Бүтпөгөн долбоор талкуусу: "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол долбоору жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери каралып, бирок ишке ашпай келет. Бул долбоордун канчалык деңгээлде өзүн актай турганы дагы тактала элек талаштуу маселе.

Сүрөттүн автордук укугу Bloomberg
Image caption "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол долбоору жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери ишке ашпай келет

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда дагы бул маселе боюнча бир топ аракет жасалып, анын Кытайга болгон сапарында башкы темалардын бири болгон. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын бир нече ирет билдирген.

"Кыргызстан деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкө катары, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы сооданы байланыштырган транспорттук маршруттарды ийгиликтүү өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул шартта "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоору абдан маанилүү",- деген эле мамлекет башчы.

Адистердин айтымында, көп жылдан бери ишке ашпай жаткан долбоор Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Темир жол курулса өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгү кеңейип, экономикалык өсүүгө салым кошмок. Бирок долбоор өзүн актабай тургандыктан, кечеңдеп жатат дегендер дагы бар.

Сүрөттүн автордук укугу JEAN-FRANCOIS MONIER
Image caption "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун курууда бир нече вариант сунушталган

Би-Би-Си менен болгон маегинде мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев жолдун өзүн актай турганынан күмөн саноого негиз жок деп билдирген.

"Анткени Перс булуңунун, Араб мамлекеттеринин биз аркылуу Кытайга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз жыйырма жылдан ашык ойлонгуча, Казакстан Хоргос менен байланышты ишке ашырып койду. Бирок алар жолду Кытайдын батышы аркылуу ачты. Темир жол курулса биз Кытайдын түштүк-батышы аркылуу каттайбыз. Бул жерде бир гана Кытайдын, Кыргызстан, Өзбекстандын эмес, Орусиянын, Перс булуңунун, Ирандын, Түркиянын, Араб мамлекеттеринин кызыкчылыгы чоң".

Орусиянын кызыкчылыгы эмнеде?

Трансконтиненталдык темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин орусиялык адистер иштеп чыгып жатканы жакында белгилүү болду. Орусия аны каржылоого миллиарддаган каражат бөлө турганы тууралуу дагы маалымат тарады. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшүнүн долбоорго кызыкдар болуп жатканы кыргыз коомунда ар кандай суроо жаратпай койгон жок. Эң оболу ким каржыласа, ошол долбоорду башкарабы деген маселе турат.

"Андан коркпош керек. Орусиянын долбоорго кызыкдар болуп жатканы биз үчүн жакшы нерсе болду. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу курулса, ЕАЭБге доо кетет деп Орусия чочулап жатат деген болбогон сөз. Орусия өзү колдоо көрсөтө турган болсо, эмнеге чочуламак эле",- деди Аргынбек Малабаев.

Кыргызстандын кызыкчылыгы

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун курууда бир нече вариант сунушталган. Учурда Кыргызстан узундугу 430 чакырымга созулган Торугарт-Ат-Башы-Жалал-Абад маршрутун жактырып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу экономикалык эң ири долбоордун бири

"Биз үчүн маршруттун узак болгону ыңгайлуу. Бул эки кызыкчылыкты көздөйт. Биринчиден, жол айылдарды аралап өткөндүктөн, келечекте инфраструктуранын жакшырышына жардам берет. Экинчиден, транзиттен алчу каражат дагы көп болот. Болжол менен Кыргызстан эки жүз миллион доллардан, бир миллиард долларга чейин пайда көрсө болот",- деди мурдагы премьер-министр Темир Сариев Би-Би-Сиге.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу экономикалык эң ири долбоордун бири. Кытай үчүн Европага чыгуучу эң кыска альтернативдүү жол болуп калат.

Ал эми Кыргызстандын темир жолу азыркы туюк абалынан чыгып, транзиттик жолго айланат. Түндүк тараптан Кытайга түз кирип кетүү мүмкүндүгү пайда болот. Түштүк жактан болсо Тажикстанга, андан ары Ооганстан, Иранды аралап, Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине темир жол каттамы ачылат.