Блог: Орусиянын чек арачыларын чырмаган оройлук

Орусиянын миграция кызматы мигранттардын айрымдары чек ара мыйзамын бузуп жатканын коомдук сайттарда кабарлап келет. Мигранттар өз кезегинде чек ара кызматкерлеринин орой мамилесине нааразы. Миң уккандан бир көргөн демекчи, Казакстан менен Орусиянын чек арасындагы абалды өзүбүз көрүп келдик.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Орусиянын Екатеринбург шаарынан Казакстандын Костанай чек арасына атайын такси каттайт экен. Бул таксилер жүргүнчүлөрдү Казакстанга алып барып, кайра алып келет. Миграцияда жүргөн жарандарыбыздын чек арадагы абалы менен таанышуу үчүн дал ошол таксилер мага ыӊгайлуу эле. Ошондой таксилерди таап, телефондон байланыштым. Кечки саат алтыда алып кетем деген такси сегиз жарымда келди.

Таксиге олтурдум, айдоочуну кошкондо сегиз адам болдук. Жолдо катар таанышып сүйлөшүп бараттык. Көпчүлүгү Орусияга келгенине бир жыл болгондуктан жаӊы миграциондук карта алыш үчүн баратышыптыр.

Миграциялык карта - бул РФ чек арасына кирип жаткан башка мамлекеттин жаараны жөнүндө маалымат камтыган документ. Бул документ башка өлкөнүн жаранын РФ территориясында убактылуу көзмөлдөөгө жардам берет.

Бахадыр деп өзүн тааныштырган жашы кырктардагы сапарлашым Екатеринбургдун Тайганский базарында соода кылат экен. Келгенине бир жыл болуптур. Кыргызстанга барса жол кире кымбат болорун айтып, ошол себептен Казакстанга кирди чыкты кылып жаӊы миграциялык карта аларын айтты.

Дагы бирөө жашы жыйырмалар чамасындагы жигит. Миграциялык картаны толтурганда «келген максаты» деген жерге «окуу» дегенди сызып коюптур. Чындыгында ал окууга эмес, иштегени келген экен. Жумушка орношойун десе, ошол сызып койгон жери уруксат бербей, кайра «жумуш» деген миграциялык картаны жаӊыдан алыш үчүн баратыптыр.

Унааны ызгытып айдаган айдоочу 400 км аралыкты төрт саатта басып өтүп, аман-эсен чек арага алып келди. Жол киреге барып келишине деп ар бирибизден эки миӊ рублдан, чек арадагыларга деп дагы 500 рублдан кошумча акча алды.

Орусиянын чек арасындагы паспортту көзөмөлдөгөн бөлүмгө келип кезекке турдук. Паспортторду көзөмөлдөгөн пунктта бизди эки кызматкер тейлеп жатты. Менин кезегим ортодо. Мага кезек келип жетти. Көзөмөлдөөчү мени бир карап, паспортту бир карады.

-Туркменияда эмне кылдыӊ эле? - деди.

-Туркмения эмес, Турция.

-Ммм… Ошол Турцияда эмне кылып жүрдүӊ?.

-Турцияда эки жолу болгом, бирде иштедим экинчи жолу киргенимде окудум.

-Ммм.. окудум де, эмне алдап атасыӊ?

-Алдаган жокмун.

- Кай жерде окудуӊ, эмнени окудуӊ, кайсыл жылы окудуӊ? Кайсыл жерде иштедиӊ?

-Анталияда, официант болгом.

- Алдап атасыӊ мени.

- Сен сүрөтүӊө окшошпой жатасыӊ, - деп дагы бир кызматчысын чакырды.

Ал кызматкер "агаӊ барбы, иниң барбы, эгизиңчи" деп эзип сурады.

Жалпы жарандык паспорттон тышкары ID картамды да текшеришти. Калп эле окшоштургусу келбей жаткан кызматкер менден эмне мынча кычык издеп жатканын түшүнүп эле турдум. Болбосо, Орусияга, башка чет өлкөлөргө ушул эле документ менен кеминде сегиз жолу кирип чыксам керек. Ошолордун бири да паспорттогу сүрөтүмдүн окшоштугу жөнүндө шектенип сураган эмес.

-Сен аңгемелешүүгө барасыӊ, тигил жакта күтүп тур,- деди баягы кызматкер.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Беш мүнөттөн кийн ФСБнын кызматкери менин фамилиямды атап чакырды. Бөлмөгө алып келип, суракка алышты. Түркияда эмнени окуп келгенимди, кайсыл шаарларда, кайсыл өлкөлөрдө болгонумду, документтеримди, Орусияда эмнени окуп жатканымды, эмне себептен Түркияга барып окуп келгенимди сурашты. Бардык суроосуна кандай болсо, ошондой ачык жана так жооп бердим.

Ошентип он мүнөттөй кармап олтуруп, кое беришти. Мени алып келген чек ара кызматчы кайра алып кетти. Жолдо бара жатып «документтериң баары жайында экен, эмне үчүн Казакстанга кетип атасың», - деди. Иштер менен дедим жылмайып. Байкашымча, мыйзамды бузгандар жогорудагыдай такси менен келерин булар жакшы билет экен. Таксистерди да тааныйт экен.

Ошентип паспорт көзөмөлдөгөн жерге келдик.

«Ммм… таза бекен?» - деп башын оӊго-солго ойкоӊдоткон баягы айым паспортума мөөрдү басып колума карматты. Тейлөө кызматында иштеген бул айымдын башка конокторго да чектен ашып суроо берип жатканы мени таӊ калдырды. Анын милдети паспортту көзөмөлдөө гана болуш керек эле. «Алдаба, эмне алдап жатасыӊ» деп кылмышкерди сурака алгандай эле жекире карап, кагып силкип жатты. Айрымдары башын көтөрүп так жооп берсе, кээ бири ажыдаар көргөндөй араӊ турду.

Ошентип баарыбыз Орусиянын чек арасынан өттүк. Казакстандын паспорт көзөмөлүнө кирдик. Эмнегедир бат эле текшерип, мирациялык картаны берип Казакстанга өткөрүштү. Бир жолду айланып, кайра Казакстандын чек арасына кайтып келдик. Казак туугандар эми кайрадан паспортторду текшерип, бат эле өткөрүштү. Себебин түшүндүм, таксист баарын алдын ала сүйлөшүп койгондой. Болбосо, ошол эле жерде бизден башка кезекте тургандарга ызырынып сүйлөп жатышы казак туугандардагы тейлөөнүн начардыгынан кабар берип жатты.

Орусияга кирдик. Жолдун оӊ тарабындагы паспорт көзөмөлүнө кезекке турдук. Мага кезек келди. Бул айым мурдакы айымга салыштырмалуу көп суракка алган жок. Паспортумду көрүп жөн гана «Сиз эӊ артта күтүп туруӊуз» деди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кийин ал дагы ФСБнын кызматкерин чакырды. Мени мурда суракка алган балдардын бири келип, паспортумду карап тааныды да тигини тамашага салды:

-Таак, бул жигит корреспондент, студент, Түркияга эки жолу кирип чыккан, туура айтамбы?

-Ооба, муну кайдан билесиӊ,- деди берки айым.

-Ой кое бер муну, кайра кайра эле сурака ала бересиӊерби?- деди күлүп.

Менин фамилямды чакырды. Колума документти, миграциялык билетимди беришти, ошентип РФ аймагына кайрадан кирдим.

Ушул жерден паспортту жаӊы алгандарга карата башкача мамиле болду. Аларды кезектин эӊ артына алып калып, катуу текшерип өткөрүштү. Мунун себеби жаӊы паспорт алгандардын арасында мыйзам бузуулар көп болорун айдоочу бала кийин түшүндүрдү.

Чек арада турган бир топ өзбек жана тажик жарандарын көрдүм. Айрымдардын документтерин бир адам колуна топтоп алыптыр. Паспортту көзөмөлдөөчү жерге барып, кезеке турушканда баарына таратып берип жатты. Чамасы бригадири окшойт.

Ошентип шаарды көздөй сапар алдык. Жолдо келе жатып бир кафеге тамактанууга токтодук. Ал жерден айдоочу кыздардын бирине карап, шашпай: «Мына, Айгерим буйруса эми бир жылдан кийин келесиӊер, бул чек арага»,- деп койду.

Шаарга жеткиче жанымда олтурган эже үйүндө жаш баласы калганын, ал ойгонгончо эртерек жетүү керектигин айдоочуга айтып шашып жатты.

Ушул окуянын баары түндө болду. Кечки саат тогузда жолго чыксак, таӊкы саат тогузда кайра кайтып келип калдык. Минтип чек арага барып, кайра кайтып келген мекендештер миӊдеп саналат. Бир түндө эле эки унаада он алты киши барып келдик.

Тектеш темалар