Кыйноо: доомат көп, аракет жетишсиз

"Кыргызстанда милиция бөлүмүнө түшкөн ар бир үчүнчү адам кыйноолорго тушугат" Сүрөттүн автордук укугу JOOMART URAIMOV
Image caption "Кыргызстанда милиция бөлүмүнө түшкөн ар бир үчүнчү адам кыйноолорго тушугат"

Кыргызстанда кыйноолорго кабылган жарандын кенемте өндүрүү арызын сот карап баштады. Жабырлануучу Анарбек уулу Эсенбек мурда болуп көрбөгөн рекорддук сумманы - 10 миллион сом талап кылууда.

Жалал-Абад облусунун тургуну Анарбек улуу Эсенбекти 2015-жылы милиция "уурулук кылды" деген шек менен кармап, кыйнаганы үч жылдан кийин Жогорку Сотто далилденди.

10 сааттык кыйноо

"Келтирилген моралдык жана материалдык зыянды төлөтүү максатында кардарым доо арыз менен сотко кайрылган. Моралдык зыян 10 миллион сомго, материалдык зыян 91 миң 799 сомго өлчөнгөн",-деди жабырлануучунун адвокаты Сардор Абдухалилов Би-Би-Сиге.

Анарбек улуу Эсенбекти ур-токмокко алган Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкерине кылмыш иши козголуп, 2017-жылы облустук соттун чечими менен сегиз жылдан эркинен ажыратылган. Жогорку инстанция бул өкүмдү күчүндө калтырды.

21 жаштагы Эсенбектин башына желим баштык, противогаз кийгизип муунтушуп, милициянын союлу менен тизе, томук, бөйрөктөрүн мээлеп ургулаганы айтылып жатат. 10 саатка созулган кыйноодо жабырлануучу бир нече ирээт эстен танган.

Зөөкүрлүк ыкмасы

Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалициянын маалыматы боюнча 2016-2018-жылдары кыйноого кабылганын айтып 1 миң 140 киши кайрылган. Анын ичинен 1 миң 76 киши же 94,4 пайызы ИИМ өкүлдөрүнө каршы арызданган.

"Жарандарды мыйзамсыз түрдө кармап, ур-тепкиге алып, кылмыш ишин козгой коюу практикасы токтобой атат. Өкмөт башканы айтса, жер-жерлердеги милиция баягы эле ыкмалар менен иштеп атат. Мисалы, "процентовка" деген бар, ал кылмыштардын бетин ачуудагы критерий болуп атат. Бир жылдары аны алып салышып, концептуалдуу өзгөртүү болот дешкен. Мына эми азыр сураштырсак, мурунку эле кейпине келишиптир",- деди "Юристтер адам укугу үчүн" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асел Койлубаева Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Асель Койлубаева, укук коргоочу

Укук коргоочу 2017-жылы жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, Кыргызстанда милиция бөлүмүнө түшкөн ар бир үчүнчү адам кыйноолорго тушугат деди.

Соңку жылдары күч органдарын реформалоо боюнча эл аралык уюмдардын каржылоосунда бир катар чоң долбоорлор ишке ашса дагы, тартип сакчылары арасында мажбурлап күнөөнү моюнга алдыруу тажрыйбасы жоюла элек.

Ал арада кыйноолор айрым бейкүнөө адамдардын ден-соолугун эле эмес, тагдырларын кошо талкалоодо.

"Кыйноо кадыресе көрүнүшкө айланды"

Кыргызстанда кыйноолор үчүн кенемте өндүрүү арызын канаттандырган соңку сот өкүмү былтыр чыккан.

16-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кыргыз өкмөтүн "милициянын зомбулугунан улам каза болду" делген Турдубек Акматовдун жакындарына моралдык чыгым үчүн 200 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.

2005-жылы эле каза болгон маркумдун жакындары 13 жыл бою акыйкаттык издешкен.

Ал тургай БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылышып, ал "мамлекет маркумдун жакындарына моралдык чыгымын төлөп бериши керек" деген сунушун берген.

Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES
Image caption Кыргызстан 1997-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясына кошулган.

Кыргызстан кыйноого каршы бардык эл аралык документтерге кол койгон. Бирок андагы шарттарды аткарбай келе жатканы айтылууда.

Өзгөчө 2016-жылы Баш мыйзамга кирген олуттуу өзгөртүүлөр кыйноолорго каршы күрөштү басаңдатты, дейт укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова.

"Референдум аркылуу талкаланды да. Кыйноолорду териштирүү Баш прокуратурадан УКМКга өткөрүлдү. Эми элестетсеңиз, кыйноого тушуккан адамдын тагдырын анын жакындары кантип жабык институттан иликтейт. Иликтей албайт да. Ошондуктан кыйноолорго каршы күрөш натыйжалуу болбой атат ", -дейт Исмаилова.

Хьюман Райтс Вотч эл аралык укук коргоо уюмунун быйылкы дүйнөлүк баяндамасында Кыргызстанда кыйноолор мурункудай эле кадыресе көрүнүш катары калып жатканына тынчсыздануу билдирилет.

Кыйноолор боюнча арыздардын негизинде кылмыш иштери чанда гана козголуп, козголсо да соттук процессер көпкө созулуп, жыйынтыгы жок болуп жатканы айтылат. Укук коргоо уюму былтыр Кыргызстанга БУУнун Кыйноолордун алдын алуу боюнча комитет өкүлдөрү келип, алардын кыйноолорду алдын алуу боюнча сунуштары аткарылбай жатканын айтышканын да кошумчалай кеткен.

Тектеш темалар