Эрдогандын митингинде Крайстчерчдеги үрөй учурган тасма көрсөтүлдү

Жаңы Зеландиядагы мечиттеги кандуу окуянын тасмасы коомдук сайттардын баарынан өчүрүлдү. Бүтүндөй дүйнө коомчулугу мечиттеги кол салуу окуясын жектеп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Президент сүйлөп жаткан учурда чоң экрандан мечиттеги массалык адам өлтүрүү окуясы тартылган тасма пайда болду

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган шайлоочулар менен жолугушуу учурунда тасманы ачык көрсөткөндөн тартынган жок. Марттын соңунда Түркияда муниципалдык шайлоолор өтөт. Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Уинстон Питерс тасманын саясий максатта колдонулганына кабатырлануусун түрк бийлигине билдиргенин айтты.

Жекшембиде Эрдоган Текирдаг шаарында өзүнүн тарапташтарынын алдында сүйлөдү. Президент сүйлөп жаткан учурда чоң экрандан мечиттеги массалык адам өлтүрүү окуясы тартылган тасма пайда болду.

"Бириккен улуттар уюмунан тарта дүйнөнүн бардык лидерлери бул окуяны исламга жана мусулмандарга кол салуу катары карап жатат. Бирок алар: "Бул христиандык террорист" деп айтышкан жок",-деди Эрдоган.

"Эгерде ал мусулман болгондо аны исламчыл террорчу деп эле аташмак",-деди түрк лидери.

Үрөй учурган кадрлар

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы кол салуудан кеминде 50 киши мүрт кетип, ондогону жарадар болду.

Ок аткан кишинин башындагы шлемге камера коюлуп, кандуу окуяны "Фейсбук" аркылуу түз көрсөткөн. Кийин коомчулуктун басымы менен тасма бардык жерден өчүрүлдү.

Facebook алгачкы 24 сатт ичинде бир жарым миллион видеону өчүргөн.

Түркия исламофобияга каршы

31-мартта өтө турган шайлоонун алдындагы жолугушууларында бул тасаманы көрсөтүү менен түрк президенти колдоо тапкысы келет дейт Би-Би-Синин кабарчысы Марк Лоуэн.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Анын айтымында, негизинен бийликтин көз карашын чагылдырган түрк ММКлары бул кырдаалды түрк лидери исламофобиядан мусулмандарды коргоп жаткандай чагылдырды.

Жергиликтүү басылмалардын бириндеги макалада: "Жаңы Зеландиядагы кандуу окуядан жабыркагандарга тилектештик билдирип жатабыз, Батыш болсо үн катпай турат",-деп жазды.

Ушул сыяктуу пикирлер түрк медиасында кеңири чагылдырылды. Серепчилер мунун баары алдыдагы шайлоодо консервативдүү динчил шайлоочуларды өзүнө тартуу максатында деп баалап жатышат. (AbA)