Путинге каршы митинг уюштурган жаранга оор айып тагылууда

Путиндин мамлекеттик сапарынан бир күн мурда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында орус лидерине каршы маанайдагы плакаттарды көтөрүп чыккан үй-бүлөгө тагылган айыптарды укук коргоочулар сынга алууда.

Сүрөттүн автордук укугу facebook

Активист Нурлан менен жубайы Гульзана Бишкектин 1-Май райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Укук коргоочу Рита Карасартова Би-Би-Сиге билдиргендей, учурда активистке жана жубайына "улут аралык кастыкты козуткан" деген берене боюнча айып тагылууда.

"Алар эки айга камакка алынып, улут аралык кастыкты козуткан деген күнөө менен он жылга соттолуп кетиши мүмкүн. Биздин кыргыздын "супер" эксперттери алардын колундагы плакаттарда "улут аралык кастыкты жаратуу чакырыктары бар" деген тыянак чыгарып бериптир",-деди Рита Карасартова.

Муну укук коргоочу өлкөдөгү адам укугунун одоно бузулган учуру катары баалады. Аларды кармоодо мыйзам бузулган учурлар бар, дейт ал.

Азырынча бул окуя боюнча расмий органдар түшүндүрмө бере элек. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов кармалган активист менен милиция бөлүмүндө жолукканын айтып берди. Ага дароо эле адвокат беришкен эмес, дейт Сулайманов.

"Клооп" агенттиги активист жубайлар милицияда кармалып турганда, үйүндө милиция тинтүү өткөргөнүн жазды. Муну уулу видеого тартып алган. Ата-энесин "украиналык улутчулдар" менен байланышы бар деп айыпташканын айтып берген. (AbA)