"ВСП+": Кыргызстан үзүрүн көрүп жатабы?

Кыргыз өкмөтү быйыл жалпы экспорттун көлөмүн 2 миллиард долларга чейин жекирүүгө белсенүүдө. Өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге гана эмес, Европага ташуу мүмкүнчүлүгү дагы чоң.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2015-жылы алтынды эсепке албаганда, экспорттолгон товарлардын көлөмү 50 млн доллар болсо, 2018-жылы 95 млн долларга жеткен

Кыргызстан үч жыл мурун Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен "ВСП+" же жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алган жалгыз өлкө болгон. Бирок ошол мүмкүнчүлүктү колдонуп жатабы?

"Ачык айтканда толук кандуу пайдалана албай жатабыз. Бул боюнча өткөн жылы Пакистандан атайын эксперттер келип, бизнесмендер менен тажрыйба бөлүшүп кетишти. Учурда жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу уруксатын мыкты өздөштүрүп кеткен Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн кеңеш алып, ишти алдыга жылдырууга аракетин көрүп жатабыз",- дейт Экономика министрлигинин өкүлү Аскат Беков.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстан 2016-жылдан тартып жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алган

Бирок "ВСП+" макамы менен иш алып баргандан тарта Европага болгон экспорт эки эсеге көбөйдү деген өкмөттүн билдирүүлөрү байма-бай чыгып келет.

2015-жылы алтынды эсепке албаганда, экспорттолгон товарлардын көлөмү 50 млн доллар болсо, 2018-жылы 95 млн долларга жеткен. Бирок адистердин баасында, бул көрсөткүч өтө эле аз.

"ЕБ берген "ВСП+" биздин ишкерлер үчүн кызыктуу болуп, жыйынтыгы мыкты болот деп үмүттөнөбүз. Бирок үч жылдан бери чоң деле ийгиликке жетише алган жокпуз. Мунун 5-7 пайызын гана колдонуп жатабыз. Маселен, Бангладеш, Шри-Ланка, Пакистан өлкөлөрү мындай мүмкүнчүлүктү жакшы пайдаланып кетти. Бангладештин жеңил өнөр-жай продукцияларынын 90 пайызы Европага экспорттолот",-деди Бизнес биримдиги улуттук альянсынын жетекчиси Улук Кыдырбаев.

Негизги себептер

"ВСП+" менен Кыргызстан ийгиликтүү иш алып барып кете албай жатканынын бир топ себептери бар. Эң негизгилеринин бири - сертификациялоо, өлкөдө эл аралык деңгээлдеги лабораториялардын жоктугунан ишкерлер товарларынын сапатын тастыкташ үчүн коңшу өлкөлөрдөн текшертүүгө аргасыз болушат.

Мындан сырткары логистикалык борборлор жетишсиз. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда талапка жооп берген 11 гана логистикалык борбор иштейт. Ошондой эле ишкерлер арасында "ВСП+" боюнча толук кандуу маалыматтын жоктугу дагы негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон кала берди.

Сүрөттүн автордук укугу SEBASTIEN SALOM-GOMIS
Image caption Кыргыз өкмөтү быйыл жалпы экспорттун көлөмүн 2 миллиард долларга чейин жекирүүгө белсенүүдө

"Европага болгон экспортту жогорулатабыз десек, өкмөт менен ишкерлер бирдиктүү иш алып баруусу керек. Бизде экспортту колдоо боюнча агенттик бар эмеспи. Бирок ал жерде болгону беш киши отурат. Беш киши эмнени чечет? Ошол жерде мыкты даярдалган кеминде жыйырма адис отуруп, ишкерлерге бардык маселе боюнча кеңеш берип турса жылыш болмок",- деди Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Мусуралиев.

Кыргызстанда жалпысынан 11 миң товардык позиция бар. Алардын 6200 түрү гана "ВСП+" макамынын негизинде бажы төлөмдөрүнөн бошотулган. Товарлардын көпчүлүгү Британия, Белгия, Германия, Литва сыяктуу мамлекеттерге жиберилет. Экспортко негизинен айыл- чарба продукциялары, козу карын, төө буурчак, жашылча-жемиштер, кургатылган жемиштер, жаңгак жөнөтүлөт. Ошондой эле Европа Биримдигине булгары, кездеме, текстил жана жүндөн жасалган буюмдар, тамеки, авиакеросин, айыл чарба шаймандары, пахта кетет. Эт-сүт, алкоголдук жана алкоголдук эмес суусундуктар дагы экспорттолот.

Тектеш темалар