Мигранттар санаасы: кош жарандык менен пенсия

Мигрант Сүрөттүн автордук укугу AFP

Президент Путин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алдында административдик мыйзам бузган кыргыз мигранттарына мунапыс берди. Бирок Орусияда жүргөн он миңдеген кыргызстандык үчүн кош жарандуулукту мыйзамдаштыруу менен пенсия алуу сыяктуу чечилбей келе жаткан маселелер бар.

Орусиядагы мигранттар биринчи кезекте кош жарандык маселесин чечүү маанилүү экенин айтышууда. Орус жеринде жакшы жумушка орношуу үчүн бул өлкөнүн жарандыгын алуу керек болот. Ошондуктан мигранттар кош жарандыкты мыйзамдаштырууну көптөн бери эңсеп келет.

"Орусияда маянасы жогору жумушка орношуу үчүн сөзсүз түрдө Орусия Федерациясынын жарандыгы талап кылынат. Эгер кош жарандык маселеси чечилген болсо, коопсуз жерлерде, жылуу-жумшак иштегенге мүмкүнчүлүк дээрлик ачылат",- дейт Екатеринбургдагы тамактануучу жайлардын биринде иштеген Келдибек Мелисов.

Кыргыз мигранттарын көп ойлонткон дагы бир маселе - пенсия алуу. Мигранттардын пенсия маселеси ЕАЭБнин алкагында түзүлүп жаткан келишим менен чечилери айтылган, бирок ал бир нече жылдан бери ишке аша элек.

"Мен азыр Орусияда убактылуу иштеп жүрөм. Биздин айлыктан соцфондго деп акча кармап калышат. Мени Кыргызстанга баргандагы тагдырым ойлондурат. Себеби Орусияда иштеп кеткен кыргыз жарандары пенсияны алганга келгенде маселе жаралып жатпайбы. Биздин Орусиядагы стаж эсептелбейт экен. ЕАЭБне киргенден кийин андагы өлкөнүн жарандарына мындай мамиле болбош керек",-дейт Орусияга Кыргызстандан келген Жумагул.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Орусияда иштегендер эле эмес, окуп жүргөн кыргыз жаштарынын саны дагы арбын. Алар үчүн Орусиянын айрым мыйзамдары кыйынчылык жаратууда.

"Студенттер орус жерине кирип жатып, миграциялык кагазга "окуу үчүн" деп жазат. Муну көрсөтсөк, бизди жумушка албай койгон учурлар көп. Эгерде миграциялык кагазга "иштегени кирип баратабыз" деп жазсак, анда окуу жай жатаканага киргизбейт. Мисалы, магистратура, аспирантурада окуган студенттер бар. Алар жумасына эки күн, аспиранттар жумасына бир күн окуйт. Бош күндөрү иштегенге, өздөрүн өнүктүргөнгө айрым мыйзамдар жол бербейт",- дейт Екатеринбургдагы кыргыз студент.

Орусиянын "балдар жөнүндөгү" жаңы мыйзамдары дагы кыргызстандык мигрант ата-энелердин нааразылыгын жаратып келет. Жаңы мыйзамга ылайык, июль айынан тарта кыргыз жарандары 16 жашка чейинки балдарын Орусияга чет элдик паспорт менен киргизет.

"Июлда бул жактан берилип жаткан тиркемелер дагы токтойт дейт. Жасата турган болсо 4 200 сом болуп калат экен. Билесиздер, кыргыздардын эки, үч, төрттөн балдары бар. 4200 сомдон төлөп, балдарына чет элдик паспорт жасатуу көптөгөн жаш үй-бүлөлөр үчүн оор",-деди Канзада Сманова.

Жумушун таштап, мекенине балдарын көрүүгө келүү эмгек мигранттары үчүн кыйла оорчулук жаратат. Анын ордуна жайкы эс алууга мезгилинде балдарын Орусияга убактылуу алып келип, сагынычын таратышат.

Тектеш темалар