Суталиновдун суранычы "суу кечеби"?

Өзүн жаш саясатчы атап келе жаткан Мелис Аспеков, саналуу ай мурун фейсбук баракчасына билдирүү жарыялады. Анда ал Суталиновду түрмөдө өз көзү менен көргөнүн, ал оорумак турсун оор атлеттер көтөрө турган штанга менен машыкканына күбө экенин жазган
Image caption Өзүн жаш саясатчы атап келе жаткан Мелис Аспеков, саналуу ай мурун фейсбук баракчасына билдирүү жарыялады. Анда ал Суталиновду түрмөдө өз көзү менен көргөнүн, ал оорумак турсун оор атлеттер көтөрө турган штанга менен машыкканына күбө экенин жазган

Тогуз жыл мурдакы апрель окуялары боюнча 20 жылга соттолгон УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду айыкпас оорусуна байланыштуу абактан бошотуу маселеси сотто каралып жатканына бир топ убакыт болду.

Ал убагында адам өлтүрүү, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу деген беренелер боюнча соттолгон. Убагында бул чечимди Жогорку Сот да колдогон. Бирок ушул эле өкүмдүн күмөндүү жактары бар деп сынга алгандар жок эмес.

Сүрөттүн автордук укугу facebook\aisuluu berikova
Image caption Мурат Суталинов

Азыркы сот иштери Суталиновдун ден-соолугуна байланыштуу абактан бошотуу маселеси боюнча жүрүп жатат.

"Сот Суталиновду оорусуна байланыштуу чыгарууга милдеттүү. Бирок алар бул биздин милдет эмес, бул биздин укук деп жатат. Милдет менен укукту ким кандай түшүнөөрү бул иште негизги маселе болуп калды. Бул жерде Суталинов кандай адам, кылмышкерби же жокпу, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун кишисиби деген сөз жок. Бул жерде оорууга кабылды, баары мыйзамга төп келип турат. Ал чыгышы керек. Ушул сөздү эч ким айтпай жатат. Балким, айтууга сабаты да жетпей жаткандыр? Мыйзам, беренелер төп келген соң чыгарсын деген эле талап. Дарыгерлер тобунун атайын медициналык бүтүмү чыккан. Суталинов рак илдетине кабылган",- дейт мурдагы баш прокурор Эльмурза Сатыбалдиев.

Ал ошондой эле Суталиновдон такай кабар алып турган жакын санаалашы катары анын саламатыгы чындап начар экенине өзү да күбө экенин кошумчалады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 7-апрель. 2010-жыл. Бишкек шаары

Бул тема соңку айларда улам-улам талкууга жем таштап келе жатат. Өзүн жаш саясатчы атап келе жаткан Мелис Аспеков саналуу ай мурун фейсбук баракчасына билдирүү жарыялады. Анда ал Суталиновду түрмөдө өз көзү менен көргөнүн, ал оорумак турсун, оор атлеттер көтөрө турган штанга менен машыкканына күбө экенин жазган. Бул талкуу баштагыдан да кызыткан эле.

Сүрөттүн автордук укугу Screenshot
Image caption Мелис Аспеков 2018-жылы 28-декабрда жазган пост

Би-Би-Си Аспековго байланышканда ал чындап эле убагында Суталиновду көрүп таң калганын дагы бир жолу ырастады. Бирок андан бери бир нече жыл өткөн соң, балким, Мурат Суталинов дарыгерлер тастыктагандай чындап эле ооруп калды го деген божомолун айтты.

Владимир Путинге кайрылуунун чоо-жайы...

Суталиновдун аялы Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга келген учурда анын өзүнө маалымат каражаттары аркылуу да кайрылуу жарыялады.

"Айрым журналисттер "Жан дүйнөнүн кыйкырыгы" деп жазышты. Менде ушундай муктаждык болду. Себеби буга чейин биздин президентке кайрылып, жооп ала алган жокмун. Мурун менин жолдошум УКМК төрагасы болгон. Путин да убагында бул тармакта ишетегенин эске алып мен ага офицер катары кайрылгым келди. Андан жардам бер деп суранган жокмун. Тек гана офицер катары үн катабы дедим",- дейт Гульнара Суталинова.

Image caption Гүлжан Солгунбаева маркум жолдошунун эстелиги алдында

Жаза аткаруу кызматы да Суталинов ооруп жатканын четке каккан жок.

"Суталинов учурда 47-жаза аткаруу жайында жазасын өтөп жатат. Бул жер атайын оорукана болуп эсептелинет. Бир нече бөлүмдөрү иштейт. Суталиновго күндүр-түндүр дарыгерлер көз салып турат. Бул жерде камералар, темир эшик дегидей абак жайындай эмес. Кадимки оорукана. Бирок ал онкологиялык ооруга кабылгандыктан маал-маалы менен онкология борборуна которулуп, дарыланып келип турат",- дейт Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатар кызы.

Апрель окуясынан кийин М. Суталинов, Э. Сатыбалдиев сыяктуу бир нече киши жазага тартылган. Бирок негизги күнөөкөр катары аталган Курманбек, Жаныш Бакиевдер, мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнөв Кыргызстандан чыгып кеткен бойдон кыргыз бийлигинин колуна түшө элек.

Тема боюнча башка макалалар