Исмаил Исаков: Ак үйдө ок атуу болгондо Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө чалдым

Кыргызстан апта соңунда мындан тогуз жыл мурун болгон Апрель окуяларын эскерет. Ошол учурдагы бийликке карата элдин кыжырын кайнаткан окуялардын бири - генерал Исмаил Исаковдун камакка алынышы болгон.

2010-жылдын январь башында сот Кыргызстандын мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен ажыратып, аскердик чинин алып салуу тууралуу өкүм чыгарды. Исаков сот залынан камакка алынды. Бакиев бийлигинин саясатына макул болбой, кызматын тапшырып кетип калгандан кийин генерал Исаковго каршы кылмыш иши козголуп, акыр аягы катаал жазага тартылышы элди көтөргөн саясий факторлордун бири болуп калды. Би-Би-Си белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, генерал Исмаил Исаковду маекке тартып, 2010-жылы 6-7-апрелде кырдаал куручуп турган учурдагы окуялар жөнүндө абакта жатып кантип кабардар болгонун сурады.

И. Исаков: 2010-жылы 6-апрелде абакта элем. Ал жерде телевизор аркылуу болуп жаткан окуялар тууралуу кабардар болуп турдук. Ошол абакта дагы тилектештик билдирип, бийликке кыжырдануусун айтып, колдоп тургандар болду. Аянтта ок атылганын, биздин баатырларга ок тийип жатканын телевизордон карап олтурдук. Менин кол телефонум бар эле. Мага байланышып, Ак үйдөн ок атылып жатканын, аларга каршы аскер техникасын алып келиш керектигин айтып калышты. Танканын же БМПнын пулемету менен жок кылыш керек деп чалышты. Кой-Таштагы аскер бөлүгүндөгү балдарга чалып, элди атып жатыптыр, бир БМПны даярдагыла, ошол жерге баргыла деген өтүнүчүмдү айттым. Алар даярдашыптыр, бирок ага чейин эле Ак үйдү басып алышты. Абак жайга Азимбектер (Бекназаров) келип, мени чыгарышты. Жолдо келе жатып, балдарга чалып Ак үй алыныптыр, силер келбей эле койгула, токтоткула деп айттым. Биз түнү Азимбектер менен чогуу №1 СИЗОго келип, Бөлөкбаевдерди чыгардык. Баары чыккандан кийин "Форумга" бардык. Ал жерде оппозиция лидерлери олтурушкан экен. Сүйлөшүп жатканда, эми кандай болот деп сурадым. Алар "Убактылуу өкмөт түздүк, структурасын иштеп чыктык, сиз Коргоо министрлигин, чек ара маселесин караган жетекчи болосуз" дешти. Таңкы саат төрттөр чамасында аянтка келдик. Эл аябай көп экен. Талкаланган унаанын үстүнө мени көтөрүп чыгарышты. Ошол жерден жалындуу сөздөрдү айттык. Анан ошол жердеги топтошкон эл мени Коргоо министрлигине алып келип олтургузабыз дешип, жөнөп калышты.

исмаил исаков Сүрөттүн автордук укугу facebook

Би-Би-Си: Сизди абактан кимдер, кантип чыгарып келишти?

И. Исаков: Азимбек (Бекназаров) менин жактоочум эле, ошол барды. Аны менен кошо үч-төрт киши барган, ысымдарын айтпай эле койоюн. Мен абактан минтип чыкпайм, азыр чыксам качып кетти деген сөз болот дедим. Жок дегенде документтерди катташ керек деп, анан ЖАМК жетекчисине келип, буйруктарды чыгартып, анан ошонун негизинде СИЗОго бардык.

Би-Би-Си: Саясатчылардан башкалар дагы түрмөдөн чыгып кеткен жокпу?

И. Исаков: Жок, эч ким чыккан жок. Кандай кырдаал болбосун, мыйзам сакталыш керек. Саясий туткун катары мени гана алып чыгышты. Ошондо дагы "үй-бүлөлүк абалына байланыштуу" деп, эки күнгө убактылуу чыгарылдым. Кийин сотко кайрылып, анан толук акталдым.

2010-жылдын, апрели Сүрөттүн автордук укугу Getty Images/VYACHESLAV OSELEDKO

Би-Би-Си: Сот залында генералдык наамыңызды судьянын алдына таштап, "Бакиевдерге ушул эле керек болсо, алып барып бер" дегениңизде зал ичи дуулдай түшкөнү көптөрдүн эсинде. 2005-жылы Бакиев менен үзөңгүлөш болуп, бийликке келип, анан кийин эмнеден улам катуу тирешип калдыңыз?

