ЕАЭБ: бирдиктүү валюта, бирдиктүү рынок. Кыргызстан макулбу?

Сооронбай Жээнбековдун Орусияга болгон былтыркы иш сапары. 2018-жыл, июнь Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Сооронбай Жээнбековдун Орусияга болгон былтыркы иш сапары. 2018-жыл, июнь

Орусия ЕАЭБ аркылуу Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларуска бирдиктүү валюта жана финансылык рынок киргизүүнү көздөп жатат.

Расмий Москва ЕАЭБди азыркыдан да чыңдоо максатында жаңы стратегиялык документ даярдап жатканы белгилүү болду.

Путин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында документтин шарттары менен кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду тааныштырышы күтүлүүдө.

Бейрасмий талкуунун темасы

ЕАЭБ ичиндеги интеграцияны бекемдөө үчүн жаңы документ жазылып жатканын Евразиялык экономикалык комиссиясы ачыктады.

Аталган комиссиянын макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая стратегия 2019-жылдын этегине барып даяр болуп каларын 28-январда билдирген.

Документке ылайык, ЕАЭБде 2025-жылга чейин бирдиктүү финансылык рынок түптөө пландалып жатат.

"2018-жылы ЕАЭБ алкагында коюлган максаттар жалпысынан ишке ашты, эми биримдик алкагында бирдиктүү рынок түптөө жана жалпы евразиялык валютаны киргизүү милдети турат", - деген бул туурасында Sputnik радиосуна Орусиянын стратегиялык пландоо институтунун директору Александр Гусев.

Жаңы стратегиялык документ быйыл ЕАЭБге мүчө өлкө президенттеринин кароосуна коюлмакчы.

Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында бул маселе күн тартибине коюлган эмес. Бирок серепчилер бирдиктүү валюта жана рынок түптөө боюнча сүйлөшүүлөр расмий эмес, бейформал жагдайда талкууланат деп болжошууда.

"Көшөгө артында бирдиктүү валюта, жалпы экономикалык мейкиндик өңдүү суроолор сөзсүз көтөрүлөт. Орусия интеграциялык процесстерге катуу киришкени байкалат", - деди Би-Би-Сиге саясат талдоочу Марс Сариев.

Идеяга макул жана каршы президенттер

Беларус президенти Лукашенко февралда Москвага болгон расмий иш сапарынан кийин эле, 1-мартта Орусия менен бирдиктүү валютага өтүүгө каршы эместигин билдирди.

"Биз Владимир Владимирович менен талкуулап жатсак, ал "бул валюта, албетте, рубль болот да" деди. Мен "ооба да, рубль болот, силерде да рубль, бизде да рубль да, ойлоп тапкычтыктын эмне кереги бар" дедим. Ал россиялык да, белорустук да рубль болбойт, жалпы рубль болот", -деди Александр Лукашенко.

Бул жерде сөз Орусия менен Беларус ортосундагы союздук мамлекет алкагындагы гана кызматташуу тууралуу болуп жатат. Ага карабастан мындай билдирүү суроо жаратат.

Алалы, Орусия ЕАЭБ алкагында бирдиктүү валюта сунушун алгач Беларуска берип, колдоо таптыбы деген суроо.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Лукашенко 2019-жылдын февраль айында Орусияга расмий иш-сапары менен барды

ЕАЭБ мүчө болгон Армения, бийлик алмашкандан бери тышкы саясаттагы багыты Орусияга караганда Батышка көбүрөөк ыктагандай. Мындан улам бирдиктүү валюта идеясын Пашинян колдойбу же колдобойбу, айтуу кыйын.

Бирок Армениянын парламент депутаты Микаел Мелкумян Евразиялык интеграция боюнча 12-мартта өткөн жыйында бул демилгеге азырынча эртелик кылат деп билдирген.

"Жакынкы арада бирдиктүү валютага өтүү мүмкүнчүлүгүн көрбөй турам. Эгер биз бир пикирге келип, газ же мунай продуктыларын орус рубли менен төлөйбүз дегендей болсо, анда мүмкүн", - деген армян депутаты.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы кошулган

Жакында эле отставкага кеткен казак президенти Нурсултан Назарбаев деле ЕАЭБ ичинде бирдиктүү валютага өтүү идеясын буга чейин анча сүрөгөн жок:

"Бизге ага эртелик кылат. Ал үчүн биримдикке мүчө өлкөлөрдүн экономикасын жок дегенде тегиз көтөрүп алыш керек. Ага бирдей шарттар, бирдей экономика зарыл. Анан баары бирдиктүү валюта менен жашоого макул болушу керек".

28-декабрдагы сөзүндө Казакстандын экс-президенти Биримдикке жалпысынан жакшы баасын берип, 2014-жылдан бери Орусия-Казакстан ортосунда товар алмашуу кыйла өскөнүн белгилеген.

Жээнбеков: албетте, биз дагы ошого барабыз

Евразиялык экономикалык биримдик алкагында бирдиктүу валюта киргизүү сунушун кыргыз бийлиги колдоого эле алат өңдүү.

Сооронбай Жээнбеков былтыр декабрда Орусияга болгон иш-сапарында Россия-24 телеканалына кеңири интервью берип, ЕАЭБ алкагында бирдиктүү валютага өтүү мезгил талабы дегендей кылган.

"Бул (ред. ЕАЭБ) биздин келечек. Келечекте ал Евробиримдиктей чек аралары ачык болуп, биздин жарандар биримдиктин аймагында эркин каттап, уюмга кирген кайсы гана мамлекетте болбосун, өз өлкөсүндөгүдөй кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алгандай шарттар түзүлсө дейм. Мен уюмдун келечегине аябай ишенем. Бизде абдан чоң, кубаттуу дарамет бар. Албетте, алардын (ред. Евробиримдик) бирдиктүү валютасы бар. Албетте, биз дагы ошого барабыз. Бирок ага убакыт керек",- деген Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жээнбеков Орусия-Кыргызстандын тышкы саясаттагы негизги өнөктөшү экенин кайталап келет

ЕАЭБ алкагындагы бирдиктүү валютага өтүү үчүн, алгач, бизнес коомчулугун макулдатуу керек, деген кыргыз президенти.

"Орусия таасир этүү рычагын бекемдеткиси келет"

Жергиликтүү саясат талдоочулар Орусия ЕАЭБге жамынып, уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында бирдиктүү валюта киргизүү менен ал өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын чектөөгө умтулууда дешет.

Серепчи Сейтек Качкынбай Орусия бул жерде экономикалык эмес, ириде, саясий кызыкчылыгын көздөп жатканы байкалат дейт:

"Эми азыр ЕАЭБ ичинде Кыргызстан менен Армения жарым-жартылай демократиялык мамлекеттер болуп жатат. Мындай шартта алардын бирдиктүү валютасына кирсек, алардын саясий системасына киребиз дегенге эле окшош болуп калат да. Бул Орусиянын авторитардык системасынын кеңейтүүнүн эле шылтоосу болот го. Буга Орусия гана кызыкдар болуп, бизге таасир этүү рычагын чоңойтконго мүмкүнчүлүк издеп жатат",- дейт серепчи Сейтек Качкынбай.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ичиндеги саясий режимдердин ар түрдүүлүгү, уюмдун тыгыз интеграцияланышына тоскоолдук жаратып жаткандай.