Текебаевди актоонун, Жапаровдун ишин тактоонун убагы

23-апрелде Жогорку Сот Текебаевдин ишин кайра карайт Сүрөттүн автордук укугу PHOTO BY NEZIR ALIYEV/ANADOLU AGENCY/GETTY IMAGES
Image caption 23-апрелде Жогорку Сот Текебаевдин ишин кайра карайт

Кыргызстандын баш прокурору жаңы ачылган жагдайлар боюнча абактагы "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайрадан карап чыгууга даяр экенин билдирди. Бирок түрмөдөгү дагы бир экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин кайра кароого негиз жок деди.

23-апрелде Жогорку Сот бул эки саясатчынын ишин кайра карамакчы болууда.

"Текебаев акталышы мүмкүн"

Өткүрбек Жамшитов баш прокурор катары бүгүн парламентте биринчи жолу отчетун берди.

Депутат Сайдулла Нышанов Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча "Ата Мекен" фракциясында далил бар экенин айтып, баш прокурдон көмөк сурады.

"Бул маселе коомчулукта талкууланып жатат. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш Жогорку сотко берилген. Башынан карап чыгып, мыйзам чегинде жардам берүүгө даярбыз", - деди Өткүрбек Жамшитов.

"Адилет" укуктук клиникасынын юристтери абактагы "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев жатак абакка быйыл мартта эле которуулуга укуктуу болчу дешип, буга чейин Жогорку Сотко кайрылышкан.

Алардын жүйөсүндө, ЖАМК Өмүрбек Текебаевдин жаза мөөнөтүн эсептегенде, саясатчыга карата эки жыл сегиз айлык мунапыс мөөнөтүн эсепке албай жатат.

Текебаевдин маселесинде Жогорку Сот жаза мөөнөтүн эле кыскартпай, жаңы ачылган жагдайларды эске алуу менен саясатчыны, балким, толук актап коюш мүмкүн, дейт саясат талдоочу Марс Сариев.

"Жапаровдун ишинде жаңы ачылган жагдай жок"

Жогорку Кеңеште баш прокурордун отчету маалында депутат Зиядин Жамалдинов камактагы Садыр Жапаровдун да маселесин көтөрдү:

"Жаңы ачылган жагдайлар боюнча деп эки жолу кайрылдык эле. Прокуратура тарабынан бул эмнегедир колдоого алынбай жатат. Жабырлануучу Каптагаев өзү анын тиешеси жок деп атат. Райондук жана шаардык инстанциядагы прокуратурадан колдоо болбой жатат".

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Садыр Жапаровдун жактоочулары сот алдында

Өткүрбек Жамшитов Жапаровдун жактоочулары бул маселеде жаңы кодекстер боюнча Жогорку Сотко тикелей кайрылуу мүмкүндүгү бар экенин белгиледи.

Бирок баш прокурор алардын жүйөлөрүн жаңы ачылган жагдай деп эсептебейт:

"Жаңы ачылган жагдайлар бул - соттук териштирүү маалында каралбаган маселелер. Соттук териштирүулөрдө (ред. Жапаровдун сотунда) бардык жагдайлар каралган, такталган. Ошондуктан алардын бүгүнкү күнү келтирген дооматтары жаңы ачылган жагдай болуп эсептелинбейт деген чечимге келип жатабыз".

Абактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 9-мартта апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган учурда, элдин алдында сүйлөп жатып, Кыргызстанда адилеттик орноп келатканына ишене баштаганын билдирген эле.

Астейдил саясат

Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдөгү Каракол шаарында "Кумтөргө" каршы митингди уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алганга катышы бар деген айыптын негизинде камалып, 11 жыл, алты айга кесилген.

Ал эми "Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаев орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, 2017-жылдын февраль айынын аягында камакка алынган. Сот Текебаевди күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган эле.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда соттолгон эки саясатчы тең өздөрүнө коюлган күнөөнү четке кагып, аны жалган жалаа жана саясий куугунтук деп келишет. Анда эмнеге бийлик экөөнө бирдей лоялдуулук көрсөтпөй коюушу мүмкүн деген суроо жаралат.

Сүрөттүн автордук укугу KNEWS.KG
Image caption Саясат талдоочу Марс Сариев

"Текебавдин маселеси оңунан чечилет деп күтүм атам, жөн эле мунапыс эмес, жаңы ачылган жагдайлар боюнча акталат. Бирок азыркы бийлик Жапаровду да чыгарса, кандай болот. Аныкы Кумтөргө байланыштуу маселе да. Аны да актаса, анын позициясы туура чыккан болот дагы, Кумтөр менен туура эмес келишим болгон делип, тарапкерлери чыгып, чатак болуп кетет. Учурда Кумтөр бюджетти толтуруп жатпайбы", -дейт талдоочу Марс Сариев.

Саясий серепчи учурда өлкөдө экс-президент менен азыркы президенттин ортосунда тиреш тереңдеп, саясий кырдаал курчуп бараткандыктан бийлик астейдил саясат жүргүзүп, Текебаев менен буга чейин көшөгө артында болгон макулдашуу, убадаларды алган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Экс-президенттин тушунда, 2017-жылы президенттик шайлоону утурлай отуз чакты саясатчы саясий талааны тазалоо үчүн куугунтукка алынганы айтылып келет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар