Путиндин Бишкекке сапары: дүрбүдө Америка

Орус президентинин Кыргызстанга болгон мамлекетик сапары аяктады Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Орус президентинин Кыргызстанга болгон мамлекетик сапары аяктады

Орусиялык басылмалар Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында көшөгө артында Кыргызстан АКШ менен жаңы кызматташуу келишимине барар-барбасы тууралуу суроолор көтөрүлгөнүн жазып жатышат.

Аскердик кызматташуу жөнүндө жаңы келишимдин чоо-жайы такталып, Орусиянын Кыргызстандагы аскердик объектилерине кошумча дээрлик 60 гектар жер берилгени жатат.

АКШ менен келишим: жаңыланат-жаңыланбайт

"Коммерсантъ" гезити өзүнүн булактарына таянып, Путин кыргыз бийлигинен АКШ менен гуманитардык кызматташтык жанданабы деп сураганын жазды.

"Бирок ал (ред. Жээнбеков) аскердик, экономикалык же маданий болобу, бардык байланыштар ириде Орусия менен болоруна ишендирди", - дейт басылма.

Былтыр президент Соооронбай Жээнбеков Кыргызстан АКШ менен мамилени жандантуу максатында жаңы документ жазылып жатканын ачыктаган.

Путиндин Кыргызстанга сапары алдында, 15-мартта Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев кыргыз-америка кызматташтыгы жөнүндө жаңы келишим долбоору даяр болуп, өкмөткө жөнөтүлгөнүн билдирген.

"Тараптар азыр жаңы баракча ачылып жатат деп үмүттөнүүдө. Келишимдин долбоорун биздин министрлик-мекемелер карап чыгып, өкмөткө беришти. Алардын эксперттери жакында келе тургандай болуп жатышат",- деген "Азаттыкка" элчи.

Бирок кыргыз бийлиги орус лидерине азырынча Вашингтон менен мамилени жандандыруу планы жок экенин, бул маселеде ЕАЭБ жана ЖККУ кызыкчылыгы эске алынарын жооп кылды, деп жазат "Ъ".

АКШ менен кызматташтык келишимин Кыргызстан 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

"Форпост", "Орлан" жана "Тахион"

Путин мамлекеттик сапарында Орусиянын Кыргызстандагы аскердик объектилери жайгашкан жер тилкелери 60 гектарга кеңейери да макулдашылды. Бул тууралуу келишимдин чоо-жайы боюнча кечээ кыргыз тарап деталдуу маалымат берген эмес.

"Канттагы" авибазага учкучсуз башкарылган согуштук учактар сыналат деп айтылып жаткан менен, орус басылмалары базада буга чейин эле "Форпост", "Орлан" жана "Тахионы" аппараттары колдонулуп келди деп жазып жатат.

Жаңы протокол боюнча учкучсуз башкарылган авиация системасы эми "Кантта" туруктуу негизде иштей баштайт.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Канттагы Орусиянын авиабазасы

Орусия менен Кыргызстан ортосундагы жаңы аскердик келишим Москва үстөмдүк кылган ЖККУнун Ооганстандагы кризисти чечүүгө АКШ кызыкдар эмес деген айыптоосуна да туш келди.

ЖККУнун бирдиктүү штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров быйыл февралда АКШ Ооганстанда өзүнүн геосаясий кызыкчылыктарын чечүүнү көздөп жатат деген:

"Борбор Азияда таасирин сактап калуу үчүн АКШ атайылап эле Орусия менен ооган жаңжалын жөнгө салуу боюнча кызматташуудан баш тартып жатат. Бул тараптардын сүйлөшүүлөрүн татаалдаштырууда. АКШнын Ооганстанда тынчтыкты орнотуу боюнча так стратегиясы жок. Америка Ооганстанда стабилдүүлүктү орнотуу үчүн эмес, ага коңшу өлкөлөргө жана регионалдык атаандаштарына, биринчи кезекте Орусия, Иран жана Кытайга басым жасаганды көздөп жатат".

Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси - Орусиянын бирдиктүү аскер базасы.

Сүрөттүн автордук укугу © SPUTNIK / АЛЕКСАНДР НАТРУСКИН
Image caption ЖККУнун бирдиктүү штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров

2014-жылга чейин Кыргызстанда АКШнын аскердик аба базасы иштеп келген, бирок 2013-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстан АКШ менен аскердик кызматташтыкты токтотуп, анын базасын өлкөдөн чыгарган.

Күнкарама саясат

Мартта Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу жаңы концепция кабыл алынды. Документке ылайык өлкөнүн тышкы саясаттагы негизги өнөктөштөрүнүн бири Орусия деп көрсөтүлгөн.

Кыргызстан өзүн эгемен өлкө катары жарыялагандан бери 25 жылдан ашса да, сырткы саясатта Орусияга артыкчылык берип, ага таянып, маанилүү чечимдер кабыл алаарда анын алдынан өтүүнү адат кылган, дешет талдоочулар.

Кыргызстанды Орусия менен СССР ширеген бир тарых, маданият бириктирет.

Бирок ошондой эле Кыргызстанга Орусия таасиринен толук чыгуу үчүн ачык айтылбаган тобокелчиликтер да бар.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Орусиянын агрессивдүү тышкы саясаты бар"

''Орусиянын агрессивдүү тышкы саясаты бар. Жакында эле болгон окуяларды карасак, Грузия өз алдынча иш кыла баштаганда Орусия коркутуп, 2008-жылы согуш кылды. Андан кийин Украина өз кызыкчылыгында саясат кыла баштады эле, жыйынтыгы Донецк-Луганск конфликтиси башталды. Ушинтип саботаж кылып, Орусия күч менен таасирин кармап калганга аракет кылып атат'',- деди Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдер магистри Даниэль Кадырбеков.

Ошентип Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан ири державалар ортосундагы геоясий тирештин чордонунда калууда.

Тектеш темалар