"Дүйнө чабыт": Шайлоочунун добушу партиягабы же талапкер үчүнбү?

Би-Би-Синин ар аптанын шаршемби күндөрү обого чыккан "Дүйнө чабыт" түрмөгүнүн бул жолку талкуусу шайлоо мыйзамдары тууралуу болду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шайлоо участкасындагы добуш берип жаткан элеттик апа

Белгилүү журналист Азимжан Ибраимов жана коомдук ишмер Алмаз Окин дүйнөдөгү алдыңкы шайлоо системалары тууралуу айтып беришет.

Алмаз Окин: Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча долбоорлор сунушталып жатат. Анда Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча мыйзамды, партиялар жөнүндө мыйзамды өзгөртүү демилгеси айтылды. Биринчи демилгеде, өлкөдөгү шайлоо аймагын он үчкө бөлүп, ошол аймактардан депутаттарды шайлоо тууралуу. Экинчиси, партиянын ичиндеги талапкерлерге добуш беребиз деген демилге.

Image caption Алмаз Окин

Муну ЖК депутататтары Жанар Акаев менен Исхак Масалиев көтөрүүдө. Кыргызстан парламенттик башкарууга өттү дегенден бери, демократияны да бузуп алыптырбыз, башкасын да бузуп алыптырбыз. Партияларды шайлоо тууралуу дүйнөдөгү мыкты эрежелерди дагы бузуп алган үчүн, анан айлабыз кетип жол издеп жатсак керек. Партия үчүн добуш берүү демилгеси кайдан чыкты? Саясий коррупцияга, акча коррупциясына малынып калган партиялык шайлоону өзгөртүү айласы болуп жаткандай. Партиянын ичиндеги тизмеге добуш берүү - көп өлкөдө кездешет. Албетте, классикалык үлгүдөгү партияны түзгөн, түптөгөн жана партия чакырган адамдар башка, анан партиялык тизме менен өткөндөр башка болуп келген. Анан ушуга байланыштуу биздин өлкөбүздүкү дагы сунуштап жаткан демилгелер, ушуга ташталган кадамдары туурадай көрүнөт.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Азимжан Ибраимов

Азимжан Ибраимов: Ооба, ташталган кадамдардын өзү туура кетип бараткандай. Шайлоо системасынын белгилүү болгон үч классикалык варианты бар эмеспи. Алар мажаритардык, пропорцианалдык жана аралаш система. Биздин депутаттардын сунушу деле ушул шайлоо системаларынын айланасында жүрүүдө. Маселен: биринчи сунушту алып көрсөк, Акаев менен Масалиевдин сунушу. Бул жерде ушул системаны дагы бир нерсе менен күчөтүп жатышпайбы. Ар бир тизмеге кирген талапкер аймактардын колдоосун алууга тийиш жана ар бир шайлоочунун конкреттүү түрдө ошол талапкерге болгон колдоосу аркылуу парламентке келет. Ошондо талапкердин канчалык салмагы бар экендиги белгилүү болот. Аймактардын кызыкчылыгы эске алынышы керек деген маселени коюп жатышат. Ал эми экинчи топтун демилгеси мажаритардык системага жакын болуп жатат. Бирок түпкүлүгүндө булар деле партиялык системаны четке каккан жок жана айрым бир партиялык тизме болуш керек деп айтышууда. Эми буга мисалдар арбын эле. Маселен, Улуу Британия, АКШ, Жапония, Канада, Франция сыяктуу өлкөлөр мажаритардык система менен эле келе жатышат. Бул жерлерде деле эки топ бар экен. Биринчиси, абсолюттук көпчүлүктүн колдоосун алыш керек болсо, экинчиси көп добуш алгандар жеңип чыгат деген принцип. Грузияны алып көрсөк, аралаш системаны колдонушат. Мисалы, парламенттин 77 мүчөсү пропорцианалдык шайлоо системасы менен шайланат. Демек, бул жерде да тизме түзүлөт деген сөз. Ал эми 73 мүчөсү болсо мажаритардык система менен шайланат. Бирок баардык учурда ар бири өздөрүнүн тизмесин алдын ала түзүп, алдын ала бардык шайлоо комиссиясынан өткөрүп даядык көрүшү керек экен. Мажаритардык, пропорцианалдык системадан артыкчылыгы - блоктордун, ар кандай саясий күчтөрдүн, партиялардын шайлоого чейин биригип кетүүсүнө, шайлоого чейин эл менен иштешип кеткенге абдан чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Алмаз Окин: Мына, талдоочулардын пикирине токтололу. Ушул сиз айтып жаткан мажаритардык, пропорцианалдык системалардын көргөндөр бүт баары эле акчага байланыштуу деп жатышат. Грузиянын шайлоосу, Украинадагы боло турган шайлоолорду алалы, бул жерде акчанын, партиялык босстун тилегине жараша болот экен да. Ошол сиз айтып жаткан тизмени ушулар аныктап коюп жатпайбы.Тизмени шайлоого чейин, шайлоодон кийин же болбосо шайлоо учурунда эле катар ордун аныктап коюп жатышпайбы. Мисалы: Азимжан Ибраимов көп добуш алып келди. Бирок Азимжан Ибраимов ордун сатып албаса же партиялык босстун талабына жооп бербесе, анын ордуна Азимжан Ибраимовдон он миң добуш аз алган башка бирөө шайланып калышы мүмкүн.

Азимжан Ибраимов: Менимче, Жанар Акаев менен Масалиевдин шайлоочулардын ар бир талапкерге болгон пикирин дагы билиш керек жана ошол парламентке мүчө боло турган саясатчынын саясий ордун аныктоого жардам берет деп, мына ушуга аракет кылып жатышат. Анан бул жерде аймактардын кызыкчылыгын эске алыш керек деп жатабыз да. Анткени кээ бир райондордон чынында көптөгөн жылдырдан бери депутат шайлана элек. Мисалы, Ак-Талаа району. Мындай мисалдар арбын. Ошондуктан бул сунуш бүгүнкү күндө актуалдуу.

Тектеш темалар