Бабановдун тобокел жүрүшү, чыңалган саясий кырдаал

Бабанов Кыргызстанга 13-апрелде келери күтүлүүдө Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Бабанов Кыргызстанга 13-апрелде келери күтүлүүдө

Бабановдун келишин утурлай анын жакындары суракка чакырылып, ал эми эртең Бишкекте жана жер-жерлерде өтчү тынчтык митингдерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бут тосуп жатканы айтылууда.

1,5 жылдан бери бозгунда жүргөн "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жогорудагыдай жагдайларга карабастан, ушул ишембиде тобокелге салып Кыргызстанга келе жатат.

Беш сааттык сурак

Мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун бир тууган жээни делген, "Кыргызстан" банкынын директорлор кеңешинин төрага орун басары Жаныбек Мырзабаевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы бүгүн дагы суракка чакырды.

Кечээ Мырзабаев ушул эле мекемеде беш саат бою сурак берген.

"Эки кылмыш иши козголгон (ред. Бабановго) экен. Мен ошолордун негизигинде күбө катары сурады. Беш саат суракта болдум. Кылмыш иштин деталдарын айтпоо боюнча тил кат алды. Чоо-жайын айта албайм. Эми тергөөчү кайра суракка чакырып атат, ошону эле айта алам деди ", - деди Өмүрбек Бабановдун тууганы Жаныбек Мырзабаев.

Ал суракка чакыруу Бабанов Бишкекке билет алдым дегенден кийин келгенин айтып жатат.

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго "Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакырык таштаган", "Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козуткан" деген айыптар менен кылмыш иш козголгон эле.

Митингдерге чектөө салынды

Ал арада Бишкек шаардык мэриясы Бабановдун тарапкерлерине 13-апрелге белгиленген митингди Бишкектин эски аянтында эмес, Горький гүлбагында өткөрүүнү сунуштады. Эски аянтта ден-соолук акциясын өткөрүү пландалган деп жатышат.

Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мэриясынын бул тууралуу арызын канааттандырып, Өмүрбек Бабановду тосуп алууга арналып, эски аянтта өткөрүлө турган митингге тыюу салган чечим чыгарды.

Ал эми Таласта мэрия "Республика" партиясына борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салды.

" Эгемендик жылдарынан бери Таласта канча иш-чара өтпөдү, шайлоо болот, жолугушуулар, салтанаттуу иш-чаралардын бардыгы облустук администрациянын жанында аянтта өтүп келген. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин убагында да бир да жолу "бул жерде болбойт, баргыла футбол стадионуна өткөзгүлө" деген маселе болгон эмес", -дейт парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын өкүлү Кенжебек Бокоев.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин убагында да мындай болгон эмес"

Жергиликтүү бийлик ишембиде АРИС уюму жергиликтүү фермерлерге аянтта техника тапшырыларын жүйөө келтирип жатат.

Ал арада Бишкекке Нарындан келген Бабановдун тарапкерлери да бүгүн басма сөз жыйын өткөрүп, бийлик "Республика" партиясынын лидеринин келишин жана эл менен жолугушуусуна бут тосуп жатканын айтышты.

"2017-жылы президенттикке шайлоо кандай өткөнүн бардыгыбыз билебиз. Атамбаевдин админстративдик ресурсу аябай катуу иштеген. Бизнесмендерди ресурсу да жакшы иштеп, мамлекеттик машина Акаевдин, Бакиевдин убагынан да катуу иштеп, шайлоо өткөн. Бул нерсени Атамбаев өзү мойнуна алып, азыркы президенттикке мен алып келгенмин деп айтып жатат",- деди Жумакадыр уулу Эркинбек.

Бабановдун тарапкерлери саясатчы шайлоодон кийинки бийликтин талабын аткарып 1,5 жыл сыртта жүрдү, эми өлкөгө келип, анын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкусу гана келип жатат дешет.

"Бабановдун шоусу"

Саясатчы, мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун, Бабанов өзүнүн Кыргызстанга келишин ашкере шоулап жатат деген пикирде:

"Бийликке каршы күчтөр көтөрүлө баштаганда чыгып атат да. Мына мен дагы чыгам, болбосо ошолорго кошулуп кетем деген маанайда болуп атат. Ал үчүн азыр абдан ыңгайы келип атпайбы. Кыянаттык, митаамдык кылып келгенге аракет кылып атат. Келсе мурда эле келбейби?".

Бүгүн КСДП Бабанов тууралуу билдирүү таратып, анда эртеңке белгиленген Бабановдун митингисинде чагымды бийлик гана жасай алат деп айтылат. Атамбаев башында турган Социал-демократтар партиясы бийлик Бабановдун кайтып келишинен чочулап турат, себеби ал ал өткөн президенттик шайлоодо 600 миң шайлоочунун ишенимине татыган деди.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption КСДП Бабановго байланыштуу билдирүү таратты

Аймактардагы тынчтык митингилерине бут тосуу Ак үйдүн макулдугу менен жасалып жатат, Атамбаев Бабановдун митингисинде чагымга барат деген айың кептер дагы Ак үйдөн чыгууда, делет билдирүүдө.

7-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев Сапар Исаков баштаган, анын абактагы тарапкерлерине калыс сот болбой жатат деп, акыйкат чечимдерди чыгарууга эки ай убакыт берип, болбосо элди массалык митингге чыгарам деп коркуткан.

Бирок президент кечээ эч кандай ультиматум тили кабыл алынбарын, элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат деп айтты.

Бабанов кыргызстандагы эң бай адамдардын бири катары таанымал, соңку президенттик шайлоодо Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Аны Чүй менен Таластагы электораттын көпчүлүгү колдогону белгилүү.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар