Жээнбеков: Ультиматум тили кабыл алынбайт

Жээнбеков: ультиматум тили кабыл алынбайт Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жээнбеков: ультиматум тили кабыл алынбайт

Жээнбековдун парламенттеги кайрылуусундагы саясий өңүттө илип алар жери, бул - анын "эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт" деген билдирүүсү болду.

Президент бул сөздөрдү кимге багыттады?

"Сөз ээсин табат"

"Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда... Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт. Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат", - деди президент бүгүн Жогорку Кеңеште.

Жээнбековго башкы оппозиция болуп жаткан Алмазбек Атамбаев 7-апрелде Сапар Исаков баштаган, анын абактагы тарапкерлерине калыс сот болбой жатат деп, акыйкат чечимдерди чыгарууга эки ай убакыт берип, болбосо элди массалык митингге чыгарам деп коркутту.

Президенттен ырайым күтүп, ал ою ишке ашпай калгандан кийин абактагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин дагы учурдагы саясий билдирүүлөрү бийликке так түшүнүктүү болбой турат. Атамекенчилер 23-апрелде саясатчынын иши кайра каралып, акталбаса, ири акциялар өткөрүүгө камынып жатышат.

Ага кошумча бозгундагы Өмүрбек Бабанов да Кыргызстанга келерин жар салып, 13-апрелге Бишкектин Жеңиш аянтында миңдеген киши чогултам деп турган чагы.

Ошентсе да учурдагы бийлик үчүн эң негизги "баш оору" бул экс-президент Алмазбек Атамбаев болуп жаткандай.

Маалыматтык согуш

Буга чейин Жээнбековдун басма сөз кызматынын башчысы, анын өкмөт башчы кезинен бери жанында жүргөн жакын адамдарынын бири Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого чейин жана андан кийинки дагы көшөгө артындагы айрым саясий оюндардын бет пардасын ачты.

Стамалиева жазгандай, Атамбаев менен Жээнбековдун пикир келишпестиги инаугурациядан алты күндөн кийин эле башталган. Экс-президент Жээнбековдун тышкы саясаттагы аракеттерине кийлигишип, кол бала кылгысы келгенин, ал ишке ашпай калганда, аны "саткындык" деп баалай баштады, дейт басма сөз өкүлү.

Кызык жери, шайлоо учурунда штабда Жээнбековго карата өгөй сымал мамиле жасалган жана "мындан көрө Сапар Исаковду сүрөсөк болмок" деген сөздөр ачык айтылып турганы да айтылды.

Сапар Исаков демекчи, абактагы экс-өкмөт башчы 9-апрелде саясий билдирүү жасап, коррупция боюнча чулгандуу ЖЭБ кырсыгында Сооронбай Жээнбековдун өзүнө жоопкерчилик жүктөдү.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Экс-премьер министр ЖЭБдеги коррупция үчүн шектелип жатат

"Биз мурунку Жээнбековдун өкмөтүн жаман атты кылган жокпуз. Ал өкмөт 2017-жылдын сентябрына чейин иштеп, кышка карата даярдыктын негизги бөлүгүнүн бүтүрүлүшүн камсыздашы керек болчу", -деп айтылат экс-премьердин билдирүүсүндө.

Ал арада КСДПнын таасирдүү фигураларынын бири Фарид Ниязов Стамалиевага жообун таратты:

"Бул постту мен Сооронбай Шариповичти актоо, коомдук пикирди алар үчүн жагымсыз болуп жаткан чыккынчылык темасынан алаксытуу аракети катары баалайм. Жээнбеков президенттикке потенциалдуу талапкерлер тизмесине 2016-жылдын башында эле киргенин так билем. Ошондуктан аны сүрөө иштери ырааттуу негизде жүргөн".

Ошентип соңку апта бийликтеги Жээнбеков-Атамбаев тирешүүсү курчуган деңгээлге жетти.

"Ашкере саясатташтык"

Жээнбеков бүгүн парламенттеги кайрылуусунда учурда өлкөнүн ашкере саясатташып кеткенин өзү да моюнга алды.

"Акыркы кезде коомубуз ашкере саясатташып, элдин көңүлүн буруу максатында ар кыл саясий топтордун бир катар аракеттери болуп өттү", -деди президент. Бирок ал эч кимдин ысымын атап, же катуу кеткен билдирүүлөрдү жасаган жок.

Андан кийин президент соңку бир жылдагы өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга кеңири токтолду.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Президент Жогорку Кеңеш депутаттары алдында экинки жолу кайрылуу жасады

"Президенттин кайрылуусу анын ыйгарым укуктарына ылайык абдан жөндүү болду. Ал глобалдык контекст, тренддерди жана стратегияны эске алып өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана коомго кийинки кадамдарга багыт бергендей болду. Бирок депутаттар менен өкмөт ошону ошону аңдаштыбы?",- дейт саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков.

Бул Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги экинчи кайрылуусу болду. Президент парламенттен былтыр биринчи жолу сөз сүйлөгөн.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар