Путиндин сапары: Кыргызстан Өзбекстандай үзүрүн көрөбү?

Өзбекстан Кыргызстандан айырмаланып ЕАЭБ, ЖККУга мүчө эмес Сүрөттүн автордук укугу Павел Бедняков/РИА Новости
Image caption Өзбекстан Кыргызстандан айырмаланып ЕАЭБ, ЖККУга мүчө эмес

Кыргызстан тышкы саясатта негизинен Орусияга басым жасайт. ЕАЭБ менен ЖККУга мүчө болсо да, Бишкек Москвадан Өзбекстандай ири экономикалык колдоо таба элек.

Кызыгы, расмий Ташкент Москва үстөмдүк кылган жогорудагы эки уюмга кошулган эмес. Бирок Кремль баары бир Өзбекстан менен кызматташууга кызыкдар экени байкалат.

Путиндин былтыркы Өзбекстанга болгон сапарынын жыйынтыгында эки тарап 27 миллиард долларга тете келишимге кол коюшкан.

Путин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарында Кыргызстанга да ошондой колдоо көрсөтөт бекен?

"Орусия башкы өнөктөш"

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул анын Сооронбай Жээнбеков президент болгондон берки Бишкекке алгачкы мамлекеттик сапары. Орус президентинин визити алкагында отуздан ашуун келишимдерге кол коюлары күтүлүп жатат.

"Орусия - Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Экономикалык инвестиция жаатында да биздин башкы партнер. 2018-жылы эки өлкө ортосундагы соода-сатык көлөмү 1,6 миллиард долларга жетип, 2017-жылга салыштырмалуу 3,7%га өскөн",- деди президенттик аппараттын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Орусия инвестиция жаатында биздин башкы партнер"

Орусия былтыр Кыргызстанга 123 миллион доллардай инвестиция салып, соңку жылы инвестиция көлөмү 25%га өскөнү айтылып жатат.

Путиндин сапарында Кыргызстан менен Орусия кандай келишимдерге жетишери азырынча белгисиз.

Миллиарддаган долларга тете контракттар

Өткөн жылы Путин Ташкентке барганда, эки өлкө аралык кызматташуу тууралуу 800дөн ашык документке кол коюлуп, анын жалпы суммасы 27 миллиард АКШ долларын чапчыган. Мындан тышкары орусиялык компаниянын катышуусу менен 14 ири долбоор баштоо макулдашылып, анын инвестиция көлөмү 9,8 миллиард долларга жетет деп маалымдалган.

Ошондой эле Мирзиёев орус президентин Өзбекстанда атомдук электр станция курууга да ынандырган. Москва бул долбоорго 10 миллион доллардан ашуун каражат бөлмөк болду.

Эң башкысы 2019-2024 жылдарга карата Орусия-Өзбекстан экономикалык кызматташтык программасы кабыл алынып, товар алмашууну 10 миллиард доллардан ашыруу макулдашылды.

Өзбекстан мындай колдоого ЕАЭБ же ЖККУга кирбей туруп эле арзыды.

Сүрөттүн автордук укугу Sputnik/Алексей Дружинин
Image caption Өзбекстан мындай колдоого ЕАЭБ же ЖККУга кирбей туруп эле арзыды

"Азыркы тапта Өзбекстандын тышкы экономикалык товар жүгүртүүсүнүн 63% Европа мамлекеттери, Түркия жана Кытайга туура келүүдө. КМШ өлкөлөрү менен товар алмашунуну көлөмү 36% болуп жатат. Анын ичинен алака көбүрөөк Орусияга туура келип жатат. Өзбекстан менен Москванын экономикалык алакасы мындан да өсөт деген ойдомун. Орусиянын да Ташкент менен тыгыз алакада болуу кызыкчылыгы бар",- деди жакында эле өзбекстандык саясат талдоочусу Фаридун Усмонов.

Өзбекстан маркум Ислам Каримовдун тушунда Орусия үстөмдүк кылган регионалдык уюмдардан оолак болуп келди. Маселен 2008-жылы Ташкент ЕврАзЭШте мүчөлүгүн токтотуп, буга кошумча Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) эки жолу кошулуп, эки жолу кайра чыккан.

Өзбекстан ЕАЭБге ашыкпайт

Каримов кийин деле Өзбекстан ЕАЭБге кирүүнү караштырбай турганын айтып, уюм өлкөнүн эркиндигин чектеп коерун белгилегени бар. Өлкөдө бийлик алмашканы менен жаңы президент Шавкат Мирзиёев тышкы алакаларды курууда астейдил саясатын жүргүзүүдө.

Ташкент, расмий Бишкектен айырмаланып АКШ, Кытай, Орусия сыяктуу ири державалардын бирине да артыкчылык бербей, өлкө кызыкчылыгы үчүн бардык мамлекеттер менен кызматташууга даяр экенин көрсөтүүдө.

Орусия ЕАЭБди кеңейткиси келгени талашсыз. Бирок Москва Ташкентти жоомарттык менен биримдикке тарткысы келгени байкалат.

"Албетте, Орусия жакынкы келечекте Борбор Азиядагы ири экономикалуу Өзбекстандын ЕАЭБге интеграцияланышына кызыкдар. Биз азыр мунун үстүндө иштеп жатабыз",-деген орусиялык эксперт Алексей Дундич.

Саясий жагын албаганда, Орусия экономикалык жактан Өзбекстан менен тыгыз мамиле курууга кызыгат. Алты миллиондук рыногу бар Кыргызстан же 17 миллион эли бар Казакстанга салыштырганда, 32 миллион калкы бар Өзбекстандын потенциалы кыйла жогору.

Жээнбеков эмнеге жетишет?

Путиндин сапары алкагында 30га жакын документке кол коюлат деген менен, президенттик аппарат алардын мазмуну тууралуу жалпы-жондоп айтып, так маалымат бере элек.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет

Эки өлкө аралык, ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташуу, ЖККУ алкагында аскердик кызматташуу, ГЭС куруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча маселелер негизги темалар болот деп күтүлүүдө. Мындан тышкары орус президенти менен 500гө жакын ишкер келип, кыргыз-орус экономикалык форуму өтүүдө.

Азырынча жалгыз жетишкендик - миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн кыргызстандыктарга 22-апрелге чейин Орусиянын чек арасынан чыгып, миграциялык картасын жаңыртууга мүмкүнчүлүк берилди.

Тектеш темалар