курулушун жандантайын дегенде эле, бир-эки күн алдын жаңжал чыгып кетип жатпайбы.