Баткендеги эмдөө чыры: вакцинанын сапатында күмөн барбы?

Batken

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткендеги №3-орто мектепте болгон окуяга түшүндүрмө берди. Окуучулардын массалык түрдө ооруканага түшкөнүнө вакцинанын тиешеси жок дейт министрлик.

Орто мектептин 15 окуучусу медициналык эмдөөдөн кийин өздөрүн жаман сезип, ооруканага жатып калганы айтылган эле. Төрт окуучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы учурда ооруканага кайрылган окуучулардын абалы жакшы болуп, бир окуучудан башкасы үйлөрүнө чыгып кетти.

Ооруканага жеткирилген мектеп окуучуларынын ата-энелери окуяны териштирип, анын себептерин ачык айтууну талап кылууда.

"Буга чейин эмдөөнүн алдында ата-энелер менен чогулуш уюштуруп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруп вакцина сайылчу. Бул жолу эч кандай эскертүүсүз уколду берип, балдар жандардыруу бөлүмүнө түштү. Муну тиешелүү органдары териштирип, ким күнөлүү болсо жоопко тартсын",-деди мектеп окуучуларынын бири Асобидин Сулайманов.

Окуяга күбө болгондор эмдөөдөн кийин 15 окуучу эсин жоготуп, колдору тырышып калгандыктан ооруканага жеткирилгенин айтышууда.

Баткен шаарындагы № 3-орто мектептин директору Илва Сатыбалдиева болсо медициналык кызматкерлерден вакцина болот деген кат келгенден кийин эмдөө боюнча алдын ала маалымат ата-энелерге берилгенин белгиледи.

"Кат келгенден тарта ата-энелерге маалымат берилген. Бизде медициналык текшерүү болот деген да дагы ата-энелерге айтабыз. Кичине жуунуп-таранып келгиле дегендей даярдык көрөбүз. Биринчи жолу эмдөө болуп жаткан жок. Буга чейин да болгон. Албетте, ар бир 75 ата-энеге телефон чалып айткан жокпуз".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткендеги окуяда вакцинанын сапаты боюнча маселе жок экенин белгиледи

Мектеп окуучулары кептөөргө каршы эмделген. Кептөөр өпкө, бөйрөк жана жүрөккө таасир эткен жугуштуу илдет. Бактерия аба жана шилекей аркылуу жайылат.

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери Арзыбек Бөрүбаевдин айтымында, 11-16 жаштагы балдар эмдөөдөн өткөрүлгөн. 11 жаштагы 73 бала вакцина алгандан кийин, арасынан 15 окуучу өзүн начар сезип ооруканага кабылган.

Учурда Санитрадык эпидемиологиялык борбору дарыгерлер менен бирге иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

"АКДС вакцинасы буга чейин да берилип келген, бирок мындай окуя катталган эмес. Вакцинанын сактоо мөөнөтү 2020-жылга чейин. Облустун бардык аймактарында АДСМ вакцинасы 11, 16, 26, 36 жаштагыларга календардык пландар менен берилиши керек",-деди Баткендеги Санитрадык эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгери Нурланбек Орозалиев.

Image caption Кыргызстанда диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар көбөйгөнү айтылууда

Өлкөдө вакцинаны сапатына күмөнсүп, диний көз араштан улам эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйүп жатканда Баткендеги окуя көйгөйдү ого бетер татаалдаштыргандай болду. Окумуштуулар эмдөөнүн пайдасы менен артыкчылыктары тууралуу көптөгөн далилдерди сунуштаганына карабастан, вакцинадан баш тарткандардын саны көбөйдү.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткендеги окуяда вакцинанын сапаты боюнча маселе жок экенин белгиледи.

Тектеш темалар