Иран белгилүү адвокатты жоопко тартты: 33 жылдык абак, 148 балак

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бул Насриндин 2010-2011-жылдары үчүнчү жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган кези

Насрин Сотуденин ысымы Иранда жана андан тышкары аймактарда дагы белгилүү. Ал соттор өлүм жазасына өкүм кылган оппозициячыл активисттерди жана хиджаб кийүүдөн баш тарткан аялдарды коргоп келди.

55 жаштагы укук коргоочу 2018-жылдын июнь айында кайрадан камакка алынып, жазасын Тегерандагы аялдардын Эвин абагына өтөп жатат.

Иранда хиджаб кийүүгө каршы чыгуу кылмыш деп эсептелет. Мындай айыптарга кабылгандарга укуктук жардам көрсөтүүнү Ирандын сот системасы "улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүү" деп эсептейт . Насрин Сотудени жактагандардын арасында Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади дагы бар. Ал Сотудеге коюлуп жаткан айыптоолорду четке кагууда.

Бирок "Эл аралык мунапыстын" маалыматына ылайык, сот аны бир гана "сойкулукка көмөктөшүү", "ачык күнөөгө батуу" сыяктуу кылмыштар боюнча күнөөлүү деп тапкан жок. Ага Ирандын мыйзамында каралган эң жогорку жазаны беришти.

Сот аны 33 жылга эркинен ажыратып, жонуна 148 жолу камчы урууну өкүм кылды. Сотуде бул тууралуу күйөөсүнө телефон менен сүйлөшкөндө айткан экен.

Эл аралык коомчулук өкүм тууралуу Сотуденин күйөөсү Реза Хан "Фейсбукка" жазгандан кийин билди.

"Эл аралык мунапыс" сот отурумун жана анын жыйынтыгын кафкиандык деп атады.

Ошол эле күнү ИРНА мамлекеттик маалыматтык агенттиги сот анын жазасын жеңилдетип, жети жылга эркинен ажыратканын жазып чыкты. Маалыматка ылайык, укук коргоочу "улуттук коопсуздукка каршы кылмыш уюштурган" деп беш жылга жана "Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменейиге акаарат келтирген" деп айыпталып, эки жылга камалган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Насриндин 2013-жылы күйөөсү менен түшкөн сүрөтү

Сотуде жана анын үй-бүлөсү бийликтен эч кандай түшүндүрмө алган эмес.

Укук коргоочунун күйөөсүнүн маалыматына ылайык, анын эң узак жаза өтөө мөөнөтү он жыл. Андыктан ал түрмөдө кеминде он жыл отурат.

Катаал система

Ирандын Насрин Сотудеге жасаган мамилесине Европа биримдиги, АКШ сыяктуу мамлекеттер жана укук коргоо органдары каршы пикирлерин билдирди. Ал өткөн жылдын июнунан бери абакта.

Сүрөттүн автордук укугу Huw Evans picture agency
Image caption Сотуде өкүм тууралуу маалымат алаардан бир нече күн мурун өлкөнүн сот системасынын жетекчиси болуп Ибрагим Раиси дайындалган

"Ал өмүрүн аялдардын укугун коргоого арнап, өмүр бою өлүм жазасына каршы болуп келди", - деди "Эл аралык мунапыстын" өкүлү Филип Лютер.

Ал өлүм жазасына тартылган ирандыктарга Сотуде юридикалык жардам көрсөтүп келгенин эске салды:

"Иран бийлигинин адам укугун коргогон аялды жазалап жатышы акылга сыйбаган иш".

2018-жылы Насринден башка, адам укугун коргогон дагы алты адвокат камалган.

Сотуде өкүм тууралуу маалымат алаардан бир нече күн мурун өлкөнүн сот системасынын жетекчиси болуп Ибрагим Раиси дайындалган. Ал аятолла Али Хаменейинди эң жактаган ультраконсерватор адам катары таанымал.

Анын жогорку кызматка дайындалышын аналитиктер өлкө президенти Хасан Роуханинин саясий таасирин азайтууга болгон аракет катары жоромолдоп жатышат. Анткени Иранда аятоллага караганда президент саясий токтоо позицияны карманат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Насрин 2013-жылы абактан чыккандан кийин кайненеси менен

Академик Сахаров атындагы сыйлык

Камакка алынаардын алдында Насрин көчөгө жылаңбаш чыккандыгы үчүн камалган аялдардын ишин алып барып келген. Ал көп жылдар бою оппозициячыл ишмерлердин дагы укугун коргогон. Маселен, 2003-жылы тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон Ширин Эбади оппозицияга өтүп кеткенге чейин сот болуп иштеген.

Сотуде өзү саясий туткун болгонун айтат. Ал 2010-жылы "мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жараткан сүйлөшүүлөргө баргандыгы" үчүн камалган.

Бул учурда демократиялык активисттерге катуу кысым болуп жаткан. Андан бир жыл мурун Иранда президенттик шайлоо болгон. Анын жыйынтыгын айрым тургундар фальсификацияланган деп, көптөгөн каршылык акциялары өткөн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Насрин Сотуде укугун коргоп келген Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади

2010-жылдын январында Сотуде алты жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ага өзүнүн кесиби боюнча иштегенге жана өлкөдөн чыгууга жыйырма жылга чейин тыюу салынган.

Бирок эки жылдан кийин оппозициянын лидери Мохсен Аминзаде баш болуп, Сотуде жана башка саясий туткундар эркиндикке чыккан. Президент Роухани болсо БУУнун жыйынына катышып, сөз сүйлөө үчүн барган.

Активисттердин ошол учурда бошотулганын бийликтин адамгерчилик аракети катары баалашкан.

Сотуде абакта отурганда Европа парламенти ага укук коргоочулук ишмердиги үчүн Сахаров атындагы сыйлыкты тапшырган. (VA)

Тектеш темалар