ММУнун филиалы Акаевге плацдарм болуп калабы?

Сүрөттүн автордук укугу MSU

Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун Бишкекте өткөн форуму убагында Орусиянын бир катар университеттеринин филиалдарын ачуу жөнүндө да да келишимдер түзүлдү. Бирок алардын ичинде Орусиядагы өзгөчө статусу бар Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) филиалы болгон жок. ММУнун ректору Виктор Садовничий форумда сүйлөгөн сөзүндө бул маселени "деликаттуу" деп атап, анын ишке ашпай жаткан себеби Кыргызстандын өзүндө жатканын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий

"Мен алты жолу макулдук бердим. Бир жолу келишимге кол койгону келем деп билет да алып алдым эле. Ишке ашпай калды, Москва университетинин күнөөсү жок. Ошондуктан кесиптештер өзүнөр карап көргүлө, силер чечсеңер, биз даярбыз",-деди В. Садовничий.

ММУнун филиалы Бишкекте алты жолу аракеттен кийин дагы ачылбай жаткан себеби анын саясатташып кеткени менен байланыштуу. Акаевдин кайтып келишине плацдарм болуп берет деп чочулап убагында Атамбаевдин администрациясы атактуу университеттин филиалын ачууга каршы болуп койгон экен. Бул жөнүндө Би-Би-Си ушул маселени чечүүгө аракет кылып убагында жүгүргөн жетекчилерден билип тактады. Азыркы бийликке жаман көрсөтүп албаш үчүн алардын аттарын атабай эле коелу дедик.

Image caption Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев азыркы учурда ММУда профессор, Пригожин атындагы математикалык изилдөөлөр институтунун башкы илимий кызматкери болуп иштейт.

Анткени, Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачууга саясий тоскоолдук азыркы бийликтин тушунда да кала берүүдө. Алты жолу аракеттен кийин дагы филиал ачуу ишке ашпай жатканынын себептери жөнүндө министр баш болгон жетекчилер так жооп айтпай жатканынын төркүнү ушул жакта.

Айтмакчы, Бишкектеги форум убагында ММУнун ректору В. Садовничий Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевге өзүнчө токтолуп, анын ММУдагы илимий ишмердигин жогору баалап, экөөнүн биргелешкен изилдөөлөрү жөнүндө сөз сүйлөдү.

ММУнун филиалы эң биринчи жолу Севастополдо, андан кийин Баку, Астана, Ташкент, Ереван, Дүйшөмбү шаарларында ачылган. Андан башка ММУ менен Пекин политехникалык институту (Шэнчьжен ш) менен биргелешип, Россия-Кытай Университетин ачышкан. Атактуу университеттин филиалдарында үч миң чамал студент окуйт. (КС)

Тектеш темалар