Паспорт коррупциясын иликтөө: далилдер барбы?

  • Венера Алымкул кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча сынак жараксыз болгонун билдирди. Ага тендерде мыйзам бузуу болду деп текшерүүлөр башталгандан кийин, сынактан жеңип алган компания менен келишимге кол коюу мөөнөтү өтүп кеткени себеп болду.

Сүрөттүн булагы, Scott Peterson

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Электрондук паспорт

УКМК бир күн мурда бул ишке шектүү катары Мамлекеттик каттоо кызматынын бакандай үч өкүлүн кармады.

Биометрикалык паспорттун бланктарын даярдоо боюнча тендер былтыр октябрда жарыяланып, беш ишкананын сунушу каралган. Тапшырган документтери квалификациялык талапка ылайык келбегендиги жана толук болбогондугу үчүн Veridos, Muhlbauer ишканалары жана "Банкнот фабрикасы" сынактан четтетилген. Жыйынтыгында литвалык "Гарсу пасаулис" ишканасы жеңүүчү болгон. Эми бул тендердин жыйынтыгы жараксыз болду.

"Сынактан жеңип чыккан ишкана менен кол коюу мөөнөтү 2-апрелде аяктады. Жеңүүчү табылган "Гарсу пасаулис" ишканасы менен келишимге кол коюлган жок. "Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө" мыйзамга ылайык, келишим жоктугуна байланыштуу тендер өткөн жок деп табылды. Жаңы муундагы биометрикалык паспорттун бланктары алынган жок. Мамлекеттин казынасынан "Гарсу пасаулис" ишканасына эч кандай каражат төлөнгөн эмес. Андыктан экономикалык зыян келтирилгендиги тууралуу айтуу кыйын",- деди Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз өкүлү Элзат Кыдырмышева.

Бакандай үч мамлекеттик кызматкер камалды

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Биометрикалык паспорттун бланктарын даярдоо боюнча тендер былтыр октябрда жарыяланган

Сынактын жыйынтыгына нааразы болгон эки ишкана арызданган. Аны иликтеген мекеме аралык комиссия сынак өткөрүүдө мыйзам бузуу болгон эмес деген тыянак чыгарган. УКМК болсо бул иш боюнча, бир күн мурда тендердик комиссиянын төрагасы Руслан Сарыбаевди, статс-катчы Данияр Бакчиевди жана "Инфокомдун" башчысы Талант Абдуллаевди кармады. Алар тендер өткөрүүдө кайсы бир ишкананын кызыкчылыгын көздөгөн деп шектелүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматы өз кезегинде Руслан Сарыбаев мыйзам бузган эмес деп жатат. Данияр Бакчиев менен "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев комиссиянын курамында жок болгон экен.

Башкы прокурор парламенттин жалпы жыйынында отчет берип жатканда бул маселе дагы көтөрүлдү.

Депутат Рыскелди Момбеков үч мамлекеттик кызматкердин кармалышы канчалык мыйзамдуу деген суроону узатты.

"Тергөөчү өз алдынча иш алып барат. Эгер кишини эки суткага кармайм десе, ал анын укугу. Ал чечимди өз атынан кабыл алат. Эгер далилдер жетиштүү болсо, кылмышка шектүү катары үчөөнө тең кабар беребиз. Андай болбосо, камактан чыгаруу боюнча мыйзам талабына ылайык укугубузду колдонобуз",- деп жооп кайтарды баш прокурор.

"Кылмыш иши фактынын негизинде козголгон"

Өткүрбек Жамшитов болсо кылмыш иши фактынын негизинде козголгонун жүйөө тартты. Бирок Рыскелди Момбеков бул иште бюджет эч кандай зыян тарткан жок деп баса белгиледи.

"Мүмкүн ошолордун оюнда бардыр, батыраак байып кетсем деген. Бирок көз салганы менен кол салышкан жок да. Алар күнөөсү үчүн эмес, мүдөөсү үчүн камакта отурат. Сулууларга суктанууга акым бар деп, көчөдө кетип бара жаткан эркектердин бардыгын тең оюң жаман экен деп камай берсеңер, анда эркек калбай калат го",- деди депутат.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

УКМК бир күн мурда Мамлекеттик каттоо кызматынын бакандай үч өкүлүн кармады

Бул камоолорго бир катар укук коргоочулар да каршы чыгып жатышат. Алар паспорт маселесинде УКМКнын өзүнүн кызыкчылыгы бар деген пикирде.

"Паспорттун шылтоосу менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин тизгинин тартып коюуну көздөп жатышат. Анткени, быйыл санариптештирүү жылы болгондуктан бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, ири суммадагы каражат бөлүнүүдө. Андыктан биздин кожоюн УКМК, алар менен кеңешип иш алып баралы деп туруу үчүн бул камоолор керек болду",- деди Рита Карасартова.

Мамлекеттик каттоо кызматы өткөргөн тендерлер жөнүндө маселе биринчи жолу чыгып жаткан жок. Мындан эки жыл мурун, бул мекеменин мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев вице-премьер-министр кезинде тендерден утулган ишкананын кызыкчылыгы үчүн тапшырма берген деп айыпталган эле.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү басып чыгарууга жарыяланган тендерге эки компания катышып, бирок Мамлекеттик каттоо кызматы жеңген компания менен келишим түзбөстөн, тендерден утулган компаниядан 40 миң нуска бланкты сатып алганы ашкере болгон.