Путиндин Кыргызстанга сапары: көмүскө маселелер

Орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары 28-мартка белгиленген Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары 28-мартка белгиленген

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси Путин менен Жээнбеков талкуулоочу башкы, бирок көмүскө темалардан болот деп күтүлүүдө.

Кыргыз бийлиги аталган темир жолдун Кыргызстанга тийиштүү бөлүгүн куруу боюнча Москвадан көмөк сурап, Орусияга кылчактап иш алып барып жатабы?

Кылчактаган саясат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстан аркылуу өткөн бөлүгүнүн ТЭО - техникалык-экономикалык аныктамасын орусиялык адистер иштеп жатат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Темир жолдорду куруу жана долбоорлоо дирекциясынын директору Улан Кулов билдирди.

Былтыр майда кыргыз президентинин Сочиге болгон сапарында бул тууралуу кыргыз-орус президенттери макулдашкан.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Сочидеги кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусу

"Кыргызстандагы темир жолду өнүктүрүү боюнча перспективдүү долбоорлорду карап чыгуу боюнча эки өлкөнүн Транспорт министрликтерине көрсөтмө берилген. Анын негизинде "Российские железные дороги" акционердик коому "Кыргыз темир жолу" менен иш алып барып жатат. Ушу тапта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча техникалык-экономикалык аныктамас (ТЭО) иштелип чыгууда",- деди Кулов.

Аталган долбоордун Кыргызстан аркылуу өткөн бөлүгүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин учурда орусиялык атайын курулуштарды долбоорлоо мамлекеттик институту иштеп жатканы белгилүү болду. Быйыл августка барып техникалык-экономикалык аныктамасы даярдалып калат деп күтүлүүдө.

Эни менен маршруту чечиле элек

Былтыр июнь айында, Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапар учурунда Кытайдан бери транзиттик темир жолду куруу маселеси тийиштүү тараптар менен соңку жолу көтөрүлгөн.

Анда кыргызстандык делегация Бээжинде Кытай темир жол куруу корпорациясынын жана China Railway Group Co.Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан эле.

Сүрөттүн автордук укугу China News Service
Image caption Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун узундугу 430 чакырымдан ашмакчы

"Бизде азыр колея менен маршрутта бир аз маселе чыгып калып жатат. Ошол маселелер такталгандан кийин темир жолду куруу мөөнөтү тууралуу сөз кылсак болот. Мисалы, Кытай стандарттык 1 435дик колеяга ыктап атышат да. Биз болсо Кыргызстандын экономикасынын кийинки өнүгүүсүнө карап, КМШ мамлекеттери ичиндеги 1 521 деген өлчөмдөгү колеяны сунуштап жатабыз",- деген эле анда Би-Би-Сиге транспорт министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун узундугу 430 чакырымга созулуп, Кыргызстан Торугарт, Ат-Башыдан Жалал-Абадга чейин келген маршрут вариантын карманып жатат.

Геосаясий кызыкчылыктар кагылышы

Бул темир жол менен Кытай өз товарларын Орусияга эмес, Өзбекстан аркылуу Иран менен Түркияга, андан ары Европага ташымакчы. Долбоор ишке аша турган болсо, Борбор Азия өлкөлөрүн Европа менен тикелей байланыштырган да темир жол болот.

Анда бул жерде Орусиянын кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн, дегеле бул долбоор Кремлдин аймактагы геосаясий кызыкчылыгына канчалык туура келет?

Орусия башындагы турган Евразиялык экономикалык биримдикке Борбор Азиядагы эки өлкө: Кыргызстан менен Казакстан мүчө. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса, ЕАЭБге доо кетип, Кыргызстан биримдиктен оолактайт деген Орусиянын чочулоосу бар.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса, ЕАЭБге доо кетет деген Орусиянын чочулоосу бар

"Эгер Кытай кууш колеяда темир жол куруп кала турган болсо, эмне болот элестетиңиз. Кыргызстан аркылуу транзиттик жүк өтө баштайт. Андан кийин Кытай экономиканы өндүрөбүз деп, Кыргызстанды темир жолдун калган бөлүгү да ушул кууш колеяга байлоого көндүргөнгө аракет кылат. Өлкөдөгү темир жолду бузушуп, жаңысын курушат да, Кытай менен Кыргызстандын темир жолу кууш, ал эми Орусия менен Казакстандыкы советтик колеяда калат. Бул сөзсүз түрдө Кыргызстандын ЕАЭБ партнерлору менен соода-экономикалык алакасынын кыскарышына алып келет", - деген Борбор Азия боюнча орусиялык серепчи Аджар Куртов stanradar.com басылмасына.

Андыктан Орусия Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстанга тийиштүү жерин советтик колеяда курулушуна басым жасашы мүмкүн, бирок бул долбоорду демилгелеп жаткан Кытайга канчалык ыңгайлуу болот деген суроо ачык.

"Кыргыз темир жолу": сатылат же сатылбайт

Путиндин Кыргызстанга сапары "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Орусияга сатылары жөнүндө талкуулар башталган учурга да туш келүүдө.

Жарандык активист Рита Карасартова Орусия экономикалык инвестиция салам деп коюп, Кыргызстанга келгенде өзүнүн геосаясий кызыкчылыктарын көздөп келет дейт:

"Орусия ГЭСтерди куруунун Өзбекстанды тизелетиш үчүн гана баштаган. Себеби Каримов өз алдынча саясат жүргүзүп, керек болсо ОДБКга кирбей кыр көрсөтүп келген. Орусия анан Өзбекстанды суусуз каласың деп тизелетти да, Өзбекстан менен өзүнчө келишми түзүп алды, андай кийин ГЭСтер салынбай калды. Салган нерселерибиздин акчасынын баары желип кетиптир деп, азыр биздин Орусияга карызыбыз 37 миллион доллар. Ал үчүн биз эми аларга өзүбүздүн энергетикалык объектилерибизди беребиз. "Кыргыз темир жолу", балким, берилип кетет".

Ɵкмөт башчы Мухаммед Абылгазиев айрым мамлекеттик ишканаларды, анын ичинде "Кыргыз темир жолун" башкаруунун түрүн өзгөртүп, аларга жеке инвестицияларды тартуу демилгесин көтөргөнү белгилүү.