"Дүйнө чабыт": Экс-президенттер эмне иш кылат?

Атамбаев_Жээнбеков Сүрөттүн автордук укугу DOSALIEV SULTAN

Соңку учурда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тирешүү күч алды. Айрыкча, Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү митингинде Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрү коомдо кызуу талкууга жем таштады.

Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө мурдагы жана азыркы президенттердин саясий этиканы сактоо маданияты кандай? Би-Би-Синин "Дүйнө чабыт" программасында коомдук ишмер Алмаз Окин менен журналист Азимжан Ибраимов ушул теманы талкуулашты.

А. Окин: Экс-президент Алмазбек Атамбаев 17-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине ачуу сөздөрдү айтып, оппозицияга кеткендигин жарыялады. Эми Кыргызстанда кеткен президенттер учурдагы президенттерге баарын шылтап, ушундай бир жаман адат калыптанып калган экен, тилекке каршы. Дүйнөдө мамлекет башчысы кызматтан кеткен соң өлкөсүнө жардам кылып, конструктивдүү саясат жүргүзгөн саясий этикалык салтын калыптандыруу маселеси актуалдуу болуп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу DanBrandenburg
Image caption АКШнын биринчи президенти Джордж Вашингтон кызматтан кеткенден кийин өзүнүн чарбасында виски өндүрүп, фермерчилик кылган.

Мисалы, АКШнын биринчи президенти Джордж Вашингтон кеткенден кийин саясатка аралашкан эмес. Ал өзүнүн чарбасында виски өндүрүп, фермерчилик кылган, анан эки жылдан кийин дүйнөдөн кайткан. Андан кийин Джим Картер 35 жыл экс-президент статусунда жүрдү, ошол мезгилде ал эл аралык саясатта Американын өкүлү катары ар кандай чиеленишкен маселелрди чечүүгө кол кабыш кылып келген да. Мисалы, Түндүк Кореядагы бир топ маселелерди ошол чөлкөмдөгү мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдаганга, оңдогонго, Эфиопия, Уганда, Босна, Судандагы кырдаалды жөнгө салууда Американын элчиси болуп сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мына ошондой эле салтты Билл Клинтон дагы улантты. Эми ал мамлекет аралык саясатка кийлигишпесе дагы, ошол эле кайсы бир өлкөлөрдө, айрыкча кыйналып жаткан аймактарда тынчтыкты орнотуу, гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иштерди жасады. Кеткен президенттерге көбүнчө мүнөздүү нерсе, жекелей иш менен эле алек болуп калбаса, Американын президенттеринин көпчүлүгү сабак берет, окутат, лекция окуйт.

А. Ибраимов: Сиз Америка Кошмо Штаттарын айтып калдыңыз. Бул жерде негизи саясий тиреш - партиялардын ортосундагы тирешүү, атаандаштык, мурунку президентти кийинкиси жактырбай, кийинкиси андан кийинки келген президентти жактырбай келаткан учурлар бар да.

Сүрөттүн автордук укугу wikipedia
Image caption Францияны он жыл башкарган Шарл де Голь кызматтан кеткенден кийин жалаң саякат жана мемуар жазуу менен алек болду.

А. Окин: Францияда 5-Республиканы түзгөн легендарлуу Шарль Де Голь он жыл президент болду. Президенттиктен кеткенден кийин эки жыл бою жалаң саякат, анан мемуар жазуу менен алек болду. Башка президентти алып көрсөк, мисалы Жискар Д Эстен 1974- 981-жылдардын аралыгында президент болду, 25 жыл бою экс-презиент статусу менен жүрдү, ушул мезгилде Жак Ширак экөө тең конституциялык кеңешменин түбөлүк мүчөсү болушту. Андан тышкары, Жискар Д Эстен "Принцесса жана Президент" деген китеп жазды. Бул бестселлер болгон китеп. Андан тышкары Жискар Д Эстен Бородино салгылашуусунун 200 жылдыгын белгилөөгө келип, Россия менен Франциянын мамилесин чыңдоого да салым кошуп келе жатат.

