Сагынбек Абдрахманов: Атамбаев келе кой деп эле, КСДПнын мөөрүн бере салбайт

  • Абдыбек Казиев
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Сагынбек Абдрахманов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сагынбек Абдрахманов

"Атамбаевсиз КСДП" кыймылы республикалык курултайын өткөрүп, Сагынбек Абдрахмановду КСДП партиясынын лидери деп шайлады. Жыйында партиянын жаңы саясий кеңеши да түзүлдү. Ошол эле маалда Алмазбек Атамбаевди жактаган партия мүчөлөрү бул кыймылдын өткөргөн жыйынын башынан эле легитимсиз деп четке кагууда.

Би-Би-Си Сагынбек Абдырахмановду кепке тартып, мындан кийинки кадамдарыңыз кандай болот деп сурады.

С. Абдрахманов: Атайын топ иштеп чыккан план боюнча эң алгачкы кадамдарыбыздын бири - бул партиянын аймактык мектептерин ачуу. Биз партиянын жогорку мектебин ачышыбыз керек. Бүгүнкү күндө билимсиз, сапатсыз эле кызматка келип жатышпайбы, айталы депутат болуп дегендей. Биз болсо "депутаттыкка, айылдык кеңештин төрагалыгына же айыл өкмөтүн башкарам десеңиз биздин тиешелүү мектепен өтүңүз" дейбиз. Мурда КПССтин партиялык жогорку мектеби бар эле. Биздики Кыргызстандын жаңы тарыхындагы биринчи партиялык мектеп болуп калат.

Жогорку Кенештеги КСДП фрациясынын лидери Иса Өмүркулов бир ай мурун би-би-Сиге маек куруп, 3-апрелде КСДПнын курултайы өтө турганын айткан.

Би-Би-Си: Курултайда сүйлөп жатып, сиз праймериз тууралуу айтып калдыңыз. Шайлоодогу праймеризди негизинен АКШ колдонуп келе жатканын жакшы билебиз. 2020-жылы боло турган шайлоодо ушундай ыкманы колдонуу мүмкүнбү?

С. Абдрахманов: Албетте, сөзсүз түрдө колдонобуз. КСДПда бул болот

Би-Би-Си: Сиздер ошону баштайсыздарбы?

С. Абдрахманов: Болот. Бул болушу керек. Биз кайсы кызматка гана барбасын билимдүү, илимдүү, сапаттуу талапкер чыксын деген талапты коебуз. Мен жогоруда айткандай, эгерде кимдир бирөө айылдык кеңешке же райондун деңгээлиндеги кызматка бара турган болсо партиянын аймактык бөлүмүн сөзсүз бүтүрүшү керек. Эгер министрликке же парламентке бара турган болсо, милдеттүү түрдө жогорку пртиялык мектепти окушу керек.

Сагынбек Абдрахмановдун маегин толугу менен бул жерден көрүңүз:

Би-Би-Си: 2020-жылы шайлоого катышып, элден кем калбай добуш алып, парламентке келишибиз керек деген мазмундагы билдирүү менен чыктыңыз. Сиздин божомолуңуз боюнча, алдыдагы шайлоого КСДП кандай шартта катышып, ким партияны жетектеп барат?

С. Абдрахманов: Эми кечээ мени төрага кылып шайлап коюшат деп күткөн эмесмин да. Ошондуктан биринчи кадам биз саясий кеңешти чогултуп, чогулган соң азыркы стратегия, багытыбызды белгилейбиз. Биз зор максат коюп жатабыз. Себеби биздин партиябыздан канчалаган аттуу, баштуу кишилер өсүп чыккан соң, биз максатты да ошончолук бийик коюп жатабыз.

Би-Би-Си: Сиздердин кечээки жыйынга илинген ураандардын ката жазылганы да абдан талкууланып жатат. Буга ким күнөлүү, ким жооптуу эле?

С. Абдрахманов: Сиз абдан жакшы суроо бердиңиз. Мен кечирим сурайм. Жоопкерчиликти мен өзүмө алам, бирок аткаруучулардын катасы болуп калды.