И.Исаков: Себептери өтө көп. Эгерде Бакиевди президентикке алып келген үч-төрт киши болсо, ошонун бири өзүм элем. Өкмөт башчы болуп турган учурунда, Аксы окуясынын арты менен аны иштен кетиришпедиби. Ошондо ыраматылык Апсамат Масалиев бул бала ушундай болуп калды деп айтып калды. Биз Апсамат Масалиевдин кеңешин угуп, урматтап жүрчүбүз, аны менен бир команда болуп калган элек. Ага чейин Бакиев менен жакшы мамилем болбосо дагы, ошондо үйүнө барып, "бирге чогуу бололу" деп, жакшы ниеттерди айттык. Кийин аны коштук. Башында Масалиев ага каршы болгон, "бул болбойт, коркок" деп. Көпчүлүгү каршы болгонуна карабай, мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы бар, жакшы иштейт деп колдоп тургам. Өзү дагы "Раззаковдой иштеп берем" деп убада берген. Тилекке каршы, президент болгондон кийин көп окуяларды көзүм менен көрүп, ишенич ыдырады. Акыркысын айтып берейин, 2008-жылы 25-майда Бакиевге жолукканы кирдим. Себеби 29-майда Куралдуу күчтөрдүн күнү болчу. Кол башчы катары президентти салтанатка чакырып коюш үчүн баргам. Чай ичкенче даярдыкты айтып, салтанатка чакырдым. Мейли барайын деди, анан ойлонуп туруп:

-Исмаил бир сөз бар,- деп калды.

-Эмне сөз?

-Бул жерде баары эле мени сатып кетти,- деди сөгүнүп. - Бир гана сен саткан жоксуң Коопсуздук кеңешине келип, мага жардам бер. Коргоо министрин жана башкаларын өзүң тейлеп, реформаңы аягына чыгарасың.

Такыр жаман оюм жок, макулдук бердим. Ошондо эле "болду, сени түштөн кийин көрсөтөм" дейт. Эки-үч күн убакыт бериңиз, иш-чараны өткөрөм десем, ынабады. Түштөн кийин Калыевди Коргоо министрлигине көрсөтүп калды, ошондо "ай ата-аа" деп калдым. Катчы болгондон кийин көп жерлерди кыдырдым. Диний тармакты текшерип чыктым. Азыр чуусу басылбай жаткан ТЭЦке барып, энергетика тармагы, Токтогул ГЭСинде суу кетип жатканын, баарын иликтедим. Ширшовду дагы чыкырып, бааларын, бүт баарын сурап баштадык. Энергетика тармагы ушундай коррупцияга чырмалышып калган экен. Кийин Бакиевке келип, Коопсуздук кеңешинде алып чыгалы, карайлы дедим. Бакиев документтериңди таштап кет карап чыгайын деген. Мен Коопсуздук кеңешинин планына киргизип, даярданып алгамын. Кайра кирип, "колдоп коюңуз, Курманбек Салиевич, ушуну карайлы" дедим. "Исмаил муну карабагын, өкмөттүн иши экен, кийгилишпейли" деп, макул болбой койду. Кантип кийгилишпейбиз, коопсуздукка коркунуч келтирип жатат, Курманбек Салиевич! Биз элге убада берип келгенбиз, чекитти коелу. "Жок, өкмөттүн ишине кийлигишпейли" деп туруп алды. Ошондо бир ичим сыйрылды. Андан кийин ГАИ тармагындагы коррупцияны иликтеп баштадык. Конгантиевди чакырып, ушундай экен, реформа кылалы деп сунуштадык. Ал макул болуп, кийин президент дагы макул болуп документ даярдап баштадык. Биринчи күн сайын жыйын өткөрөт эле аппараты менен. Мен дагы катыштым. Ошондо "сен эмнеге ИИМдин ишине кийгилишип жатасың" деди. Сиз менен сүйлөшпөдүк беле. "Жок, ИИМ өзү чечсин". Ушинтип ал дагы ишке ашпады. Анан кийин бизге баласы тууралуу, кантип акча жасап жатканы боюнча толтура документ түштү. Ушул материалдарды чогултуп келсем, биринчи мени кабыл албай, эртеси кабыл алды. Балаңыздын үстүнөн ушундай материалдар түштү, инилериңиз тууралуу материалдар түшүп жатат. Муну жалган болсо далилдер менен жокко чыгарыш керек, болбосо токтотуш керек дедим. Анан ойлонуп туруп, бир убакта:

-Исмаил сен балаңа ишенесиңби?,-деди.