А. Ибраимов: Монголиянын президенти Баттулганы алалычы. Ал жакында мурдагы президент менен экс-премьер-министрди Монголиянын кен-байлыктарынын баарын тең чет өлкөлүк ири компанияларга сатып жиберишти, мунун айынан биздин экономикабыз абдан солгундап кетти, деген түздөн-түз айыптап чыкты.

Мындай карама- каршылыктар Украинада да болуп келген. Мисалы, Януковичтен Петр Порошенкого бийлик өткөндөн кийин, ал жакта Янукович Порошенкону "Евросоюзга ыктап алды, бул батышчыл президент болуп жатат, Порошенко өлкөнүн кызыкчылыгын коргобойт» - деп сынга алды. Ал эми Порошенко болсо Януковичти Россиянын көзүн карайт деп күнөөлөдү. Крым, газ маселеси боюнча алар дайыма бири- бири менен карама кашы болуп келишет. Жада калса, Украинаны федералдаштыруу маселелеринде дагы булар бири- бирине принципиалдуу түрдө карама-каршы болуп келишти.

Сүрөттүн автордук укугу Thomas Trutschel
Image caption Украинанын мурдакы президенти Виктор Янукович Россияда. Ал азыркы президент Порошенкону Европага ыктап кетти деп сындаган учурлары болду.

Молдованын президенттери дагы ушундай: бирөө Румынияга тартып, аны менен бирге болушубуз керек десе, экинчиси Молдова өз алдынча эгемен мамлекет болуш керек, деп келишет. Мына, мен билгенден, Молдованын бүгүнкү күндөгү президенти Игорь Додон мурунку президент Т. Бэсескуну "жалган жерден жарандык алып алган, ал башка өлкөнү - Румынияны колдойт, ошол жактын кишиси" деп бири- бирине каршы чыгып келе жаткан учуру жана башка каршылыктар да уланып келе жатат.

А. Окин: Германиянын мурунку канцлери Герхард Шредер кызматтан кеткенден кеткенден кийин Европа Түндүк Европа газ системасын жетектөөгө катышып, Европа менен Россиянын ортосунда экономикалык мамилени чыңдады. Ал эми эки Германияны бириктирген атактуу Гельмут Коль төрт ирет канцлер болгон. Ал мемуар жазган, Россия менен Германиянын мамилесин чыңдоого салым кошту. Ушул мисалдардан улам саясий маданият калыптанган өлкөлөрдө экс-президенттердин өзүнүн өлкөсүнө жардам кылуу салты калыптанган. Ал эми постсоветтик өлкөлөрдө болсо, тескерисинче, Россиядан башкасында, экс-президенттер менен жаңылардын ортосундагы кармаш байкалгандыгын көрүүгө болот.

Сүрөттүн автордук укугу ARIS MESSINIS
Image caption Түркияда мурдакы президент Абдуллах Гүл менен азыркы президент Эрдогандын ортосунда да карама-каршылыктар болду.

А. Ибраимов: Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайип Эрдоган менен мурунку президенти А. Гүлдүн ортосунда да ушундай карама-каршылыктар болду. Партиянын кызыкчылыгы, Түркиянын келечеги, биримдиги жөнүндө экөө тең принципиалдуу түрдө эки позицияны ээлешип, ыркы келишпей калган учурлар болду. Эми бул президенттердин жеке амбицияларына, алардын жеке кызыкчылыктарына же болбосо жалпы идеялык жактан өздөрүнүн бир койгон максат, позицияларына жараша болот экен да. Ошого жараша эртеңки күнү алар кийинки бийлик менен макул болот же болбойт.

Бирок кандай болгон учурда дагы, экс-президенттердин арасында өз өлкөсүнө жардам берип, жеке фонддорун түзүп, эл аралык уюмдар менен кызматташып, мемуарларды жазып, китептерди чыгарып, ошондон чоң киреше таап, өзүн жана үй-бүлөсүн багып жаткандар бар. Эми бул жагынан Армениянын экс-президенти Левон Тер Петросянды алып көрсөк болот. Ал китеп жазып, өлкө тарыхындагы кызыктуу учурларга көп токтолду.

Тектеш темалар