Бабановду Кыргызстанда эмне күтөт?

"Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келет деген билдирүүлөрдөн кийин аталган ишмердин саясий тагдыры жөнүндө талкуу күчөдү. Президенттик шайлоодо жеңилип калгандан кийин Орусияга кеткен оппозициядагы лидер саясаттан да кеткенин жарыялаган эле.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов

"Бабановдун үстүнөн козголгон иш саясий буйрутма"

Бабанов Кыргызстанга качан кайтып келери так белгилүү эмес. Бирок ага чейин эле, саясатчынын тарапкерлери лидерге козголгон кылмыш ишин токтотуу талабын коюп жатышат.

"Мен өзүмдүн милдеттемелеримди толук аткардым. Элдин, мамлекеттин жана бийликтин алдында дагы эч кандай күнөөм жок. Кандай болсо дагы мен Кыргызстанга келем деп айтты. Биз аны толук колдойбуз. Бабановдун үстүнөн козголгон иш саясий буйрутма болуп эсептелет",-деди Бабановдун өкүлү Ислам Каргабаев.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Өмүрбек Бабанов жана Сооронбай Жээнбеков

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы болгон. Ал үгүт өнөктүгү учурунда Ошто "Конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштап, улут аралык кастыкты козуткан" сөз сүйлөдү деп айыпталып, кылмыш иши козголгон.

"Мен президент болуп келгенде мамлекетибизде өзбек, орус, казак, кыргыз деп улутун эч ким карабайт. Билимиңерди карайт. Мен сөз берем. Биздин мамлекеттин байлыгы, көп улуттан турганыбыз. Урматтуу элим, урматтуу өзбек калкым. Чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы. Бардыгыңар бирге болсоңор, эч ким силерге каршы тура албайт",- деген эле Бабанов Он-Адырда шайлоочулар менен жолукканда.

Анын адвокаты Амантур Абдрахмановдун айтымында, аталган маселе боюнча УКМКнын экспертизасынан тышкары дагы төрт эксперттик топ иш алып барган. Алардын үчөө Кыргызстанда, бири Орусияда жүргүзүлгөн. Көз карандысыз эксперттик топтор Өмүрбек Бабановдун айткандарында улуттар аралык мамилени козутууга негиз болчу сөз болгон эмес деген тыянакка келишкен.

"Бабанов кайтып келгенден кийин аны камакка алууга же башка чараларга барууга эч кандай негиз жок. Себеби, эксперттик топтордун корутундусу Бабанов тарабынан айтылган сөздөрдө эч кандай чакырык болбогонун айгинелеп турат. Эгер өздөрү айткандай, бийлик мыйзам чегинде кадамга бара турган болсо, эч кандай чара көрүлбөйт. Эгер камай турган болсо, биз мыйзам чегинде гана иш алып барабыз",- деди Абдрахманов.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов Москвада

Ташиев менен Бабанов кайрадан ымалага келди

"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Бабанов менен Москвада кучакташып түшкөн сүрөтүн жарыялагандан кийин саясатчы өлкөгө кайтып келет экен деген пикирлер дагы күч алды.

Ташиев болсо жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын бирине берген маегинде, Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүгө толук укугу бар экенин айтты.

Эски саясий достордун парламенттик шайлоону утурлай кайрадан ымалага келип жатышы, Бабанов кайрадан саясатка аралашабы деген суроону жандатты. Ал буга чейин саясаттан кеткенин айтып чыккан эле.

"Кыргызстандын саясатчыларына ишенип болбойт. Учурда өлкөдө чоң саясий процесстер жүрүп жаткандыктан, ал кайтып келүүгө бел байлап жаткан болушу мүмкүн. Бизде укуктук маселелер экинчи планга жылып, көп нерсе саясий негизде чечилип келген. Маселен, буга чейин бир арада болуп, бирок кийин мамилеси солгундап кеткен эки саясатчынын кайрадан кучакташып сүрөткө түшүп жатканынын өзү кыргыз саясатында бир позицияны кармануу түшүнүгү жок экенинен кабар берет. Анын үстүнө Бабанов саясатка кайтып келбей турган болсо, олигарх катары көп нерседен кол жууп каларын сезип турат",-дейт саясат таануучу Чолпонбек Сыдыкбаев.

Мурдагы депутат кыргыз коомунда бир гана саясатчы эмес, эң бай бизнесмендердин бири катары дагы таанымал. Ал буга чейин премьер-министр жана вице-премьер-министрлик кызматтарды аркалап турганда ишкердигине байланыштуу бир топ дооматтар айтылып келген.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Өмүрбек Бабанов шайлоочулар менен жолугуу учурунда

УКМК саясатчыга коюлуп жаткан айыптоолор боюнча мыйзам чегинде чара көрүлө турганын билдирди. Оппозициядагы лидердин кайтып келиши бир топ саясий топторду, анын ичинде бийликти ыңгайсыз абалга калтырышы мүмкүн дейт Чолпонбек Сыдыкбаев.

"Бабанов кайтып келе турган болсо бийлик ага карата сөзсүз чара көрөт. Андай болбой турган болсо, коомчулук бийликти жарга такап коет. Ошол эле президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү Бабановдон баштайм деп айтканы бар. Анын кайтып келиши менен коомчулук президенттин айткандарын дароо эсине салат",- деди Чолпонбек Сыдыкбаев.

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келери жөнүндө кабар өлкөдө мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы тиреш курчуп турган учурга туш келди. Бабановдун буга чейин бир эмес, бир нече жолу саясаттан кете турганын жарыялап, бирок ыңгайы келгенде кайра кайтып келген учурлары болгон. Аналитиктер бул ирет дагы ошондой болот деп жоромолдоп жатышат.

Тектеш темалар