-Ишенем.

-Мен дагы балама ишенем, ал абдан жакшы бала. Мунун баары жалган,-деди.

Мына ошондо мага кандайдыр бир үстүдөн белги берилгендей болду. Ушул секунддардан баштап бул жерде болбогун деген. Анан Досбол Нур уулуна кирдим. Ал мамлекеттик катчы эмес беле. Болбой калды, бул жерден кетели дедим. Ал "мен кетпейм, ушул деңгээлге Бакиев жеткирди, кетсем болбой калат" деди. Арызды жазып, ички саясатыңа жана башкаларыңа каршымын, туура эмес деп, коомчулукка дагы ачык айтып туруп басып кеттим. Ошол бойдон кайра жолукканым жок. Мурунку сөздөрү, убадасы баары тескери чыкты.

Би-Би-Си: Ал эмне болгон документтер эле?

И.Исаков: Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги бар эмес беле, ошонун алдындагы Чүй облусундагы жетекчиси мага документтерди берди. Анда алар кандай акча жасап жатканы боюнча. Эми бул көп маселе. Мунун алдында Кабилованын маселеси чыгып калды. Ошолорду чогултуп кирсем, кечинде кабыл албай койгон. Көрсө, менин сүйлөшүүлөрүм жазылып жатса керек. Инилери жөнүндө көмүскөдөгү мэр, губернаторлор эмне кылып жатканы боюнча материалдар түшкөн.

Көөшөрүп, көгөргөн бир ууч киши "Исаковго боштондук!" талабын эки ай тынымсыз кыйкырып туруп алды.
Image caption 2010-жылы 3-февраль күнү Сопу-Коргон айылында генерал Исмаил Исаковдун боштулушун талап кылган митинг
Эненин аты да Анипа экен.
Image caption Бир топ киши ачкачылык жарыялап, ага генерал Исмаил Исаковдун 85 жаштагы апасы дагы кошулган

Би-Би-Си: Сиз арыз жазып кеткенден кийин анан кылмыш иши козголду?

И.Исаков: Ооба, ошондой болду. Анда оппозиция эки түрдүү эле. Бири радикалдуу - Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Бектур Асановдор эле. Алар бийликти кетирүүнүн бир гана жолу бар - ыңкылап жолу менен кетириш керек дешкен. Болбосо кетпейт дегендер эле. Экинчиси, Текебаев, Сариев, Каптагаевдер өзүнчө болгон. Алар бийликти мыйзамдуу жол менен алмаштырабыз деген көз карашта болушту. Кийин буларды бириктирүүгө жетиштим. 2008-жылы декабрда биз бир нече партия биригип "Бириккен элдик кыймылды" түздүк. Ошондон кийин "Агым" гезитине "Исаков армияны талкалаган, эми президент болгусу келип калыптыр" дегендей маанайдагы макала жарыяланган. Анан Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы аркылуу кылмыш иши козголгону айтылды. Мен ошол аркылуу уктум.

Би-Би-Си: Кыргызстанда эки жолу бийлик элдик толкундоолор арты менен алмашты. Ошол окуяларда өзүңүз дагы активдүү катышып жүргөнсүз. Бирок эки жолу тең бийликке келген оппозициялык күчтөрдүн өзү бири-бири менен келише албай, чакырык, ураандары аткарылбай калганына кандай жооп берет элеңиз? Бул кыргыз саясатына гана мүнөздүү көрүнүш болуп калды окшойт.

И.Исаков: Жеке көз карашымда, биз бир конкреттүү гана маселенин тегерегинде биригип жүргөнбүз.

Би-Би-Си: Бийликти кетириш керек деген элеби?

И.Исаков: Мурункуда Акаевди кетириш керек, бул болбой калды деген саясат. Экинчисинде Бакиевди. Саясатчылардын түрдүү көз карашы, стратегиясы, идеологиясы бар эле. Ошондуктан булардын башы кошулбай, бир гана нерсе менен биригип келдик. Бирок 2010-жылы Убактылуу өкмөттө гана бийликти алмаштырабыз, парламенттик башкарууга өтөбүз, анан бийликти өткөрүп беребиз деген идея болду.

7-апрель Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Би-Би-Си: Эки учурда тең сырттан, чет жерден кийгилишүү болду деп айтылып жүрөт?..

