Тажикстан-Кыргызстан: Чек араны тактоо жанданат

Кыргыз өкмөтү өткөн апта соңунда Тажикстан баш калаасы Дүйшөмбүдө өткөн кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны тууралуу маалымат таратты.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Өкмөттүк делегацияларды вице-премьер-министрерлер Азим Иброхим жана Жеңиш Разаков жетектеген

Өкмөттүк делегацияларды вице-премьер-министрерлер Азим Иброхим жана Жеңиш Разаков жетектеген.

"Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участкаларынын долбоордук сызыктарын түшүрүүнү улантуу, чек ара тилкесинде камтылган жана ар кай жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер участкалары менен алмашуу жана мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелеринде туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын Протоколуна кол коюлду. Тараптар өз ара пайдалуу негизде тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара сызыктарын аяктоого даярдык билдиришти, бул чектеш аймактардагы туруктуулуктун жана коңшулаштыктын кепилдиги болот",-деп айтылат расмий маалыматта.

Бишкек менен Дүйшөмбүнүн шайын оодарган чек ара

Марттын ортосунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал катталып, кырдаал чыңалууга жетти. Эки өлкөнүн расмийлери сүйлөшүүлөрдөн кийин кырдаал жайгарылган.

Көп өтпөй Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги жаңжал боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

"Азыркы учурда жети кылмыш иши козголду. Кылмыш кодексине ылайык "массалык башаламандык", "карактоо", "улуттук белгисине карата адам өмүрүнө кол салуу" беренелери менен козголгон. Мындан тышкары белгилеп кете турган жагдай, 16-мартта окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын Аскер прокурорлору барган. Болуп өткөн окуяны обьективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында эки өлкөнүн прокуратурасы биргелешкен тергөө тобун түздү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат",-деп билдирген эле Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жаркынай Азиева.

Чек ара тилкесиндеги конуштардан жаңжал учурунда аялдар жана балдар чыгарылып кеткен. Эки күндөн кийин гана чек ара конуштарындагы жашоо-турмуш мурдакы нугуна түштү. Бирок чочулоо, кооптонуу кала берүүдө.

14-15-марттагы чек ара чатагы Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундары ортосунда чыккан. Тажик тарап эки жараны каза тапканын билдирген. Кыргызстандан алты киши жаракат алганы белгилүү болду.

Чыр чыккан чек ара конуштарындагы тургундар төрт күн жолду бөгөп турушту. Тажик тарап дагы, кыргыз тарап дагы Ош-Исфана жолунун бир тилкесин бөгөп алган эле. Тажикстандын Ворух анклавына барган жол жабылып, кыргызстандыктар Лейлек тарапка түз өтө албай калышкан.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бөгөлгөн жол ачылып, чырга себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу улантыла турганы айтылган.

Чек ара жаңжалына Баткендеги Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу себеп болгон. Бул жол мындан беш жыл мурун курулуп баштаган эле. Бир катар кыргыз айылдарын жайлоосу, жайыттары менен байланыштырган жолдун курулушу башынан эле тажик тараптын нааразылыгын жаратып келүүдө. 2014-жылы жолдун курулушу башталганда тажик тарап нааразылык билдирип ок атышууга жеткен жаңжал чыккан. Эки тараптан тең чек арачылар жаракат алган. Бишкек Дүйшөмбүгө нааразылык нотасын жөнөтүп, тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келишип, биринчи болуп ок атып, эл аралык келишимдер боюнча тыюу салынган миномет, гранатометторду колдонгон деп айыптаган эле.

Чек ара тактоодо жер алмашкандан эч ким утулбайт

Сүрөттүн автордук укугу VICTOR DRACHEV/AFP/Getty Images

Соңку жылдары кыргыз-тажик чекарасын аныктап, тактоо маселеси солгундап кетти. Кыргызстан менен Тажикстан чек арасы дээрлик 1000 чакырымга, бийик тоолуу, татаал географиялык аймакта созулуп жатат. Чек аранын жарымы гана такталган, анда ондогон талаш бөлүктөрү бар. Өзбекстан менен чек ара тактоо иштери жандангандан кийин Тажикстан дагы ушундай кадамга бара алабы?

"Мурда эле айрым тилкелер боюнча алмаштыруу сунушу берилген. Бирок экинчи тарап сунушту карап көрөбүз деп, жыйынтык болгон жок. Айталы, Көк-Таш айлында бир участок бар. Жолу дагы, электр энергиясы, суусу дагы Кыргызстан аркылуу өтпөгөн, туңгуюкка кептелип калган. Ушундай эле участоктор Тажикстанда дагы бар. Эл менен сүйлөшө келсең, эки тарап тең ушундай жерлерди алмашууга макул эле. Болгону бул чечим кабыл ала турган органдардын саясый эркине байланыштуу.Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн паритеттик комиссиясы акыркы он жылда тез-тезден сүйлөшүү, жолугушууларды өткөрүп келди. Жылына жети-сегиз жолу жолгушуулар өткөн учурлар болгон. Болгону соңку бир жарым, эки жылдан бери токтоп калды. Ырас, Өзбекстан бийлигинин саясый чечими менен чек ара чечүү жанданды. Негизи бул иште саясый чечимге барып, алмаштыра турган жерлерди алмаштырып, калган жерлерди тактоо иштерине баруу зарыл. Жерлерди алмаштырууда баалуулуктары, стратегиялык маанилүүлүгү сөзсүз эсепке алынып, алмаштырууда эч ким, эч кимге утулбайт",-дейт Чек ара маселелери боюнча адис, Баткен районунун мурдагы акими Хаит Айкынов.

«Кыргыз-тажик чек арасына келгенде эң эле алгылыктуу кадам 1987-жылы эки республиканын паритеттик комиссияларынын жетишилген макулдашуусу болгон. Ошол кездеги эки тараптын ээлеп турган чарбалык аймактарынын чектерин адиминистративдик чек арага айландыралы деп жазылган болчу. Бирок ал жогорку деңгээлде бекитилбей калып, 1989-жылы кайра эле ошол принцип менен чек араны тактоо иши жүргүзүлгөн. Эки өлкө Ворух анклавынын тегерегинде жерлерди алмаштыруу иштерин жүргүзгөн болчу. Азыркы айтылып жаткандай 10 гектар эмес 100дөгөн гектар жерлерди алмаштырган. Жерди алмаштыруу аркылуу маселени чечүү дүйнөлүк практикада да маселенин чечүүнүн алгылыктуу жолу катары каралып келатат»,-деген маектеринин биринде Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдакы жетекчиси Саламат Аламанов.

Бирок алмашуу жолу аркылуу чечүү аракеттери дагы эки тараптуу эмес. Чыр-чатактардын көбү Тажикстандын Баткен аймагындагы Ворух анклавынын тегерегинде көп катталган. СССР ыдырап, чек ара тактоо маселелери жаралганда эки тарап ар башка документти негиз катары колдонууга сунуш кылышкан. Тажикстан тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянса, Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары сунуш кылганы белгилүү. Ошентип тараптар чек ара тактоо маселесинде орток пикир таба албай келишет.