К.Чолпонбаев: 2018-жылы эмдөөдөн баш тарткандар саны 6,5 миң

Кыргызстанда вакцинаны сапатына күмөнсүп, диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйүп жатканда, Баткендеги окуя көйгөйдү ого бетер курчуткандай болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткендеги окуучулардын эмдөөдөн кийин ооруканага түшүп калышын вакцинанын сапатынан эмес деп түшүндүрүүгө аракет кылууда.

Сүрөттүн автордук укугу official

Би-Би-Си Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып, Кыргызстандагы жалпы эмдөөгө байланышкан жагдай тууралуу сурады.

К.Чолпонбаев: Эмдөө боюнча, жугуштуу ооруулардын алдын алуу боюнча Кыргызстанда атайын мыйзам бар. Ошол мыйзамда эмдөө кандай болуш керектиги бүт жазылган. Андан сырткары "Ден-соолук" улуттук программасы, Эне жана баланы коргоо программалары бар. Ошондо негизги приоритеттердин бири - эмдөө маселеси. Биз муну бекер жүргүзөбүз. Жыл сайын өкмөт тарабынан 64 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт. Андан тышкары кээде донорлор көмөк көрсөтөт. Анан эл арасында "жамандын баарын алып келип жатышат" деп, сапатына ишенбеген көз караштар айтылып жүрбөйбү. Такыр андай эмес, биз вакциналарды эл аралык сатып алуучу уюмдар аркылуу алабыз, маселен ЮНИСЕФ аркылуу. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сертификаты менен тастыкталган, профессионалдар келет. Кудайга шүгүр, эми андай деле кесепети же жаман натыйжасы болгон көрүнүштөр деле болгон жок. Эми эмдөөдө вакциналар - дарылардын өзгөчө бир түрү. Ошондуктан балким реакция болуп кетиши мүмкүн да.

Би-Би-Си: Кайсы өлкөлөрдөн келет?

К.Чолпонбаев: Бизге негизинен Европа өлкөлөрүнөн келет. Ошол эле ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдардын эл аралык сертификаттары бар. Бизде анан профилактикалык борбор иштейт. Ошол жерде атайын кампалар бар, вакциналарды сактоо дагы өзүнчө эреже. Алар үчүн муздаткычтар сатып алынган. Ушул жерден анан таратабыз. Мисалы, айылдарга, шаарларга атайын өзүнчө чемодандар алынган, атайын унаалар бар. Ошолор аркылуу таратып, анан жеринен ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы ооруканага атайын муздаткычтарга барып түшөт. Мындайча айтканда, система жакшы түзүлгөн. Жылына бир жарым миллиондон ашуун кишини эмдөөдөн өткөзөбүз. Азыр жалпылап алганда, статистиканы карасак 95 пайызын камтып жатабыз. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Эгемендик жылдарынан берки биздин эң чоң жетишкендигибиз, биздин саясат туура түзүлгөндүгү болду. Ошонун арты менен шал ооруусу бизде кездешпей калды. Андан тышкары азыр Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан безгек илдетине каршы вакцина алып жатабыз. Өз убагында эмдеген үчүн ушул оорулар балдар арасында кезикпей жатат. Биздин атайын календарь бар. Ошого карап 11 жугуштуу илдетке каршы эмдөө жүргүзүлөт.

Image caption Кыргызстанда диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар бар

Би Би Си: Ошону менен бирге эле соңку жылдары анча-мынча эмдөөдөн баш тарткандар дагы бар эмеспи. Алардын негизги жүйөөсү вакцинанын сапатынан күмөн санап жатышпайбы.Чет малекеттерден эскирген, сапаты начар вакцина келип жатат деп. Сиз вакцинанын сапатынан күмөн саноого негиз жок деп ишендирип айта аласызбы?

К.Чолпонбаев: Мен ишендирип айта алам. Мисалы, бизге келген вакциналардын баары жогоруда айтып кеткендей Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан атайын тастыкталаган вакциналар келет. Ошол вакциналарды эл аралык сатып алуучу уюмдар аркылуу алып келебиз. Ошон үчүн бул жерде айтылып жаткан сын-пикирлер негизсиз. Экинчиден, вакциналар деген бул жөн эле чыккан жери жок. Илимдин, практиканын негизинде көп жылдаган илимий изилдөөнүн арты менен жасалган. Эгерде муну окумуштуулар ойлоп таппаганда абдан чоң зыян болмок. Саламаттык сактоо системалары көп ооруларды алдын ала билип, ошонун себептерин алдын ала көрүп, вакциналар жасагандан кийин ошол оорулар күчөбөйт. Эгер бул ойлоп табылбаганда бир дагы саламаттык сактоо системасы, керек болсо өнүккөн өлкөлөрдө дагы туруштук бере алмак эмес. Менимче, бул жогорку медицинадагы эң чоң ачылыштардын бири болду да. Ошондуктан муну эл туура түшүнүшү керек. Анан "халал" деп, бизде дагы ошондой иштер бар. Мисалы, 2017-жыл боюнча мага берген маалыматтарда эмдөөдөн 7,5 миң киши баш тартыптыр. Ошонунун 80% диний көз караштан, калганы сапатына ишенбегендер. Министр кызматында бир жыл иштедим. Башынан эле айткамын, абдан жаман көрүнүш экен, муну колго алып, биринчи кезекте диний лидерлер менен иштегиле деп. Муфтиятка кат жазып, жума намазда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштагыла дедим. 2018-жылга эмдөөдөн баш тарткандар саны 6,5 миң болуп азайды. Түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүшүбүз керек. Эмнеге дегенде, кээде саясат болуп кетип, кээ бирөө сабатсыздыктан улам тескери жарнамаларга ишенип калат. Менин байкоомдо диний лидерлер менен дагы эл чогулган жерлерде айтып тургула деп сүйлөшүп турушубуз керек экен. Айталы, кошунасы кызамыктан эмдөөдөн өтпөсө, элдин баарына жайылтат да. Анан дарыгерлер ушунун баарын жакшылап түшүндүрсө, муну туура кабыл алгандар көп. «Мына көрдүңбү, кичинекей дозаны албай койсоң, балаң канча деген дарыларды ичүүгө аргасыз болду" деп түшүндүрүшөт. Бул жагынан бир топ эле жетишкендиктер бар.

Тектеш темалар