И.Исаков: Ыңкылаптарды эл өзү жасады. Эч кандай кийгилишүү, жардам болгон эмес. Апрель ыңкылабын кыргыздын баатыр жигиттери жасады. Куралы жок чыгып, кийин айласы кеткенде куралдарын тартып алып, каршылык көрсөтүп олтуруп, акыры Бакиев качып кетпедиби. 2010-жылы Убактылуу өкмөт башка тарапты карап жатат, демократиялык өлкө курабыз деп жатышат дегендей, жок кылуу максаты, сырттан кийлигишүү аракеттери болгон. Эми муну айтканда болбой калат. Бакиевдин чыгып кетишине баарыбыз каршы болгонбуз. Бирок Роза Отунбаева башка президенттердин сунушу менен жоопкерчиликти моюнуна алып, чыгарып жиберди. Кийин бул туура кадам болгонун убакыт көрсөттү.

Би-Би-Си: Апрель окуяларынан кийин Кыргызстандын тарыхындагы кайгылуу, капсалаңдуу окуялар орун алып кетти. Бул өзүнчө маселе. Сурайын дегеним, ошол учурда Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өздөрүн кандай алып жүрдү. Ыйлап жиберген, калдастап калган үзөңгүлөштөрүңүз болдубу?

И.Исаков: Чыңалуу, биригүү сезимдери күчтүү болду. Кан менен келди деп, азыр эми көптөр туура эмес нукка бурганга аракет кылып жатпайбы. Биз түрмөдө олтурганбыз, өзүбүз барып басып алган эмеспиз. Бизди түрмөдөн бийликти кулаткан жигиттерибиз чыгарып алды. Бакиев качып кеткенден кийин, бийликти бирөө алып, тартипке салыш керек эле. Ошондон Убактылуу өкмөт түзүлүп, жоопкерчиликти моюнга алганбыз. Майдагы, июндагы окуяларда эч өзүбүздү жоготпой катуу эле турдук. Жыйындарда катуу сөздөр көп эле айтылды. Ыйлап жиберген учур болбоду, бирок көзгө жаш келген учурлар болбой койгон жок. Бул кайра бизди бириктирген. Бийликти мыйзамдуу талаага салып, өткөрүп бергенге жетиштик.

Би-Би-Си: Ынтымактуу болгонбуз деп айтып жатасыз, кийин араңыздардан ырк кеткени көрүнүп калды.

И.Исаков: Ал эми кийин болду. Дагы бир нерсени айтып коюш керек, көп учурда Атамбаев жыйындарга катышкан эмес эле. Биз ага көңүл деле бурган эмеспиз. Кийин кээ бирлери өзүн көрсөткүсү келет экен. Кандай болбосун, Убактылуу өкмөттүн басымдуу көпчүлүгү бири-бирине ишенип, таянып иштеди.

Би-Би-Си: 2010-жылдан бери бийликте келген Социал-демократтар партиясынын ичинен ырк кетти. Мурдакы жана азыркы президенттин ортосундагы тирештин арты эмнеге алып келет? Учурунда сиз экөөнү тең президенттикке колдогондордун арасында болдуңуз эле.

И.Исаков: Саясатчы катары мындай абалга кабатырбыз. Буга эч ким кайдыгер эмес. Президент Жээнбеков өзүнүн айткан сөзүнө туруп, ким болбосун, эгер кылмыш кылса, казынадан жесе күрөшөм дегенин кубаттап турам. Эми партиянын бөлүнүшү жөнүндө. Албетте, КСДП - күчтүү партиянын бири. Тилекке каршы, партия бийликте көп турганда көздөрүн май басып, каалаганын жасап калат экен. Маселен, коммунисттик партия сыяктуу. Азыр эми партиянын катардагы мүчөлөрү тазаланууну талап кылган учур болуп калды. Анткени мурда ар кайсыл партия, ошол эле "Ак Жолдо" жүргөндөрдүн партиянын катарында келишин, ал тургай лидер болушун көрүп калбадыкпы. Анан мурдакы партиянын катарында күрөш жүргүзүп келген мүчөлөрү эмне деши керек. Албетте, бул партия дагы тазалануу жүргүзүп, ошол жол менен кетип жатышат. Эгерде жаңыдан шайланган, тазалануу процессине багытталган адамдар мыкты программа, жакшы идея менен чыкса, КСДП кыргыз элине дагы көп кызмат кылат деген ойдомун.

*

Тектеш темалар